Бөлүнгөн Европа жана анын туңгуюкка карай бет алуусу
Бүгүнкү күндө Европа өзүнүн тарыхындагы эң оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Ал өткөн доорлорго, дүйнөнү башкарган мезгилине куса болуп, ошол эле учурда ички жана тышкы соккулар астында кыйроого карай бет алууда. Бул кырдаалды Европанын биримдигин жактаган эң маанилүү мамлекеттердин бири – Франциянын расмий билдирүүлөрү тастыктайт. 2025-жылдын 20-январында Франциянын премьер-министри Франсуа Байру «Трамп Ак Үйгө кайтып келгенден кийин Франция менен Европаны «жок болуу» коркунучу күтүп турат» деп жарыялады. Белгилүү болгондой, Трамптын биринчи бийлик мөөнөтүндө Европа-Америка мамилелери чыңалган абалда болгон.
Бул чыңалууга негизинен эки себеп бар:
- НАТО өлкөлөрүн өзүнүн коргонуу бюджетине ички дүң өндүрүштүн 2%ын бөлүүгө мажбурлоо.
- Салык тарифтери, соода кызыкчылыктарын тең салмактоо жана төлөм балансынын тартыштыгы.
Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү Европа үчүн негизги маселеге айланууда:
- Россия-Украина согушу жана анын Европага тийгизген кесепеттери;
- Трамп НАТО уюмунан чыгуу менен коркутууда. Ошондой эле, Европанын коопсуздук жана коргонуу жааты коркунучта. Айрыкча, Россия тышкы коркунуч катары сакталып калууда;
- АКШ менен соода мамилелеринин кайрадан талкууланышы, соода согуштары жана тарифтердин жогорулашы. Ошондой эле Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышынын кесепеттери;
- Трамптын Гренландия аралын сатып алуу сунушу, Европанын карталарын өзгөртүү аракети жана Арктика аймагындагы коопсуздук маселелери;
- Экономикалык алсыздык, карыздардын өсүшү, айрым америкалык компаниялардын Европадан чыгып кетиши, Орусиянын газ экспорту азайгандан кийин күйүүчү майдын кымбатташы жана АКШ санкцияларынан улам коркунучтар;
- Европадагы оңчул саясий күчтөрдүн өсүшү, айрым мамлекеттерде бийликке келиши жана алардын Трамптын саясаты менен үндөш болушу;
- “Politico” журналы: «Реалити-шоу жылдызынын Вашингтонго кайтып келиши трансатлантикалык мамилелер үчүн гана эмес, Европа биримдигинин ынтымагына чоң коркунуч. Трамптын европа өлкөлөрүнө каршы салыктык чараларды киргизиши жана НАТОго болгон каржылык талаптары бул жараянды тездетет» деп жазды.
Бул пункттар Европа Биримдигинин келечегин жана анын эң олуттуу жана кооптуу маселелерин түшүнүүгө чоң маани берет. Мындан тышкары, уюм ичинде башка оор көйгөйлөр жана чоң ажырымдар да бар. Алардын ичинде:
- Кытай жана Россия менен болгон мамилелер;
- Эки тараптуу коргонуу келишимдери;
- Айрым европалык өлкөлөргө АКШнын таасири;
- Кээ бир партиялар менен институттардын АКШ менен байланышы;
- Саясий жана аскердик пикир биримдигинин жоктугу;
Бул маселелердин ар бири өз алдынча кеңири жана терең изилдөөнү талап кылат. Бирок биз азыркы учурда эң маанилүү эки көйгөйгө басым жасайбыз:
- Вашингтондун учурдагы саясаты жана анын Европага таасири.
- Европа Биримдигинин ичиндеги ажырымдар жана ички кризистер.
