Энесин өлтүргөн Маңкуртту билесиңерби

115
0

Энесин өлтүргөн Маңкуртту билесиңерби

بسم الله الرحمن الرحيم

Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасында, маңкурт – туткунга алынган, рухсуз кул болуп, кожоюнуна кынтыксыз баш ийген, эс-тутумун жоготкон адам катары сыпатталат.

Чыгармада туткунга түшкөн адамдын чачы алынып, башына жаңы союлган төөнүн териси кийдирилет. Андан соң анын кол-буту байланып, башын жерге тийгизбеши үчүн мойнуна чоң такта кийдирилип, ошол абалда бир нече күн чөлгө таштап коюлат. Чөлдүн аптабы астында төөнүн териси катып, тырышып, бечара туткундун башын сыга баштайт, анын тикендей өсө баштаган чачы терисине тийип, абдан оорутат, анын үстүнө чаңкоо жан чыдагыс азапка салат.

Белгилүү бир убакыт өткөн соң, туткун өлөт же эс-тутумун бүтүндөй жоготуп, идеалдуу кулга айланат. Эрксиз, кожоюнуна иттей моюн сунган маңкурт кулдар катардагы башка кулдардан кымбат турган.

«Кылым карытар бир күн» романында Найман уруусунан чыккан Дөнөнбайдын уулу, мерген жигит Жоламан жуңжаңдарга туткунга түшүп калып, маңкуртка айландырылган. Баласынын күйүтүн тартып жүргөн Найман-Эне уулун узак убакыт издеп жүрүп, акыры табат. Бирок, маңкурт уулу аны тааныбайт. Таануу биякта турсун, маңкурт өзүнүн мерген колу менен кожоюндарынын буйругун аткарып, жаа менен өз энесинин жүрөгүнө жазыксыз ок атат…

«Маңкурт» сөзү өтмө мааниде өз тарыхын, өз насилин, өзүнүн өзөгүн унуткан кишиге карата айтылат. Маңкурт сөзү публицистикада өз баалуулуктарын, өзүнүн негизин, өздүгүн унуткан, жоготкон адамдын символуна айланды. Ушул сөздөн алынган маңкурттук (манкуртизм) сөзү да колдонууга кирип калды. Бул сөз айрыкча Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Татарстан, Башкырстанда өзүнүн улуттук маданиятына кайдыгер карабагандар үчүн акарат сөзгө айланды.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов бүгүнкү муундун мына ушундай өздүгүн жоготкон, бирок колунан бардык нерсе келген өкүлдөрүн маңкуртка окшоткон. Өздүгүн билбеген бул муун романда өз улутташтарын «эл душманы» катары камап, өлтүрүп, маашырканат. Ага бул укукту, бул мансапты ким берсе, ошол ага кожоюн. Кожоюндары ага эмнени буйруса, ошону гана кылат. Ал эртели кеч ошол кожоюндарына жагынуу аракетинде болот.

Аллах Таала акыйкаттарды бизге Куръан жана Расулу Мухаммад соллалоху алайхи ва саллам аркылуу билдирди, Исламды ниъмат кылып берди. Ага кулак салып, шариат негизинде жашаганыбызда ар бир тармакта жетекчилик кылган Үммөт болдук, башкаларга жашоону үйрөткөн жетекчилер болдук, адабиятта гана эмес, ар кандай тармакта: астрономия, математика, химия, физика, медицина сыяктуу тармактарда да бизден улуу аалымдар чыкты, ачылыштар бизден башталды, армиябызга душмандар “жеңилгис” деген наам беришти жана башка…

Ижтихадды токтотуп, таклидге жапырт өткөнүбүздөн кийин пикирлебей койдук. Жогоруда айтылган романда өз энесин өлтүргөн, душмандары “каарман” деп баалаган “Жоламандын” образы сыяктуу өз аалымдарына, даъватчыларга каршы чыккан манкурт болуп – Куръанда айтылгандай – акыйкатты, насихатты түшүнбөгөн иттерге айланып калдык. Манкуртизм балээси жалпылашты, бул да чындык. Маңкуртту итке окшотуу Куръанда да келген. “Аъроф” сүрөсүндө Аллах Таала айтат:

