Басма сөз баянаты
АКШны ортомчу катары кабыл албагыла!
Ал калыс эмес! Тескерисинче, жаңжалдын бир тарабында!
Өткөн жылдын 15-январында яхудий вужуду менен ХАМАС кыймылынын ортосунда Газага каршы согушту токтотуу тууралуу макулдашуу түзүлүп, ал ошол эле айдын он тогузунда күчүнө кирген. Бул келишим АКШ, Египет жана Катар ортомчулугу менен түзүлгөн. Бирок ушул күнгө чейин яхудийлер бул келишимдин көптөгөн шарттарын бузуп, көптөгөн милдеттенмелерин аткарган жок. Келишимдерди бузуп, кыянаттык кылуу – алардын адаты.
Мунун айынан ХАМАС жана аны менен бирге согушкан топтор 16-февралга (ишемби) белгиленген туткундарды кайтаруу процессин токтото турганын эскертишти. Эгерде яхудийлердин түзүмү келишилген бардык шарттарды аткарбаса, алар туткундарды өткөрүп бербейт. Бул эскертүү беш күн мурда берилген. Максат – ортомчуларга яхудийлерге басым жасап, аларды келишимди аткарууга мажбурлоого мүмкүнчүлүк берүү. Бирок буга жооп катары, АКШнын президенти Дональд Трамп ХАМАС бардык туткундарды ишемби күнү түшкө чейин бошотпосо, Газага жана анын элине каршы «тозоктун эшигин ачарын» айтып коркутту. Бул коркутуу анын жана башка америкалык аткаминерлердин оозунан айтылды. Муну менен алар ортомчу эмес, жаңжалдын бир тарабында экенин айкын көрсөттү.
Эми суроо туулат: Ортомчу катары иш алып барган тарап келишимдин бир тарабына коркутуу жасоого укуктуу беле? Ортомчу катары тең салмактуу ролду сактоонун ордуна, жаңжалдын түздөн-түз катышуучусуна айланып калган жокпу? Мындан улам, АКШ ортомчу эмес, ал жаңжалдын түздөн-түз бир тарабында турат деген акыйкатты эч ким четке кага албайт.
АКШ – яхудий вужудунун эң күчтүү союздашы. Ал яхудийлерди Газага каршы колдонгон курал-жарак жана ок-дары менен камсыздап, элди кырып жок кылууга жардам берди. АКШ алардын кылмыштарын саясий жактан коргоду, азыр да коргоп келет. Ал Газа элин Египетке, Иорданияга жана башка өлкөлөргө көчүрүүгө чакырууда жана бул аймакты бошотуп, өз экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу ниетин билдирген. Мындан тышкары, АКШ мусулман армияларынын чыныгы күрөшкө чыгышынан чочулап, аймакка аскердик кемелерин жана учак ташуучу флотторун жөнөттү.
Бул фактылар АКШнын Ислам үммөтүнүн эң чоң жана биринчи душманы экенин далилдейт. Яхудий вужуду – анын куралдарынын бири гана. Анын максаты – үммөттүн биригишине жана Халифалыктын кайра тикелешине тоскоолдук кылуу. Ушундай болгон соң, мусулмандар АКШны кандай гана келишим болбосун ортомчу катары кабыл алууга болобу? АКШдан – өздөрүнүн биринчи жана эң чоң душманынан – калыс ортомчулук кылып, укуктарды коргойт деп күтүүгө болобу?
Ойгонгула, мусулмандар! Сак болгула, мужахиддер!
АКШ – башкы душман, аны ортомчу катары кабыл алуу – жаңылыштык! Ал силердин душманыңар менен араңардагы келишимдердин кепилдиги боло албайт. Тескерисинче, ал силердин мамлекеттериңерди бөлүп-жарган, саткын башкаруучуларыңарды колдогон, байлыгыңарды уурдаган жана яхудий вужудун аймактагы куралдуу күчкө айландырган. Аларга жашоо, күч жана үстөмдүк кылуу мүмкүнчүлүгүн берген.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү