Сауд Арабия жана Түркия – Шам революциясы чыныгы жүзүн ачкан эки режим

53
0

Сауд Арабия жана Түркия – Шам революциясы чыныгы жүзүн ачкан эки режим

Аллах Шам элине дүйнөнү титиреткен тарыхый жеңиш насип кылгандан кийин, диктатор Асад кыйраганын көргөн башкаруучулар эмне кыларын билбей нес болуп, Шамдагы окуяларды көз жаздымда калтырбай байкап турушту…

Бүгүн кылмышкер Башар кулатылгандан кийин эки ай өткөндө, дүйнөнүн ар кайсы тарабынан саясий делегациялар жаңы администрация менен жолугуу үчүн агылып келе баштады. Алар Сириянын келечеги жөнүндө сүйлөшүүгө, ошондой эле өз долбоорлорун сунуштап, ар кандай маселелерди, анын ичинде:

– Башкаруу системасын жана жаңы Конституцияны талкуулоо;

– Экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, реконструкциялоо;

– АКШ менен Европанын санкцияларын жеңилдетүү;

– Коопсуздук жана кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу;

– Бирдиктүү Сирия армиясын түзүү;

– Билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика жана өнүгүү маселелери сыяктуу татаал темаларды сүйлөшүүгө аракет кылып жатышат.

Жаңы өкмөттүн көз карашы жана биринчи дипломатиялык сапары

Жаңы өкмөттүн келечекке болгон көз карашы Тышкы иштер министри Шайбани тарабынан “Financial Times” басылмасына берилген маегинде ачык айтылды. Ал төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Сирия тышкы жардамга көз каранды болбошу керек. Маселе санкцияларды жеңилдетүүдө, Сирия өзүнө карата санкциялар алынышын көздөйт. Жаңы өкмөттүн революцияны экспорттоо же башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү планы жок – бул Сириянын сырткы саясатынын түп-тамырынан өзгөрүүсүн билдирет. Мамлекеттик портторду жана заводдорду менчиктештирүү, чет элдик инвестицияларды тартуу пландаштырылып жатат”.

Бул жаңы көз карашты ишке ашыруу үчүн жаңы жетекчилик араб жана аймактык өлкөлөр менен саясий жана экономикалык байланышын чыңдоого аракет кылууда. Сауд Арабияга жасалган расмий сапар дал ушул максатты көздөдү. Президент Ахмад Шара жана тышкы иштер министри Асъад Шайбани Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман менен жолугушту.

Сауд Аравия менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттары

Шара Саудияга жасаган сапарынан кийин мындай деди: «Биз ар кандай тармакта байланыштарды жана кызматташууну жогорулаттык, айрыкча гуманитардык жана экономикалык маселелерде. Энергетика, технология, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча кеңири пландарды талкууладык. Биздин максат – аймактык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоо, Сирия элинин экономикалык абалын жакшыртуу».

Ал эми Давостогу экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Тышкы иштер министри Шайбани Сауд Арабиянын «Vision 2030» стратегиясын мактап, аны Сириянын келечеги үчүн үлгү катары колдонсо болорун белгиледи.

Ички иштер министри Али Кадда болсо мындай деди: «Биз Саудиянын «Vision 2030» программасынан сабак алууну каалайбыз жана Сирия Саудиялык инвесторлордун көңүл борборуна айланышын көздөйт. Президент Шаранын Саудияга жасаган сапары – жаңы мамилелердин башталышы». Ал ошондой эле Сириянын реконструкциялоо программасы Саудияда каралып жатканын жана бул жаңы өкмөттүн приоритеттик маселелеринин бири экенин белгиледи.

Ахмад Шаранын Түркияга болгон сапары жана Анкара менен түзүлгөн коргонуу келишими

Сауд Арабияга жасаган сапарынан кийин Ахмад Шара Түркияга жол тартты. Аны Түркиянын президенти Эрдоган расмий түрдө чакырган. Президенттик администрациянын маалыматтарына ылайык, эки тарап коргонуу боюнча биргелешкен келишимге кол койгон, анын ичинде:

– Түркия Сириянын борбордук бөлүгүндө аба базаларын түзөт;

– Жаңы Сирия армиясын машыгуудан өткөрөт;

– Түркия Сириянын аба мейкиндигин аскердик максатта колдонууга мүмкүндүк алат;

– Түрк армиясы Сириянын аба мейкиндигин коргоо милдетин алат;

– Сириянын чөлдүү аймактарында (бадия) эки түрк аскер базасын куруу пландалууда;

– Бул базалар Сирия аймагын келечектеги кол салуулардан коргоого жардам берет;

– Болжолдонгон базалар Тадмор аскердик аэродрому жана T4 базасынын аймагында курулушу мүмкүн.

