Аалымдардын унчукпай турушу куфрду ыраазы кылбайт (5)

165
0

Аалымдардын унчукпай турушу куфрду ыраазы кылбайт (5)

Эй, устаздар! Эй, элимдин чыныгы жол башчылары! Силер ар бир иште бизге өрнөк болосуңар. Силер дүнүйө үчүн, мансап үчүн ар кандай ыплас иштерге баруудан уялбаган ар-намысын, ыйманын саткан адамдар сыяктуу эмессиңер. Силер Умматты туура жолго: эки дүйнө бакытына жетектөөчүсүңөр, ошондой эмеспи?! Бул ишиңерде силерге жолтоо болуп жаткан ар кандай инсанга хикмат менен жандашасыңар. Умматтын бөлүнүшүн каалап жаткан кафирлердин пландарын талкалап, Исламдан кыйла алыс жашаган элибизди бири-бирине каршы кылып эмес, бири-бирин колдоочу кылып, Расулуллах (с.а.в.) айткандай, бир дене сыяктуу кылып тарбиялашыңарга ишенебиз. Эл да келечекти силерден үмүт кылууда. Айрым бир ачык-айкын арам иштери себептүү аларды бул денеден бөлүү, кафирге чыгарып, душмандай мамиле кылуу Ислам таалимдерине тескери, жада калса арамдарга адаттанып калган болушса да аларды түшүндүрүү жана ыйман чөйрөсүн бекемдөө менен тарбиялоо керек.

Тарыхта да аалымдарды өз максатына баштамакчы болгондорго салафи салихтер алданбаган. Маселен, силерге белгилүү имамыбыз Абу Ханифанын (рахимахуллах) хавариждер менен болгон кыссасын эсиңерге саламын. Куфада алар үстөм болуп турган доордо Абу Ханифаны (рахимахуллах) кармап алып келишип:

  • Куфрдан тообо кыл, эй, шейх – дешти.
  • Мен ар кандай куфрдан Аллахка тообо кылуучумун – деди.

Ошондо аны коё беришти. Валий болушканда аларга:

  • Ал куфрдан тообо кылган т.а. ал да силердей, аны өзүңөргө кайтаргыла – делди.

Ошондо алардын чоңу:

  • Эй, шейх, албетте сен куфрдан тообо кылгансың т.а. сен бизденсиң, ошондойбу? – деди.
  • Сен күмөн менен айтып жатасыңбы же анык билип айтып жатасыңбы? – деп сурады, Абу Ханифа (рахимахуллах).
  • Жок, күмөн менен – деди.
  • Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اجْتَنِبُوا كَثِيرًا مِنْ الظَّنِّ إِنَّ بَعْضَ الظَّنِّ إِثْمٌ

Эй, момундар, көп күмөндөрдөн четтегиле! Анткени кээ бир күмөн(дөр) күнөө”! [49:12] – бул сен тараптан болгон ката. Ар бир ката сенин райың-пикириң боюнча куфр болуп эсептелет. Демек, сен оболу куфрдан тообо кыл! – деди Абу Ханифа (рахимахуллах).

  • Туура айттың, эй, шейх! Мен куфрдан тообо кылуучумун – деди.

Күндөрдүн биринде ал бир күнөө себептүү эч бир ахли Кибланы (мусулманды) кафирге чыгарбай жатканын билишип, аны менен кайрадан талкуу кылуу үчүн келишип:

  • Мына мечиттин алдында эки өлүк турат, бири – арак ичип, жада калса аракка малынып жана арактан муунуп, аракка чөгүп өлгөн киши. Экинчиси – бир аял. Зина кылып, боюнда болуп калганын билип калып өзүн өлтүргөн – дешти. Т.а. булар кафир болобу дешмекчи.
  • Алар кайсы улуттан экен? Яхудийлерденби? – деп сурады Абу Ханифа (рахимахуллах)
  • Жок – дешти.
  • Христиандарданбы?
  • Жок – дешти.
  • Мажусийлерденби? – деди.
  • Жок – дешти.
  • Анда кайсы улуттан болушкан? – деди.
  • “Ла илаха иллаллах жана Мухаммад Анын Расулу” деп күбөлүк берген улуттан – дешти.
  • Мага айткылачы, ал күбөлүктө ыймандан канча бар эле: үчтөн бирби, төрттөн бирби же бештен бирби? – деп сурады.
  • Албетте, ыйман үчтөн бир, төрттөн же бештен бир болбойт – дешти.
  • Анда канча ыйман бар эле? – деди.
  • Ыймандын баары – дешти.
  • Анда, өзүңөр момун деп билип, момундугуна ынанып турган бул эки адам туурасындагы сурооңор… ?! – деди Абу Ханифа.
  • Бизди кой, булар жөнүндө айтчы, алар жаннат ээлериненби же тозок ээлериненби? – дешти.
  • Менин айтышымды кааласаңар, мен алар жөнүндө Аллахтын Набийи Иброхим (а.с) анын коомунда оор кылмыш кылган кимселер жөнүндө айткан сөзүн айтамын:

