Газа калкы эмес Яхудий баскынчылар көчүрүлүшү керек!
АКШнын президенти Дональд Трамп ыйык жердеги Газа тилкесинин тургундарын коңшу өлкөлөргө, Мисир менен Иорданияга көчүрүүнү сунуштады. Хизб-ут-Тахрирдин АКШдагы маалымат борбору бул тууралуу билдирүү таратып, мындай деди:
«Трамп бул билдирүүсүн жеке жолугушууда эмес, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтты. Анткени, ал Ислам үммөтүнүн реакциясын байкап, өкмөттөргө элди даярдоого мүмкүнчүлүк берүүнү көздөдү. Трамп мындай кадамга бармак эмес, эгер 15 айдан бери Газа элин саткан башкаруучуларды өз көзү менен көрбөгөндө! Палестина – Трамптын жеке менчиги эмес! Ал – Ислам жергеси, бүткүл Ислам үммөтүнө таандык. Ал Фарук Умар (РА) тарабынан фатх кылынган күндөн тартып кыяматка чейин мусулман элине таандык. Аны Салахуддин Айюби кресттүүлөрдөн бошотуп, Султан Абдулхамид аны коргоп калган. Ал эми аны бошотуу жакында келе жаткан Пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалыкка буйрулган! АКШ жана анын өнөктөштөрү бул чындыкты өзгөртө албайт, анткени Аллах Таала мындай деген:
ثُمَّ رَدَدۡنَا لَكُمُ ٱلۡكَرَّةَ عَلَيۡهِمۡ وَأَمۡدَدۡنَـٰكُم بِأَمۡوَٰلٍ وَبَنِينَ وَجَعَلۡنَـٰكُمۡ أَكۡثَرَ نَفِيرًا
إِنۡ أَحۡسَنتُمۡ أَحۡسَنتُمۡ لِأَنفُسِكُمۡۖ وَإِنۡ أَسَأۡتُمۡ فَلَهَاۚ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ ٱلۡاٰخِرَةِ لِيَسُـُٔواْ وُجُوهَكُمۡ وَلِيَدۡخُلُواْ ٱلۡمَسۡجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوۡاْ تَتۡبِيرًا
«Андан соң Биз силерге алардын үстүнөн бийлик бердик, анан да байлык, бала-чакаларды берип, силердин саныңарды көбөйттүк. Силер жакшылык кылсаңар өзүңөр үчүн, жамандык кылсаңар да өзүңөр үчүн. Экинчи жолу убада кылынган мезгил жеткенде, беттериңерди бузуп, биринчи киргендей эле мечитке кирип, баарысын таш-талкан кылуу үчүн (жибердик)». (Исра: 7-8).
Хизб-ут-Тахрирдин АКШдагы маалымат борбору билдирүүсүн мындай жыйынтыктады:
«Эгер АКШ президенти чыныгы тынчтыкты кааласа, анда ал Палестинаны басып алган яхудийлерди өз өлкөсүнө көчүрүп алсын! Ал эми Ислам үммөтү бул АКШнын текеберлигине каршы туруп, армияларын Газа элин коргоого гана эмес, ыйык жерди бошотууга чакырышы керек. Биз күч-кубаты барларды Хизб-ут-Тахрир менен иштөөгө чакырабыз. Кудай буйруса, экинчи туура жолдогу халифалык орноп, мусулман армиялары Куддусту (Аль-Аксаны) бошотууга кирет. Ошондо дагы бир ирет бул сөздөр окулат:»
وَقُلۡ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَزَهَقَ ٱلۡبَـٰطِلُۚ إِنَّ ٱلۡبَـٰطِلَ كَانَ زَهُوقًا
«Айткын: «Акыйкат келди, жалган жок болду. Чындыгында, жалган жок болууга мажбур!» (Исра сүрөсү, 81-аят).
Роя гезити