Вашингтондогу башкаруу жана анын Европага болгон мамилесине келсек, белгилүү бельгиялык саясатчы Ги Верхофстадт “New Atlantic” сайтына берген маегинде: «Европалыктар ар дайым Америка алар тарапта турат деп ойлошкон. Бирок бул кырдаал Трамптын келиши менен түп-тамырынан бери өзгөрдү», – деп билдирген. Ал ошондой эле Британиянын Евробиримдиктен чыгуу келишимдерин талкуулоо үчүн Европа Парламентинин өкүлү болуп турганда: «Тарыхта биринчи жолу бир америкалык президент Европа Биримдигинин кыйрашын каалап жатат», – деп белгилеген.
Европа Кеңешинин мурдагы президенти Дональд Туск да Европа мамлекет башчыларына жолдогон катында: «Трамп башкарган Америка бүгүн Россия жана Кытай сыяктуу Европага коркунуч жаратуучу күчтөрдүн катарына кирди», – деп билдирген. “World Crunch” сайтынын маалыматы боюнча, Туск дагы мындай деп жазган: «Биринчи жолу Европа Биримдигинин тарыхында бул континенттик уюмга каршы багытталган бир нече тышкы күчтөр бар».
Трамп Европа Биримдигин АКШнын өнөктөшү катары карабайт. Ал ар бир өлкө менен өзүнчө сүйлөшүүнү каалайт. Анткени Европанын экономикалык күчү чоң болгондуктан, АКШ үчүн бүтүндөй блок менен сүйлөшүү оор болот. Эгерде Европа мамлекеттери бирдиктүү болбой, ар бири өз алдынча сүйлөшсө, АКШ аларды соода жана экономикалык макулдашууларда алсыз абалга коё алат.
Европанын ичиндеги ажырым жана ички коркунучтарга келсек, Европа Биримдигинин идеясы башында кооз кыял катары көрүнгөн. Бирок бул кыялдын негизинде аны сактап калуу үчүн бекем пайдубал болгон эмес. Анткени, биримдикти түзгөн мамлекеттердин ар бири улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшкан жана аларды бириктирүүчү факторлордон бөлүп-жарган жагдайлар көбүрөөк. Биримдиктин алсыздыгын шарттаган негизги себептер:
- Улуттук мамлекеттердин артыкчылыгын карманган европалык элдердин биримдикке каршылыгы;
- Европа Биримдигинин саясий жана экономикалык жактан дүйнөлүк аренада артта калышы;
- Оңчул партиялардын күч алышы жана биримдиктин ынтымагын солкулдатуучу саясий чыңалуулар.
Европадагы кризистер күчөгөн сайын лидерлер биримдик тууралуу көп сүйлөшөт, бирок бул сүйлөшүүлөр чыныгы чечимдерге алып келген эмес. Бул “куру убада” сыяктуу көрүнүп, реалдуулукта Европа Биримдиги кризистерди чечүүдө көп учурда чечкиндүү кадамдарды жасай албай келет.
Жыйынтыктап айтканда, азыркы учурда Европанын келечеги эки негизги фактордон көз каранды:
- Трамптын саясатынан улам жаралган тышкы коркунучтар жана Европанын Америка менен болгон мамилесине;
- Биримдик ичиндеги ички ажырымдар, саясий биримдиктин жоктугу жана мамлекеттер арасындагы кызыкчылыктардын карама-каршылыгына.
Бул факторлор Европанын туруктуулугуна жана дүйнөлүк аренадагы ордуна чоң таасир этүүдө.
Трамптын стратегиясы жана Европанын алсыздыгы.
Трамптын стратегиясы – Европанын ички бөлүнүүсүн жана алсыз жактарын пайдалануу. Анын бул философиясы натыйжалуу. Анткени ал Европа Биримдигинин ички кризистерин, айрыкча Брекзитти колдоп, аны тездеткен. Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу – уюм үчүн чоң сокку болду. Бул Европанын дүйнөлүк аренадагы саясий жана экономикалык күчүн алсыратты жана башка глобалдык державалар менен атаандаштык жөндөмүн төмөндөттү.
