Алланын Элчиси мушриктер менен мунафыктардан көргөн зыяндар

58
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Алланын Элчиси мушриктер менен мунафыктардан көргөн зыяндар

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахихине” берген шархында “Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мушриктер менен мунафыктардан көргөн зыяндар” бөлүмүндө айтат:

حدثنا محمد بن المثنى ومحمد بن بشار واللفظ لابن المثنى قالا: حدثنا محمد بن جعفر حدثنا شعبة قال: سمعت أبا إسحق يحدث عن عمرو بن ميمون عن عبد الله قال: بينما رسول الله صلى الله عليه وسلم ساجد وحوله ناس من قريش، إذ جاء عقبة بن أبي معيط بسلا جزور، فقذفه على ظهر رسول الله صلى الله عليه وسلم، فلم يرفع رأسه، فجاءت فاطمة فأخذته عن ظهره ودعت على من صنع ذلك فقال: اللهم عليك الملأ من قريش، أبا جهل بن هشام، وعتبة بن ربيعة، وعقبة بن أبي معيط، وشيبة بن ربيعة، وأمية بن خلف أو أبي بن خلف شعبة الشاك، قال: فلقد رأيتهم قتلوا يوم بدر فألقوا في بئر غير أن أمية أو أبيا تقطعت أوصاله فلم يلق في البئر

Мухаммад ибн аль-Мусанна Амр ибн Маймун Абдулладан риваят кылган хадисте айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) сажда кылып, курайштыктардан бир нече адам аны курчап турушканда: Укба бин Абу Муьайт төөнүн ичеги-кардын алып келип, аны Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)дын жонуна ыргытты. Пайгамбар (с.а.в) башын көтөргөн жок, Фатима (р.а) келип, аны аркасынан алды жана  аны кылган кишини каргады. Пайгамбар (с.а.в) намазын бүткөндөн кийин айтты: Оо, Аллах Курайштын башчыларын сага тапшырдым, Абу Жахл бин Хишам, Утба бин Рабиа, Укба бин Абу Муьайт, Шайба бин Рабиа жана Умайя бин Халаф же Абу бин Халаф Шуъба аль -Шаак. Ал айтты: Мен алардын Бадр күнү өлтүрүлүп, кудукка ыргытылганын көрдүм, бирок Умайя же Убай бөлүктөргө кесилип кеткендиктен, кудукка ыргытылбай калды.

Сүйүктүү  бир туугандар:

لَتُبْلَوُنَّ فِي أَمْوَالِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُواْ الْكِتَاب مِن قَبْلِكُمْ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُواْ أَذًى كَثِيرًا وَإِن تَصْبِرُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ذَلِكَ مِنْ عَزْمِ الأُمُورِ

Аллах Таала айтат: “(эй момундар), Албетте, силер мал- жаныңар менен сыналасыңар (тактап айтканда, Алла Таала мал жана жандарыңарга ар түрдүү апаат балээлерди жиберип, силердин ыйманыңарды текшерет). Дагы, албетте, силерден мурунку Китеп берилген адамдар тарабынан жана мушриктер тарабынан көп азият-иренжитүүлөрдү угасыңар. Эгер (алардын бул кылыктарына) сабыр кылсаңар жана Алладан корксоңор (муратка жетесиңер). Анткени бул иш (сабырдуу болуп, Алладан коркуу) иштердин максатка ылайыгыраагы”. (Аали Имраан: 186).

Бул Аллахтын жаратылыштагы, ааламдагы мыйзамы. Адам жаны жана байлыгы менен сыналышы, зыян жана жамандыкка учурап, чыдабай турган сөздөрдү угушу – сыноонун мыйзамы. Ошондуктан Роббисинен сурап, сабыр кылат. Максатка – чаалыгуу, кыйынчылык, азап жана зыяндын көпүрөсүнөн өтүү менен гана жетүү мүмкүн.  Эгер Аллахтын сүйүктүүсү, жаратылгандардын төрөсү жана элчилердин башчысы Мухаммад пайгамбарыбызга (Аллахтын салам-салаваттары болсун) абал ушундай болсо, анда биз жөнүндө эмне айтууга болот жана биз эмнеге туш болуп жатабыз?

Демек, биз сыноого жана кыйынчылыктарга дуушар болушубуз керек.

Оо мусулмандар, кандай кыйынчылык болсо да сабыр кылышыбыз керек. Бирок кандай сабыр? Албетте, бул моюн сунуп батыл вакыйды кабыл алуу сабыры эмес. Тескерисинче, сабыр – бул туура жолдо жана акыйкатта бекем болуу жана бул азаптуу батыл вакыйды өзгөртүү үчүн аракет кылуунун кыйынчылыктарына сабыр кылуу. Түп тамырынан өзгөртүү аракетинде келип чыккан кесепеттерге сабыр кылуу. Бүгүнкү күндө үммөт башынан кечирип жаткан эң чоң кыйынчылыктардын бири – үммөттүн үстүндө андан эмес жана үммөт алардан эмес болгон жетекчилердин болушу. Алар Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылышпайт жана бул жетиштүү кыйынчылык. Бул асыл үммөттүн ачыктан-ачык куфр конституциялары менен башкарылуусу эң чоң балээлердин бири. Эң чоң түйшүктөрдүн бири – залимдин колун кармап, аны акыйкатка карманууга мажбурлоо жана аны акыйкат менен чектеп коюу. Тунисте, Египетте, Сирияда жана башка мусулман өлкөлөрүндө үммөт бул улуу парзды аткарганда, кан дарыядай акты. Бул кылмыштын жүгүн кылмыштуу башкаруучулар өз мойнуна алышты. Зулум кылуучу доордун башкаруучулары, алардын айкелдери чүкөдөй кулай баштады. Бул иштин акыры жакында Пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалыкка алып келет, иншааллах. Жер жүзү дагы бир жолу Аллахтын нуру жана Улуу Курани Карим менен жарык болот.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 16-ражаб.

2025-ж, 16-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here