Орус кресттүүлөрү Хизб-ут-Тахрирдин жаштарын камакка алды
«Russia Today» сайты 2025-жылдын 5-февралында төмөнкүдөй кабар жарыялады: «Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматы (ФСБ) Крым жарым аралында «Хизб-ут-Тахрир» «террордук уюмун» жок кылып, партиянын ишин жүргүзүп, тарапташтарын тартууга аракет кылган беш адамды камакка алды».
Ошондой эле, алар операция учурунда тартылган видеону көрсөтүп, жаштардын үйлөрүнө кантип бастырып кирип, тинтүү жүргүзүшкөнүн чагылдырышты. Видеодо ФСБнын «далили» катары Куран китептери, исламдык саясий жана идеологиялык адабияттар, ошондой эле Хизб-ут-Тахрирдин белгилүү китептери жана баракчалары көрсөтүлгөн.
«Аль-Роя» гезити бул тууралуу мындай деп билдирди:
«Орусия – диктатордук жана полициялык режимдеги мамлекеттер сыяктуу Хизб-ут-Тахрирге каршы ой жүгүртүп талкуулай ала турган эч кандай жүйөлүү аргумент таба албады. Мындан улам, күчкө жана жалган жалаага таянууда. Орусиянын партияны «террордук» деп айыптоосу – бул анын интеллектуалдык жана моралдык жактан толугу менен чөккөнүнүн белгиси. Чындыгында, бул – толугу менен жалаа. Мындай чоң калпты айтуудан уялышы керек эле. Эгерде Орусиянын башкаруучулары акыл-эстүү адамдар болсо, алар партия менен элдин ортосуна тоскоол болбой, тескерисинче, Исламды кабыл алышмак. Анткени Ислам – бул чыныгы адилеттүүлүк жана ырайым дини. Алар адамзатты кыйраткан капиталисттик системадан баш тартышы керек эле!»
«Хизб-ут-Тахрир» өз ишин баштаган күндөн тартып Аллахка ант берип, Исламды коргоп, адамзатка нур жана туура жол алып келүү милдетин өз мойнуна алган. Бул улуу максат ишке ашмайынча, партия чындыктын жолунда бекем турууну улантат. Аллахтын жардамы менен жакын арада Пайгамбарлык жолунда башкарган экинчи Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө аркылуу Исламды жеңишке жеткирет!
Роя гезити