وَٱتۡلُ عَلَیۡهِمۡ نَبَأَ ٱلَّذِیۤ ءَاتَیۡنَـٰهُ ءَایَـٰتِنَا فَٱنسَلَخَ مِنۡهَا فَأَتۡبَعَهُ ٱلشَّیۡطَـٰنُ فَكَانَ مِنَ ٱلۡغَاوِینَ () وَلَوۡ شِئۡنَا لَرَفَعۡنَـٰهُ بِهَا وَلَـٰكِنَّهُۥۤ أَخۡلَدَ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُۚ فَمَثَلُهُۥ كَمَثَلِ ٱلۡكَلۡبِ إِن تَحۡمِلۡ عَلَیۡهِ یَلۡهَثۡ أَوۡ تَتۡرُكۡهُ یَلۡهَثۚ ذَّ ٰ⁠لِكَ مَثَلُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِینَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔایَـٰتِنَاۚ فَٱقۡصُصِ ٱلۡقَصَصَ لَعَلَّهُمۡ یَتَفَكَّرُونَ

«Эгер кааласак аны ошол аяттар себептүү (жогору даражаларга) көтөрүп коёр элек. Бирок ал жерге (т.а. мал-дүйнөгө) берилди жана өз нафсисин ээрчип кетти. Демек, ал куду бир итке окшойт, аны айдасаң да тилин салаңдатып тура берет, же (өз жайына) койсоң да тилин салаңдатып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалган деген адамдардын мисалы. Алар пикирлеши үчүн бул кыссаны айтып бер» [7:175-176].

Бу сыяктуу жүздөгөн аяттарда Аллах Таала акылыбызды иштетүүгө, пикирлөөгө буйруп жатат.

Маңкуртизм балээсине туш болгон АДАМ – пикирлөө ниъматын жоготкон бечара инсан. Андайларга туура пикирлерди баян кылуу жетиштүү эмес, анын пикирлөө функциясы колониялдык саясаттын натыйжасында иштелип чыккан, ооруга учураган. Андай инсандарды үрп-адат оңдойт. Пикирлөө, акыйкатты, адилетти өкүмдар кылууга салымыбызды кошуу, Исламды үйрөнүүгө көбүрөөк маани берүү менен манкуртизм балээсинен өзүбүздү да, манкуртизм балээсине кабылган бурадарларыбызды да, келечек муунду да сактап калабыз, иншаАллах.

Исламды түшүнбөсөк, иштерди Аллах Таала ыраазы болгондой аткара албайбыз, аталышы бар, бирок маани-маңызы жок болот. Маселен, биз, момун-мусулмандар, Аллах Таала бардык нерсени жоктон бар кылган Жаратуучу деп моюнга алдык, ыйман келтирдик. Насихат – диндин негизи, намаз – куфр менен мусулманды бөлгөн тирөөч. Эми Аллахка насихат кылбасак т.а. 5 маал намазды сүннөттөрү менен окуганыбызда эле 32 жолу: жалгыз Өзүңө гана кулдук кылабыз, Өзүңдөн гана жардам сурайбыз (اياك نعبد و اياك نستعين) деп убада беребиз, убадабызды ар бир рекетте жаңылайбыз. Маңкурт болбосок, айтып жаткан сөзүбүздү, эч болбогондо намазда окуп жаткан сүрө-фатиханы түшүнсөк, нафсибизге да, өзүбүзгө окшогон инсан чыгарган өкүмдөргө да кулак салбастан, шариат боюнча гана жашайбыз, ошондо Аллахка насихат кылып, ыраазылыгына жетебиз, иншаАллах. Акыйкатсыздыкта болгондон көрө кеч болсо да акыйкатка кайтуу абзел, азыр да мүмкүнчүлүк бар, тирүү болгонубуздан соң тообо эшиктери ачык, ката-кемчиликти оңдоо мүмкүн. Аяттардын маанисин туура түшүнүп, аларга амал кылуубуз, таъвил кылбастан-бурмалабастан, андагы болгон акыйкатты баян кылуубуз менен Куръанга насихат кылабыз, жайнамазда Аллахка ачык жүз менен бет келебиз, жүрөгүбүз ыйман менен шаттанат, кадыржамдык ниъматына жетебиз.

