Иордания падышасынын АКШга кордук сапары

44
0

Иордания падышасынын АКШга кордук сапары

Иордания падышасы Абдулла 2025-жылдын 6-февралында Британия менен АКШга жасаган иш сапарынын алдында, Дональд Трамп аны менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Трамп аны басымга алып, көбүрөөк палестиналык качкындарды кабыл алууну талап кылды. Ал журналисттерге: “Мен ага качкындарды көбүрөөк кабыл алышын каалай турганымды айттым. Анткени азыр бүтүндөй Газа секторуна карасам, чыныгы башаламандыкты көрүп жатам. Бул чынында эле башаламандык,” – деп билдирген.

Бул сапардын алдында падыша Абдулла бир катар араб лидерлери жана БУУнун башкы катчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, палестиналыктардын көчүрүлүшүнө каршы экенин жана алардын өз жеринде калышын камсыздоо зарылдыгын баса белгилеген. Ал ошондой эле Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен макулдашкан. Ошол эле учурда, Трамп Иорданияга көрсөтүлгөн АКШнын жардамын токтотуп, USAID агенттигинин өлкөдөгү долбоорлорун каржылоону да үзгүлтүккө учураткан.

Иордания падышалыгы үчүн бул сапар жана Трамп менен жолугушуу өлүм-өмүр маселесиндей маанилүү эле. Ошондуктан, падыша алгач Британияга алдын ала барып, кеңешип келүүнү зарыл деп тапкан. Бул өлкөгө үч ай мурда эле барып, падыша Чарльз, премьер-министр Кир Стармер жана башка жетекчилер менен жолугушканы жана анын чоо-жайы расмий жарыяланган эмес. Бирок тарыхтан белгилүү болгондой, Британия Иорданиянын “моюн сунуучу үйү” катары кызмат кылгандыктан, бул сапар жаңы буйруктарды алуу үчүн болгонун түшүнүүгө болот.

11-февралда падыша Абдулла Ак үйдүн босогосунда Трампты жылмаюу менен тосуп алды. Экөө сүйлөшүүлөрдү баштаардан мурда, макулдашылгандай, эч кандай басма сөз жыйыны өткөрүлбөшү керек эле. Анткени падышанын АКШ лидерлеринин алдында өзүн алсыз көрсөтүп койгону көптөн бери баарына белгилүү болчу. Бирок Трамп анын Британияга баш иерин жана сапар алдын ала ошол жакка жасалганын билип туруп, журналисттерге жана фотографтарга жыйын өтүп жаткан залга кирүүгө уруксат берди. Бул падышаны уятка калтыруу үчүн атайын жасалган тактикалык жүрүш болчу.

Бул макалада Иордания расмий медиасынын падышанын позициясын актоо аракеттерин терең талдабайбыз. Бирок Трамп менен болгон маектин кээ бир урунтуу учурларына көңүл буруп кетүү орундуу болот:

Трамп: Биз азыр кыска талкууларды өткөрдүк жана андан кийин узагыраак сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Сиз жана уулуңуз бул жерге келгенине биз абдан кубанычтабыз. Эгер сөз сүйлөгүңүз келсе, сөз сизде.

Падыша Абдулла: Урматтуу президент, Жакынкы Чыгыштагы бардык кыйынчылыктарды эске алганда, мен акыры бизди максатка жеткире ала турган адамды көрүп жатам. Бул аймактагы бардык элдер үчүн тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыздайт деп ишенем.

Журналист: Урматтуу президент, падыша эмне үчүн палестиналыктарды кабыл алышы керек? Ал буга каршы экенин ачык эле билдирди го?

Трамп: Билбейм, бирок биз бул тууралуу кыскача сүйлөштүк. Балким, ал азыр бир нерсе айткысы келер?

Падыша Абдулла: Мм… Урматтуу президент, биз Египет жана башка араб өлкөлөрү тарабынан иштелип чыккан план бар экенин белгилешибиз керек. Бизди Мухаммед бин Салман Эр-Риядда талкууларга чакырды. Бул маселени бардык тараптар үчүн ыңгайлуу кылып кантип чечсе болот – ошону карап чыгышыбыз керек. Албетте, биз АКШнын, аймактагы элдердин жана, өзгөчө, Иордания элинин кызыкчылыктарын эске алышыбыз керек. Менин оюмча, азырынча биз 2000дей рак оорусуна чалдыккан же оор абалдагы балдарды Иорданияга алып келип дарылоону уюштурсак болот. Андан соң, Египет Газа маселесин чечүү боюнча кандай план сунуштайт – ошону карап көрөбүз.

