Трамптын планы боюнча Египеттин билдирүүлөрү – саясий манёврбу же негизги позициябы?

50
0

Трамптын планы боюнча Египеттин билдирүүлөрү – саясий манёврбу же негизги позициябы?

Египеттик дипломатиялык булактардын маалыматына караганда, Египет президенти Абдул Фаттах ас-Сиси Вашингтонго пландаштырылган сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул чечим Египет менен АКШ ортосунда күчөп жаткан чыңалууга байланыштуу кабыл алынган. (Илаф)

Трамптын Газа элин күчтөп көчүрүү планы ишке ашмайынча Сисинин АКШга баруудан баш тартуу боюнча билдирүүлөрү чоң талкууларды жаратты. Бул Палестина маселесиндеги Египеттин чыныгы позициясыбы же жокпу, анын Палестина маселесин чечүү долбоорлоруна каршы туруу боюнча канчалык олуттуу экенин, ошондой эле Сиси менен Трамптын мамилесинин чыныгы мүнөзүн түшүнүүгө шарт түздү. Сиси Трамп менен жолугушуудан баш тартып жатабы же Трамп Сисиден өзүнүн каалоолорун сөзсүз аткарууну талап кылып жатабы? Анткени Сиси АКШнын Ак үйүндөгү жөнөкөй бир кызматкери катары, дайыма Трамптын буйруктарын аткарып келген. Бул мурдагы жолугушуулардын натыйжасында көрүнүп турган. Муну ошондой эле Египет режими менен армиясынын артынан түшүп алган АКШ жардамынан да, Трамптын ишенимдүү позициясынан да байкоого болот. Ал эми Трамп болсо өзүнүн билдирүүлөрүндө Египет менен Иорданиянын лидерлери анын планын сөзсүз кабыл аларын ишенимдүү айтып келет. Чындыгында, алар качандыр бир убакта Газадан көчүрүү планына каршы чыкканы менен, дипломатиялык жолдор аркылуу аны жүзөгө ашыруунун аракетинде болушат. Болбосо, планды өзгөртүп, Газанын куралсыз, каршылык көрсөтө албаган аймакка айлануусуна жетишүү жолу каралышы мүмкүн. Бул болсо ал тургай яхудийлердин өзүнө да кабыл алынгыс көрүнүш.

Трамптын Газа элин Синайга жана Иорданияга көчүрүү планы

Бул план – Палестинаны түп-тамырынан жок кылуу максатында жүз жылдан бери улантылып келген колониалдык стратегиянын бир бөлүгү. Бул “Кылым келишими” долбоорунун алкагында ишке ашып, Палестина маселесин түбөлүккө жабууну көздөйт.

Египеттин палестиналыктардын көчүрүлүшүнө каршы экени жөнүндө билдирүүлөрү реалдуулукка дал келбейт. Чындыгында, Египет режими Газа секторун экономикалык жана гуманитардык жактан курчоого алуу аркылуу анын жашоого мүмкүн болбогон аймакка айланышына түздөн-түз салым кошуп келет. Бул болсо Газадагы элди аргасыздан сыртка чыгууга мажбур кылып, Трамптын планын ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат.

Египеттин Трамптын планына каршы билдирүүлөрү – убакытты созуу жана жасалма улуттук позицияны көрсөтүү аракети гана. Чындыгында, Египет режими Батыштын кызыкчылыгына гана кызмат кылып, алардын планын стратегиялык максат катары кабыл алат. Бизге Египет президентинин Трампка барышы же барбашы, анын Газа элин көчүрүү планына макулдугу же каршы болушу, же ал тургай Трамптын башка пландарын ишке ашыруусу жөнүндө талкуулап отуруунун кереги жок. Себеби, бардык учурларда ал – Американын агенти, анын кызыкчылыктарына кызмат кылган кыянатчы, баскынчы яхудийлердин кылмыштарына шерик жана алардын чек арасынын ишенимдүү күзөтчүсү. Ал Ислам үммөтү менен анын армиясынын ортосунда тоскоол болуп, Палестинаны бошотууга жол бербейт. Анын билдирүүлөрү жана эл аралык системага үмүт артуу – жөн гана бул армияларды уктатуу үчүн жасалган аракет. Алар Египет режими Палестина маселесин чындап чечүүнү каалайт деп ойлошу үчүн ушундай кылууда. Чындыгында болсо, бул режим – баскынчы яхудийлердин ажырагыс бөлүгү жана алардын чыныгы “темир куполу” болуп эсептелет.