Сауд Арабиянын ролу жана анын АКШ менен байланышы

Ким болбосун Сауд Арабиянын режими АКШга толук баш ийгенин билет. Эр-Рияд Вашингтондун уруксатысыз эч кандай кадам жасай албайт. АКШ аны Шам элине жана алардын ыйык революциясына каршы колдонуп келген. Сауд Арабия берген «уулуу жардам» жана акча каражаттары революцияны басууга аз эле калган. Андан тышкары, Сириядагы козголоңду жок кылуу жана аны Асад режими менен элдештирүү максатында өткөрүлгөн кутум конференцияларын да Эр-Рияд колдоп келген. Ошондуктан, Сауд Арабиянын Сирияга экономикалык долбоорлор жана реконструкциялоо деген шылтоо менен кайрадан кийлигишүүсүнөн этият болуу керек. Эгер бул ишке ашса, анда Сирия келечекте АКШнын каалоосуна баш ийип, анын талаптарына баш ийүүгө мажбур болот.

Түркиянын да мурдагы ролу ачык-айкын. Акыркы жылдарда Анкаранын Сирия революциясын Асад режими менен элдештирүүгө аракет кылганы эч кимге жашыруун эмес. Бул аракеттер АКШнын БУУнун 2254-резолюциясын аткаруу пландарына ылайык жүргүзүлгөн, анын максаты – Шам революциясын жок кылуу жана Дамасктагы кылмыштуу режимди сактап калуу.

Бүгүн, Асад режими кулагандан кийин, Түркия режими жаңы өкмөт менен тыгыз байланыш түзүп, ага басым көрсөтүп, АКШнын каалаган нугунан чыкпашы үчүн аракет кылууда. Түркиянын максаты – Сириянын келечекте исламга жана анын коргоочуларына орун бербеген секулярдык мамлекет болушун камсыз кылуу. Ошол эле учурда светтик идеологиянын жактоочуларына жана алардын лидерлерине жаңы өкмөттү түзүүгө жол берүү аракеттери күч алууда.

Жакында эле Түркиянын тышкы иштер министри Катарга жасаган сапарында мындай деди: «Мен Катардагы сүйлөшүүлөрүмдө Сирия менен Палестинадагы акыркы окуяларды жана Сирияга коюлган эл аралык санкцияларды алуу маселесин талкууладым.» Ал ошондой эле: «Сирияда терроризмге орун жок болушу керек», – деп кошумчалады.

Бул билдирүү менен Түркия АКШнын аймактагы стратегиясына кызмат кылып жатканын дагы бир жолу далилдеди. «Терроризм» деген шылтоо менен алар исламды жана анын жайылуусун колдогон бардык кыймылдарды жок кылууга аракет кылып жатышат. Андан тышкары, Түркия Сирияда расмий түрдө аскердик базаларын түзүүгө жана өз күчтөрүн өлкөдө узак убакытка калтырууга аракет кылып жатат, бул болсо Шам элине болгон басымды күчөтөт.

Түркиянын жаңы Сирия армиясын түзүп, аны өз көзөмөлүнө алуу аракети да АКШнын көздөгөн максаттарына шайкеш келет. Ошентип, Түркия жаңы өкмөттүн аскердик жана коопсуздук саясаты толугу менен Вашингтондун көзөмөлүндө болушун камсыз кылууга жардам берип жатат.

Акырында айтаарым, Аллах Таала бизге чоң сый-урмат көрсөтүп, жеңиш насип кылды. Революция жылдарында ким дос, ким душман экенин даана көрсөтүп берди. Биз мусулман өлкөлөрүндө орногон азыркы режимдерден эч качан жакшылык көргөн жокпуз. Алар ар дайым бизге каршы кутум уюштуруп, алдоо жана чыккынчылык менен алек болушту. Ошондуктан, алардан этият болуп, арабызда Аллахка болгон байланышты бекемдөөбүз керек.

Биз бүгүнкү жеңишибиз үчүн эч бир мамлекетке эмес, Аллахка шүгүр айтабыз. Анткени Ал бизге эч кимдин жакшылыгына муктаж болбостон, Өзүнүн таза жеңишин берди. Ошондуктан, мындан ары да Аллахка шүгүр кылып, Исламды Шам элинин жана бүтүндөй адамзаттын куткаруучу долбоору катары көтөрүүгө тийишпиз. Эгер биз анын мыйзамдарын жер жүзүнө орнотуу үчүн аракет кылсак, Аллах бизге мындан да чоң ийгиликтерди насип кылат.

Ислам – кыйраган режимдин ордун басчу адилеттүү система. Ал элдердин укугун коргойт, Шам элинин курмандыктарын актайт жана жер бетинде адилеттикти орнотот. Ошондой эле биз унутпашыбыз керек – жеңишти алып келген негизги күч – элдин колдоосу. Эл – бийликтин негизги булагы. Өз элинин колдоосуна ээ болгон жетекчи эң оор сыноолордо да бекем туруштук бере алат.

Аллах Таала бизден кандай иш-аракет кылаарыбызды карап турат:
Биз Анын ыраазылыгын издеп, Шариатын өкүмдар кылабызбы?
Же Батыштын ыраазылыгы үчүн аракет кылып, алар каалаган секулярдык мамлекетти түзүүгө макул болобузбу?

Роя гезити

Шадий Аль Абуд

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here