Трамп: Бул чындап эле жакшы ишарат, абдан сонун. Калган маселелерди Египет менен бирге чечебиз. Мен чоң өзгөрүүлөрдү көрөрүмө ишенем. Иорданияда дагы олуттуу прогресс болот деп ойлойм. Ал эми палестиналыктар же азыр Газа секторунда жашап жаткан адамдар башка жакка көчүрүлөт – бул абдан жакшы шартта болот. Алар коопсуз жашашат.

Журналист: Урматтуу президент, сиз палестиналыктар башка коопсуз жерде жашайт дедиңиз. Так кайсы жерде жашашын каалайсыз?

Трамп: Маселе алардын кайда жашашында эмес. Бул биз – бир топ катары тандай турган жер болот. Менимче, Иорданияда бир бөлүк жер, Египетте дагы бир бөлүк жер бөлүнөт.

Журналист: Иорданияда палестиналыктар үчүн бөлүнүшү керек болгон аймак барбы?

Падыша: Мен мурда айткандай, биз биринчи кезекте өлкөбүздүн кызыкчылыктарын карашыбыз керек. Менимче, президент дагы араб лидерлеринин кеңири планын талкуулоо үчүн жыйын өткөрүүнү көздөп жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгы:

Бул ачык жолугушуудан кийин, узакка созулган кеңешүүлөр болду. Ошол сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө падыша Абдулланын таң калганын жана Трамптын күтүүсүз билдирүүлөрүнө жооп бере албай калганын көрүүгө болот. Айрыкча, Трамп «Иорданияда бир бөлүк жер болот, ага Газа тургундары көчүрүлөт» деп айткан учурда, падыша ошол замат «Жок, андай болбойт!» деп жооп бериши керек эле. Бирок, ал муну айта алган жок. Анткени ал Трампты «тынчтыкты камсыздаган лидер» катары мактап, Американын кызыкчылыктарын өз өлкөсүнүн кызыкчылыгынан жогору койгон.

Иорданияда падышанын кайтып келишин уюштурган расмий мекемелердин колдоосу менен элдин кээ бирлери аны тосуп алып, «элдин кызыкчылыгы биринчи орунда турат» деген сөзүнө ишенгендей түр көрсөтүштү. Бирок чын эле элдин кызыкчылыгын көздөгөн болсо, анда ал төмөнкүдөй конкреттүү кадамдарды жасашы керек:

-АКШ менен түзүлгөн коргонуу келишимин жокко чыгаруу;

-Иорданиядагы АКШнын аскердик базаларын жабуу;

-Американын үстөмдүк кылган жардамдарынан баш тартып, өлкөнүн өз байлыктарын пайдалануу;

-“Израил” менен түзүлгөн Вади-Араба келишимин жана башка бардык макулдашууларды жокко чыгаруу;

-“Израил” менен ачык согуштук абалда болуу.

Иордания эли эми палестин маселесин чечүүнүн жападан жалгыз жолу – бул жөөттөргө каршы согушуу жана аларды Палестинадан сүрүп чыгаруу экенине ишенип калды. Алар Газадагы күрөш аркылуу “Израилдин” жалган «кубаттуу» имиджи талкаланып, жөөттөр уят болгонун өз көздөрү менен көрүштү.

Трамп менен сүйлөшүүдө Египет менен Сауд Арабиянын планына шылтоо кылуу – бул Американын планына баш ийүү дегенди билдирет. Чынында, Вашингтондун максаты – араб лидерлеринин колу менен палестин маселесин биротоло жок кылуу. Араб башкаруучулары биригип, өз элине каршы иштөөгө даяр болушат. Бирок алар өз мамлекеттерин Батыштын кол салуусунан куткаруу үчүн бирикпейт. Алар Сайкс-Пико келишими аркылуу бөлүнүп-жарылса да, мурдагы диктаторлордун трагедиялуу тагдырынан эч сабак алышпайт.

Жыйынтык:

Иордания падышасы жана анын мурунку-азыркы окшош башкаруучулары биздин ар-намыс-абийирибизди тебелешти. Биздин улуу даңкыбызды кайтаруунун бир гана жолу бар – ал Исламий Халифалыкты кайра тикелөө. Халифалык адилеттик жана мээрим менен дүйнөнү башкарган. Анын халифасы бир кездерде Рим императоруна мындай кат жазган: «Аллахтын аты менен! Момундардын амири Харундан Румдун ити Никифорго! Сенин катыңды окудум, эй, каапырдын уулу! Жоопту кат аркылуу эмес, түздөн-түз иш-аракетимден көрөсүң! Салам!».

Ислам үммөтү дал ушундай чечкиндүү лидерди күтүп жатат. Жакынкы келечекте, Аллахтын жардамы менен, бул кат Трампка жана жөөт лидерлерине багышталат: «Ал күнү момундар Аллахтын жардамына сүйүнүшөт!» (Рум: 4-5).

Роя гезити

Устаз Халид Хаким

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here