Трамптын экономикалык саясаты Европага каршы тарифтерди киргизүү менен соода дефицитин азайтууга багытталган. Ал Америка өнөр-жайын чет элдик атаандаштардан коргоо үчүн европалык экспортко 10% га чейин бажы төлөмдөрүн киргизүүнү убада кылган.
Европанын коопсуздук маселеси
Трамптын НАТОго карата сынчыл билдирүүлөрү Европадагы коргонуу биримдигинин жоктугун ачыктады. НАТОдон көз каранды болгон Европа өлкөлөрү улуттук жана эки тараптуу коргонуу долбоорлоруна көбүрөөк көңүл бура баштады. Бул континенттин жалпы коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро Трамптын Гренландияны сатып алуу ниетине жооп берип: «Биз күчтүү континентпиз жана Европа Биримдиги башка өлкөлөрдүн чек арабызга кол салуусуна жол бербейт», – деп билдирген.
Европада оңчул күчтөрдүн өсүшү
Биримдиктин дагы бир чоң көйгөйү – оңчул популисттик кыймылдардын күч алышы. Бул тенденция Германияда, Францияда, Италияда, Польшада жана Нидерландыда айкын байкалууда. Кээ бир мамлекеттерде бул кыймылдардын лидерлери бийликке келип, Трамптын Евробиримдиктен чыгуу идеяларын колдоого алышты.
Европадагы саясий жана экономикалык кризистер күчөгөн сайын айрым мамлекеттер чек араларында көзөмөлдү күчөтүп, бул биримдиктин негизги принциптеринин бузулушуна алып келүүдө. “Sky News Arabia” телеканалына берген маегинде немис саясий аналитиги Франц Херман төмөнкүлөрдү билдирген: «Бул чаралар Европага миграциянын көбөйүшүнөн жана коопсуздукка болгон көзөмөлдүн алсырашынан коркуу менен байланыштуу. Чек араларды кайрадан катуу көзөмөлдөө – Евробиримдиктин кеңири бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүн, бул ондогон жылдар бою жетишилген ийгиликтерди жок кылат».
Европанын келечеги жана анын АКШга болгон көз карандылыгы
Европадагы оңчул популизмдин өсүшү биримдиктин ар кандай чөйрөлөрүнө, анын ичинде климат саясатына, миграцияга, Евробиримдиктин кеңейүүсүнө, бюджетине жана мыйзам үстөмдүгүнө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Европа бүгүн чоң эки ача жолдун алдында турат:
- АКШнын саясий жана экономикалык басымына каршы туруу үчүн биригүү;
- Ички ажырымдарды чечпей, биримдиктин акырындап кыйрашы.
Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коргонуу стратегиясы НАТОго толугу менен көз каранды, бул дагы бир алсыздыкты көрсөтөт. Европа Парламентинин мүчөсү жана тышкы саясат боюнча эксперт Майкл Галер төмөнкүлөрдү баса белгилейт: «Европанын коопсуздугун НАТОсуз камсыз кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, Евробиримдиктин «стратегиялык багыты» эч качан НАТОго атаандаш болбойт. Коллективдүү коргонуу альянс менен кызматташтыкта гана ишке ашат».
АКШнын Европаны көзөмөлдөө стратегиясы
АКШ Европаны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эки негизги механизм менен көзөмөлдөп келет:
- НАТО – Американын аскердик үстөмдүгүн сактап калуучу курал;
- Маршалл планы – Европаны экономикалык жактан АКШга көз каранды кылуу куралы;
Бул стратегия Европаны дайыма АКШнын саясий жана экономикалык көзөмөлүндө кармап келген. Ошентип, Европа азыр өзүнүн мурунку баскынчылык саясатынын тузагына түшүп, бүгүн АКШнын таасири астында калды.
Роя гезити
Профессор Хасан Хамдан