Чыныгы чечим – куру билдирүүлөрдө же эл аралык система менен эсептешүүдө эмес, чечкиндүү түрдө армияларды козгоп, Палестинаны толугу менен бошотуу жана анын элине чыныгы колдоо көрсөтүүдө жатат. Куддус (Иерусалим) эч качан чек араларды бекитип, басып алынган Ислам жерлери менен яхудийлердин ортосунда коопсуздук тоскоолдуктарын түзгөн, каршылык көрсөтүүчүлөргө курал жеткирүүгө тыюу салган режимдер тарабынан бошотулбайт. Ал эл аралык мыйзамдар аркылуу да бошотулбайт. Анткени бул мыйзамдар баскынчыларды коргоо үчүн иштелип чыккан. Куддус үммөт Ислам динине кайтып келип, аны бир мамлекетте ишке ашырып, чыныгы акыйкат лидердин айланасына бириккенде гана бошотулат. Ушундай лидер гана үмөттүн улуулугун кайтарып, Палестинаны бошотууну талкуу же соодалашууга жатпаган тагдыр чечүүчү маселе катары карайт.

Ислам үммөтү 13 миллионго жакын аскерге ээ жана бир нече күндүн ичинде яхудий мамлекетин жок кылууга жөндөмдүү байлыктар менен аскердик күчтөргө ээ. Бирок, бул армиялардын чыныгы душманы – батыштык колонизаторлор орноткон башкаруучу режимдер. Алар Осмон халифалыгы кулатылгандан кийин Батыштын кызыкчылыктарын жана яхудий мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана кызмат кылып жатышат.

Ошондуктан, Палестинаны бошотуу – бул Ислам дүйнөсүнүн борбор шаарларын бул режимдерден куткаруу менен башталат. Ал чын ыкластан иштеген, үммөттү кайрадан бириктире турган, адилеттүү халифаны орнотуу менен ишке ашат. Анткени бир халифа болгондо, ал Салахуддин Кудусту бошоткондой, ал эми Муътасим бир аялдын чакырыгына жооп катары бүтүндөй аскерди жибергендей иш-аракеттерди жасайт.

Эй, Египет армиясынын акыйкат жолундагы уулдары!

Бул режимдин куру саясий спектаклдери жана натыйжасыз аракеттери силердин күч-аракетиңерди курулай сарптап жатат. Ал тургай, силердин жерди бошотуу жана анын элин коргоо милдетиңерди аткарууга тоскоолдук кылууда. Кыямат күнүндө Аллахтын алдында жооп берүүгө даярсыңарбы? Же бул режимден баш тартып, анын ыпластыгы жана кыянатчылыгынан тазаланып, Ислам мамлекетин жарыялайсыңарбы?

Мына ошол мамлекет силерди дүйнөгө Аллахтын нурун тараткан үмөт катары алып чыгат. Ал мамлекет силерди Аллахтын ыраазылыгына жеткирүү үчүн, жалгыз Палестинаны гана эмес, бардык басып алынган Ислам жерлерин бошотууга чакырат. Бул – Аллахтын алдында кабыл алынган мамлекет, экинчи халифалык мамлекети, пайгамбарлык жолунда курулган мамлекет! Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّاً وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيراً﴾.

“(О, мусулмандар!) Силерге эмне болду? Аллахтын жолунда жана (душмандын зулумунан) бечара болуп (айласыз абалда) калган эркектер, аялдар жана бөбөктөрдүн (азаттыгы) жолунда согушпай жатасыңар?! Алар: “О, Рабби! Бизди мына бул элдери (кожоюну) заалым болгон шаардан (аман-эсен) чыгарып жибер! Жана бизге Өзүңдүн алдыңдан бир (куткаруучу) досту жана жардамчыны жибер?!” – деп зар какшап жатышат го!” (Ниса: 75).

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here