رَبِّ إِنَّهُنَّ أَضْلَلْنَ كَثِيرًا مِنْ النَّاسِ فَمَنْ تَبِعَنِي فَإِنَّهُ مِنِّي وَمَنْ عَصَانِي فَإِنَّكَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Роббим, ал буттар көптөгөн адамдарды жолдон азгырды. Демек, ким мени ээрчисе, дал ошол менде .а. менин динимде). Ким мага моюн сунбаса, дагы Өзүң Кечиримдүү, Мээримдүүсүң .а. андай адамдарды да Акыйкат Жолго баштоого кудуретиң жетет)”. [14:36].

– Алар жөнүндө Аллахтын Набийи Ыйса (а.с) анын коомунда оор кылмыш кылган кимселер жөнүндө айткан сөзүн айтамын:

إِنْ تُعَذِّبْهُمْ فَإِنَّهُمْ عِبَادُكَ وَإِنْ تَغْفِرْ لَهُمْ فَإِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Эгер аларды азаптасаң, алар сенин алсыз пенделериң. Эгер аларды кечирсең, албетте Сен Өзүң кудурет, даанышмандык ээсисиң”. [5:118]

– Алар жөнүндө Аллахтын Набийи Нухтун (а.с) сөзүн айтамын:

قَالُوا أَنُؤْمِنُ لَكَ وَاتَّبَعَكَ الْأَرْذَلُونَ , قَالَ وَمَا عِلْمِي بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ, إِنْ حِسَابُهُمْ إِلَّا عَلَى رَبِّي لَوْ تَشْعُرُونَ

Алар: «Сага пас (томаяк) кишилер ээрчиген болсо, биз сага (кантип) ыйман келтиребиз?»- дешти. (Нух) айтты: «Мен алардын эмне иштер кылуучу экендиктерин билбеймин. Эгер байкай алсаңар алардын эсеп-кысабы Жалгыз Роббимдин мойнунда”. [26:111-113].

– Алар жөнүндө Аллахтын Набийи Нух (а.с) – жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллалоху алайхи ва саллам) – сөзүн айтамын:

وَلَا أَقُولُ لَكُمْ عِندِي خَزَائِنُ اللَّهِ وَلَا أَعْلَمُ الْغَيْبَ وَلَا أَقُولُ إِنِّي مَلَكٌ وَلَا أَقُولُ لِلَّذِينَ تَزْدَرِي أَعْيُنُكُمْ لَنْ يُؤْتِيَهُمْ اللَّهُ خَيْرًا اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا فِي أَنفُسِهِمْ إِنِّي إِذًا لَمِنْ الظَّالِمِينَ

«Мен силерге: «Алдымда Аллахтын казыналары бар», дебеймин. Кайыпты да билбеймин. «Мен периштемин» да дебеймин. Ошондой эле, силер өзүңөрчө акаарат кылып жаткан адамдар жөнүндө: «Аллах аларга эч кандай жакшылык бербейт», деп айтпаймын. Алардын жүрөгүндөгү нерсени (ыклас-ыйманды) Аллах абдан жакшы билет. Тескерисинче (алар туурасында жогорудагы сөздөрдү айта турган болсом) мен, албетте залимдерден болуп каламын». [11:31].

