Басма сөз баянаты
Борбордук маалымат бөлүмү
Индия бийлиги 1967-жылдагы «Мыйзамсыз аракеттерге тыюу салуу жөнүндө мыйзамды» колдонуп жатат
«Хизб ут-Тахрирге» каршы уланып жаткан кампаниянын алкагында, 2025-жылдын 3-февралында Индиянын Улуттук Тергөө Агенттиги Бафа Бахаруддин менен Кабир Ахмад Али Ярды камакка алды. Бул алар айлар бою куугунтукка алынгандан кийин болду. Индиялык ЖМКлар алар жөнүндө: «Алар башка адамдар менен бирге «Хизб ут-Тахрирдин» идеяларын Индиянын Тамилнад штатында жайылтууну көздөгөн, ал эми бул уюм Индияда тыюу салынган» – деп кабарлашты. Андан кийин бийлик алардын ишин «Мыйзамсыз аракеттерге тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын» (UAPA) негизинде камакка алынган доктор Хамид Хусейндин иши менен байланыштырып койду.
Доктор Хамид Хусейн – механикалык инженерия боюнча докторлук даражага ээ, коомдо урмат-сыйга татыган адам. Ал 2024-жылдын май айында төмөнкү көз караштарын билдиргени үчүн камакка алынган: “Ислам демократияны четке кагат. Халифалык мамлекети ар бир жаранына, анын расасына жана динине карабастан, адилеттүүлүк менен кам көрөт. Индиядагы этникалык азчылыктар жана касталык системадагы эң төмөнкү катмар – далиттер көрүп жаткан зомбулукту Ислам кантип чечет?”.
Бирок, анын конструктивдүү жана позитивдүү көз караштарына карабастан, Индия бийлиги аны: «Мыйзамсыз аракеттерге тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын» негизги айыпталуучусу деп жарыялады! UAPA – бул адилетсиз жана катаал мыйзам! Индия бийлиги бул мыйзамды адамдарды отчетко тартууга жол бербөө үчүн курал катары колдонуп келет. Бул репрессивдик мыйзам, анда кармоо жана соттук териштирүү өзү жазалоо катары колдонулат. Муну төмөнкү фактылар далилдейт:
– 2016-2020-жылдар аралыгында аталган мыйзам боюнча 5027 кылмыш иши козголуп, 24 134 адам камакка алынган. Бирок, алардын ичинен жалпы 212 гана адам соттолгон! Ал эми 386 адам акталган. Бул 97,5% камакка алынгандар сот өкүмүн күтүп түрмөдө кармалганын билдирет! Бул коркунучтуу статистика аталган зулум мыйзамды жокко чыгаруу үчүн жетиштүү далил эмеспи?!
2019-жылдагы өзгөртүүлөр менен UAPA мыйзамы мурдагыдан да коркунучтуу болуп калды! Бул мыйзамдын коркунучтуу тарыхына карабастан, 2019-жылдын июлунда Индия бийлиги “Мыйзамсыз аракеттерге тыюу салуу жөнүндө мыйзамды (UAPA) өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун” сунуштады. Бул мыйзам дагы да адилетсиз чараларды киргизип, жагдайды мурдагыдан да начарлатты. Өзгөртүлгөн мыйзамдын негизинде:
- Күнөөсү далилденбей жатып, адамдарды “террорист” деп жарыялоо мүмкүн;
- Мындай айып тагылган адамдар коомдон обочолонуп, жумуштарын жоготушат;
- Мыйзамда “терроризм” деген так аныктама жок, бул бийликке адамдарды каалагандай куугунтуктоого мүмкүнчүлүк берет.
Мунун баары өкмөт үчүн элди “коомдук тартипти сактоо” шылтоосу менен бастыруу жана коркутуу куралына айланды. Бул мыйзам Индияны эзген англис колонизаторлорунун адилетсиз мыйзамдарына атаандаш боло ала турган деңгээлде катаал жана зулумдук. 2019-жылдагы өзгөртүүлөр мусулман калкка каршы репрессияны дагы да күчөттү!
Индиянын диний фанат бийлиги бул мыйзамды Индиядагы жүз миллиондогон мусулмандардын арасында коркунуч жаратуу үчүн колдонууда:
- 2019-жылы Индия өкмөтү дискриминациялык Жарандыкты өзгөртүү мыйзамын кабыл алган;
- Бул мыйзамга каршы чыккан мусулмандар камакка алынган, алардын арасында окуучулар, активисттер, ал тургай кош бойлуу аялдар да болгон;
- Көптөгөн мусулмандар соттун чечимисиз эле камакта кармалууда;
- 2024-жылдын октябрында Индия бийлиги расмий түрдө UAPA мыйзамына таянып, “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тыюу салды.
Индия элине жана укук коргоочуларга кайрылуу!
Индиянын бийлиги өлкөгө кыйроо, жакырчылык, коопсуздуктун жоктугу, дискриминация жана коомдук ажырымдарды алып келди. Ал эми ким гана болбосун өз укугун коргогусу келсе, бийлик аны жазалайт. Бул Индия элинин көз карандысыздык үчүн күрөшүнүн максаты беле? Бул дүйнөгө көрсөтө турган мисалыңарбы? Мындай зулумду эч бир асмандык да, адамдык да мыйзам актай албайт!
Эй, Индиянын мусулмандары! Зулумду унчукпай кабыл алуу – зулумдун күчөшүнө шарт түзөт!
Ал эми зулумга каршы туруу – анын аякташынын башталышы!
Индиянын мусулмандарына жана айрыкча аалымдарына кайрылуу!
Сиздердин айланаңыздарда адамдар жакырчылыктан жана кысымдан жабыркап жатышат. Алардын алдында динге ылайык жоопкерчилигиңиздер жокпу? Аллахтын Элчиси ﷺ бүт дүйнө үчүн ырайым катары жөнөтүлгөн эмеспи? Сиздердин ата-бабаларыңыз Индияны жүздөгөн жылдар бою Ислам адилеттүүлүгү менен башкарган эмеспи?
Мусулмандар Исламдын мыйзамдары менен башкарылганда гана коопсуздукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетишкен. Бүгүнкү күндө Индиянын мусулмандарын да адилетсиз дүйнөлүк системадан Ислам гана куткара алат. Ошондо эмнеге сиздер бул зулум системанын ичинде орун алуу менен гана чектелесиздер? Эмнеге сиздер Ислам башкаруусун калыбына келтирүүнүн ордуна, бир нече парламенттик орун үчүн күрөшүп жатасыздар? Эмнеге Исламдын чакырыгын жок кылууга аракет кылгандарга каршы чыкпайсыздар? Сиздер аз жана алсыз эмессиздер!
Эгерде сиздер диниңиздерди бекем карманып, Аллахка таянсаңыздар, көп жана күчтүү болосуздар!
Ал эми чыныгы өзгөрүүгө алып келе турган күч – бул Исламды кайрадан көтөрүү!
Тургула, эй Индиянын мусулмандары! Аллах силер менен!
﴿يُرِيدُونَ أَن يُطْفِئُوا نُورَ اللهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللهُ إِلَّا أَن يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ﴾
“Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүргүсү келишет. Бирок, каапырлар жактырбаса да, Аллах Өзүнүн нурун толук кылат.” (9:32).