Хадистерди саясатка туура келбейт деп зарылдарын жашырбастан, баарын, айрыкча, көпчүлүктү адашуудан сактап кала турган, азыркы күндө зарыл болгондорун жеткирүүгө аракет кылуу менен Расулуллахка (с.а.в.) насихат кылабыз. Башчыларыбызды мухасаба кылуу-тергеп-тескөө, аларды туура эмес саясаттардан кайтаруу, адилетке, акыйкатка чакыруу менен имам-башчыларга насихат кылабыз, бири-бирибизди акыйкатка чакырууда баарына насихат кылабыз. Анткени насихат – акыйкат үстөм болушу, адамдарды акыйкатка кайтаруу үчүн жүрөктөн аракет кылуу, акыйкаттарды булгобоо, аят-хадистерди жашырбоо, башка маанилерде таъвил кылбоо, мунафыктык кылбоо, тескерисинче калыстык кылуу. Расулуллах соллалоху алайхи ва саллам мындай деген:

الدين النصيحة قلنا لمن قال لله ولكتابه ولرسوله ولأئمة المسلمين وعامتهم

 … “Дин – насихат”. Биз: Кимге? – деп сурадык. Ал киши: “Аллахка, Китебине, Пайгамбарына, мусулмандардын башчыларына жана жалпысына”, – деп жооп берди. Муслим риваяты.

Андыктан, Динди кабыл кылдык, демек эки жүздүүлүк, мунафыктык жок. Дин – насихат. Хадисте насихат динден делбеди, Дин – насихат делди.

Төмөнкү риваят үрп-адаттын бузулушунан кескин кайтарууда, акыбети жаман экенин эскертүүдө:

«Жок, Аллахка касам, силер маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар жана залимди колунан кармап, аны мажбурлап акыйкатка моюн сундуруп, акыйкатка чектейсиңер, антпесе Аллах айрымдарыңар менен айрымдарыңардын жүрөктөрүнө сокку берет, андан кийин силерди да Бану Исраилди наалаттагандай наалаттайт». (Абу Давуд жана Тирмизий риваяты).

Манкуртизмге адаттанып, яхудийлердей каргышка калган эл болуп калуубуздан Роббим Өзүң сактагын!

Дин бар болгон соң, т.а. аны кабыл алып, амал кылган момун-мусулмандар бар болгон соң, адамдар акыйкатка чектелет, зулум, бузгунчулук, бирөөлөргө азар берүү, жазыксыз адам өлтүрүү, тухмат кылуу, алдоо токтойт, салих амалдарды кылуу үрп-адатка айланат, бакубат жашоо башталат. Андай момундарга Аллах Таала бул дүйнөдө Анын орун басары болууну, дүйнөдө бакубатчылыкты, Акыретте түбөлүк жаннатты убада кылууда. Аллах убадасына тескери иш кылбайт:

وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ مِنكُمۡ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَیَسۡتَخۡلِفَنَّهُمۡ فِی ٱلۡأَرۡضِ كَمَا ٱسۡتَخۡلَفَ ٱلَّذِینَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَلَیُمَكِّنَنَّ لَهُمۡ دِینَهُمُ ٱلَّذِی ٱرۡتَضَىٰ لَهُمۡ وَلَیُبَدِّلَنَّهُم مِّنۢ بَعۡدِ خَوۡفِهِمۡ أَمۡنࣰاۚ یَعۡبُدُونَنِی لَا یُشۡرِكُونَ بِی شَیۡـࣰٔاۚ وَمَن كَفَرَ بَعۡدَ ذَ ٰ⁠لِكَ فَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡفَـٰسِقُونَ

“Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар. [24:55]. Ниса сүрөсүнүн 122-аятында айтат:

وَٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ سَنُدۡخِلُهُمۡ جَنَّـٰتࣲ تَجۡرِی مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَـٰرُ خَـٰلِدِینَ فِیهَاۤ أَبَدࣰاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقࣰّاۚ وَمَنۡ أَصۡدَقُ مِنَ ٱللَّهِ قِیلࣰا

“Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарды болсо астынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизебиз, алар ал жерде түбөлүк жашашат. Бул Аллахтын чын убадасы. Аллахтан чынчылыраак ким бар?

Абдулла ибн Абдухалик

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here