Туура, алар кылган кылмыштар аяттын ачык-айкын далалаты менен арам, бирок бул аларды кафирге чыгарууга хужжат-далил болбойт. Салафи-салихтер хужжатсыз сүйлөшпөгөн. Абу Ханифадан (рахимахуллах) кунаса наристе, эгер сийдик эки мүчөдөн бир учурда чыкса “уул балага өкүм кылынабы же кыз балагабы” деп сурашканда (маселен мурас бөлүүдө): «Мен кимисине өкүм кылууга хужжат таба албай жатамын”, – деп жооп берген. Алар Аллах Таалага каршы сүйлөп, залимдерден болуп калуудан абдан этият болушкан.

Эй, фазилет ээлери! Эй, Расулуллахтын мураскорлору!

Адамдардын көпчүлүгү динден алыс болушу силерди динди бузууга же хужжатсыз сүйлөөгө жол бербесин. Силер акыйкатты билип, аны элге калыс баян кылуу менен, ыйман жана амалда, таквада катардагы инсандардан айырмаланасыңар, өзүңөрдүн айырмаңарды жоготуп коюудан этият болгула. Деги силер  фазилет ээлерисиңер го:

Фарз ээлери – оң тарап ээлери.

Фазилет ээлери – Аллахка жакын болгондор.

Фарз ээлери – көпчүлүк мусулмандар.

Фазилет ээлери – азчылык жакшылык кылуучулар.

Фарз ээлери – рамазан айында орозо кармап, жылдын калган күндөрү орозо кармабагандар.

Фазилет ээлери – сүннөттөгү алты күндө да, ар айдын толгон маалында (бийз) да, дүйшөмбү жана бейшембиде да, Зулхижжа айынын тогуз күнүндө да, Арафа жана Ашура күндөрү да орозо кармоочулар.

Фарз ээлери – фарз намаздарын кемчиликсиз аткаргандар.

Фазилет ээлери – “Алардын жамбаштары орун – жайларынан ыраак болот (тактап айтканда, түндөрдү ибадат менен өткөрүшүп, аз укташат). Алар Жаратканга коркуу жана үмүткөрлүк менен жалбарып дуба кылышат. [32:16]

Фарз ээлери – “ачууланган убактарында кечирип жибере тургандар”. [42:37]

Фазилет ээлери – “ачууланткан инсанга да жакшылык кылат.

Фарз ээлери – жакшылыкка жакшылык менен, жамандыкка жамандык менен бет келишет.

Фазилет ээлери – жакшылыкка андан да жакшырагы менен, жамандыкка жакшылык менен бет келишет.

Фарз ээлери – зекет мал-мүлктөрүн беришет.

Фазилет ээлери – “байлыктарын күнү-түнү жашыруун жана ашкере садака кылгандар”. [2:274]

Фарз ээлери – Алардын бири өзүнө жаккан нерсени бурадарына ыраа көрөт”.

Фазилет ээлери – ал турсун өздөрүндө муктаждык болсо да, өздөрүн коё туруп (өзгөлөрдү) ыктыяр кылышат”. [59:9]

Фарз ээлери – кээде нафл ихсандарды кылышат, кээде муктаждарга жардам колун сунушат.

Фазилет ээлери – жакшы иштерге “жарышып”, адамдардын муктаждыгы алардын колу менен камсыздалат.

Фарз ээлери – оболу өзүнүн муктаждыгы үчүн, андан кийин дини, андан кийин Умматы үчүн аракет кылат.

Фазилет ээлери – дини үчүн, мамлекети үчүн, Умматы үчүн өздөрүн курман кылышат.

Фарз ээлери – Аллах Тааланын хад-чектөөсү алдында токтошот (т.а. арамдарга барышпайт).

Фазилет ээлери – Аллах Тааланын хад-чектөөлөрүн сактап турушат (башкалар ага барбастыгы үчүн, Аллах Тааланын хаддары бузулбашы үчүн сергек турушат).

Фарз ээлери – Аллах Тааланын ушул аятына үмүткөр болушат: “Ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе, чыныгы (бак-таалайга) жетишет”. [3:185]

Фазилет ээлери – Аллах Тааланын ушул аятына ылайык, жакшылыктарда өз ара жарышат: Ким Ал Затка жакшы амалдарды кылган момун абалда келсе, анда, дал ошол (адамдар) үчүн жогору даражалар”. [20:75]

Аллахым, Өз рахматы жана ихсаны менен силер менен бирге бизди да фазилет ээлери менен бирге кылсын! Омин!

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here