Басма сөз баянаты
Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар канаты
Февралдагы жер титирөөгө эки жыл болду, бирок азап дагы деле уланып жатат
2023-жылдын 6-февралында күчү 7,8 жана 7,5 баллдык эки чоң жер титирөө Түркиянын түштүк жана борбордук бөлүктөрүн, ошондой эле Сириянын түндүгүн титиреткен эле. Бул апаат Түркиянын 11 провинциясына таасирин тийгизип, чоң кыйроолорду жана миңдеген адамдардын өмүрүн алган. Түркияда кеминде 54 000 адам каза болду. Сирияда 8 500дөн ашуун адам каза тапты. Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш шаарында болду. Жалпы курмандыктардын саны 62 000ден ашып, миллиондогон адамдар үй-жайсыз калышты. Бирок айрым көз карандысыз эксперттер жана жергиликтүү булактар чыныгы жоготуулар мындай расмий санга караганда бир кыйла көп болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Эки жыл өтсө да, калк үчүн кыйынчылыктар уланууда. Жер титирөөдөн кийин эл чатырларда жана убактылуу темир контейнерлерден жасалган турак жайларда жашоого аргасыз болууда. Эки жылдын ичинде бул контейнердик үйлөрдө жашагандардын саны болгону 7,78%га гана азайды.
2025-жылдын январында Түркия президентинин маалымат кызматы акыркы маалыматтарды берди. Ага ылайык, 650 000ден ашуун адам ушул убактылуу турак жайларда жашап жатат. Ошондой эле 300дөн ашуун адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө. 2024-жылдын ноябрына карата расмий санда 75 киши дайынсыз деп катталган. Оппозициялык партиянын өкүлдөрү 140 дайынсыз адам тууралуу маалымат берип, алардын 38и жаш бала экенин билдиришти. Жоголгон адамдардын үй-бүлөлөрү өкмөттүн кайдыгерлигине даттанып, жакындарын издөөнү улантууда. Өкмөттүн кайдыгерлиги жана начар даярдыгы миңдеген өмүрлөргө алып келди. Түркия дүйнөдөгү эң активдүү сейсмикалык зоналардын биринде жайгашканына карабастан, бийлик жер титирөөнүн алдын алуу үчүн жетиштүү чараларды көргөн эмес. Айрыкча калкы жыш жайгашкан жана башаламан курулуштар жайылган ири шаарлар эч кандай коопсуздук чараларысыз калган. Издөө-куткаруу иштеринин ыкчам жана натыйжалуу болбогону, техникалык жабдуулардын жетишсиздиги, өкмөттүн олуттуу шалаакылыгын көрсөттү.
Коррупция жана көзөмөлдүн жоктугу – көптөгөн трагедиялардын себеби. 1999-жылдагы Мармара жер титирөөсү Түркияда мамлекеттик көзөмөлдүн алсыздыгын ачык көрсөткөн. Өкмөт көп жылдар бою курулуш стандарттарын эске албай, курулуш инспекциялары формалдуу түрдө өткөрүлүп келген. Коррупция мамлекеттик органдарга терең сиңип, курулуш тармагында коопсуздукка көз жумулуп келген. 2025-жылдын 21-январында Болу шаарындагы мейманкананын өрттөнүшү да ушул көйгөйлөрдүн уландысы болду. Бул 78 адамдын өмүрүн алган өрт, мамлекеттеги жаңылыш башкаруунун жана капиталисттик системанын ач көздүгүнүн түздөн-түз кесепети болду. Мейманкананын ээси коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Өрт өчүрүү кызматы формалдуу түрдө отчет түзгөн. Муниципалитет жана Туризм министрлиги эч кандай көзөмөлсүз эле лицензия берген. Натыйжада, адам өмүрү менен ойнолуп, жоопкерчилик эч кимдин мойнуна жүктөлгөн жок.
Бул капиталисттик система жана анын бийлик башындагылар үчүн байлык гана маанилүү экенин дагы бир жолу далилдеди. Алар өмүр түбөлүккө улана берет жана негизги максат материалдык байлык топтоо деп ойлошот.
Мунун каршысында, Ислам башкаруусу гана адилеттүүлүктү жана коопсуз жашоону камсыздай алат. Исламдын жетекчилиги жалгыз Аллахтын ыраазычылыгын көздөп, элдин коопсуздугун жана жашоосун коргоо үчүн иштейт. Ислам башкаруусунда мамлекет элдин өмүрүн, мүлкүн жана ар-намысын сактоо үчүн талыкпай иштейт. Аллахтын адилеттүү жана коопсуз системасын турмуштун бардык тармагында эң жакшы жол менен колдойт. Мунун бардыгы эң улук максат – Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн жасалат. Аллах Таала айтат:
﴿وَأَحْسِنُوا إِنَّ اللهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ﴾.
«Жакшылык кылгыла! Чындыгында, Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт» (2:195).