“Үммөт маселелери” форумунда Трамптын Жакынкы Чыгыш жана Судан боюнча саясаты талкууланды
“Хизб ут-Тахрир”дин Судан вилаяты өзүнүн ай сайын өткөрүлүүчү “Үммөт маселелери” форумун 1446-жылы, Шаабан айынын экисинде (2025-жылдын 1-февралы) өткөрдү. Форумдун темасы: “Трамптын Жакынкы Чыгышка жана Суданга карата саясаты” болду. Форумда сөз сүйлөгөндөр: Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы Кеңештин мүчөсү, адвокат Хатем Жаафар жана Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү, адвокат Факир Хаж Мухаммад Ахмад болду.
Хатем Жаафар сөзүн төмөнкү суроо менен баштады: “Эмне үчүн Трамптын Жакынкы Чыгышка карата саясаты жөнүндө сөз кылуу керек?”. Ал мындай деп жооп берди: “Анткени Трамп — АКШнын 47-президенти, демек, ал дүйнөдөгү биринчи мамлекеттин жетекчиси.” Ал Америка Кошмо Штаттарынын мүнөзүн, анын эл аралык аренадагы таасирин жана анын башкаруучулары мусулман өлкөлөрүнө кандай карай турганын кеңири түшүндүрдү. Ошондой эле АКШнын жетекчилери сионисттик түзүмдү коргоп, аны ислам өлкөлөрүнүн башкаруучуларынын жардамы менен ызы-чуу жана баш аламандык жаратуу үчүн колдоорун, үммөттүн кайра жандануусун кечеңдетүүгө умтулуп жатканын белгиледи. Андан кийин Трамптын саясатынын негизги аспектилерин төрт пункт менен түшүндүрдү:
- Өзүнүн лидерлик күчүн көрсөтүү жана мурунку Америка президенттеринен айырмалануу;
- Саясий максаттарды ачык-айкын жана тайманбай билдирүү, бул саясий ишмердүүлүктө сейрек кездешкен көрүнүш;
- Мусулман өлкөлөрүндөгү кожоюндардын (саясий лидерлердин) үрөйүн учуруу жана аларды каржылык жактан шантаж кылуу;
- Яхудийлердин (Израилдин) кызыкчылыктарын колдоо.
Ал эми адвокат Факир Хаж өзүнүн сөзүн «Ислам үммөтү Американын пландарын үзгүлтүккө учуратып, Халифалыкты орното алат» деген тема менен баштады. Ал Трамптын текеберлиги, оройлугу жана ислам дүйнөсүнө карата кордоочу мамилеси мусулмандардын сезимдерин козгой турганын белгиледи. Ошол эле учурда, алардын башкаруучулары алсыз жана моюн сунган абалда тургандыктан, бул үммөттү өзгөрүүгө түртөт. Ал эми өзгөрүү Ислам жана анын мамлекети – Пайгамбарлык жолу менен жүрүүчү Халифалык аркылуу гана ишке ашат.
Ошондой эле, Факир мырза үммөт ичиндеги күчкө ээ болгон чынчыл адамдарды, өзгөчө армиядагы офицерлерди, Ислам динин коргоо жана Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты орнотуу үчүн аракет кылууга чакырды.
Залдагы катышуучулар форумго чоң кызыгуу менен катышышты. Ошондой эле, форум Фейсбуктагы түз эфир аркылуу да кеңири аудиториянын көңүлүн бурду.
Роя гезити