Асыл хадис менен

39
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Аллах Таала бардык нерседе жакшысын кылууну буйруган.

روى مسلم في صحيحه قال: حَدَّثَنَا مُسْلِمُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ حَدَّثَنَا شُعْبَةُ عَنْ خَالِدٍ الْحَذَّاءِ عَنْ أَبِي قِلَابَةَ عَنْ أَبِي الْأَشْعَثِ عَنْ شَدَّادِ بْنِ أَوْسٍ قَالَ: خَصْلَتَانِ سَمِعْتُهُمَا مِنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِنَّ اللَّهَ كَتَبَ الْإِحْسَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ فَإِذَا قَتَلْتُمْ فَأَحْسِنُوا قَالَ غَيْرُ مُسْلِمٍ يَقُولُ فَأَحْسِنُوا الْقِتْلَةَ وَإِذَا ذَبَحْتُمْ فَأَحْسِنُوا الذَّبْحَ وَلْيُحِدَّ أَحَدُكُمْ شَفْرَتَهُ وَلْيُرِحْ ذَبِيحَتَهُ.

Муслим өзүнүн “Сахихинде” риваят кылган хадисте Шаддад бин Австан риваят кылынат: “Мен Аллахтын Элчисинен (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки өзгөчөлүк уккам: “Аллах бардык нерседе жакшысын кылууну буйруган. Эгер жандыкты сойсоңор жакшылап сойгула””. Башка риваятта: “Сойгондо жакшылап сойгула, соё турган адам бычагын курчутсун, союлган малы ырахат алсын”, – деп келген”.

الْقِتْلَة  коф тамгасы касра менен айтылганда, көрүнүш жана абалды билдирет. “Забха” сөзү  китла сөзүнө окшош  мааниде  көрүнүш жана абалды билдирет. “Бычакты курчутсун” сөзү бычакты курчутуп, өтүүсүн тездетип, курмандыгын жайлуу тынч кыйнабай сойсун дегенди билдирет. Малды союп жатканда бычакты анын көзүнө каратып курчутпоосу, экинчисинин көзүнчө сойбоосу жана аны союлуучу жайга сүйрөп барбоосу сунушталат.

“Сойсоңор жакшылап сойгула” сөзү жалпы мааниде айтылып, союлуп жаткан ар бир мал-жанды, өч алып өлтүрүүнү (касаста),  Хадды (жазаны) жана ушул сыяктууларды өз ичине камтыйт. Башкача айтканда касас, хад жазасына тартылып жаткан адам кыйналбай өлтүрүлүшү керек.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул хадисте Пайгамбарыбыз ага Аллахтын салам-салаваты болсун курмандыкты сойгондо аны менен кандай мамиле кылууну үйрөттү. Эгер Аллах Таала малды союуга уруксат берсе, бул аны кыйноого же коркутуп үшүн алууга уруксат берди дегенди билдирбейт, тескерисинче, Аллах Таала эң тез жана кыйнабастан батыраак  болушун каалайт. Мал союу иши жагымсыз нерсе. Мал союу менен алектенген адам мыкаачылыктан жана жапайычылыктан алыс болушу керек. Мал союунун кандай жүргүзүлүшүнүн шарьий өкүмүн Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) бул асыл хадисте түшүндүрдү. Курч бычак менен ылдам союу, бычакты курчутуп жатканын малга көрсөтпөө, башка малдын көзүнчө курмандыкты сойбоо. Мунун баары Исламдын ар бир нерсени кылууда  жакшы кылууга болгон ынтызарлыгынан кабар берет.

Ал эми ар бир ишти жакшы кылуу деген – ишти шариат өкүмүнө ылайык аткарууну билдирет. Мусулман адам өзүнүн амалдарын жасап жатканда Аллах аны көрүп турганын сезип, туюшу керек. Анткени бул сезим аны Аллахтын өкүмдөрүнө бекем кармайт жана ага баш ийбей асий болуп калуудан сактайт. Ал эми мусулмандан бардык иштерди жакшы кылуу талап кылынат, башкача айтканда, анын бардык жагдайларында, намазында, орозосунда, уктаганда жана турган жеринде Аллах аны көрүп турганын сезүүсү талап кылынат. Сапарда да, жумушта да, эс алууда да, үй-бүлө, тууган-туушкандары менен болгон мамилесинде да ким жакшыраак амал кылса, Раббисинин уруксаты менен жаңылыштыктан сактанып, эң бийик даражаларга жетет.

Оо Аллахым, бизди сөздү угуп, анын эң жакшысына ээрчигендерден кыл, анткени Сен Угуучусуң жана Жооп кылуучусуң.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 27-ражаб.

2025-ж, 27-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here