Сауд Арабиянын яхудий мамлекети менен нормалдашуусу
Сауд Арабия менен АКШнын ортосундагы мамиленин Дональд Трамп башкарган кездеги жылуулугу, негизинен мураскер ханзаада Мухаммад бин Салмандын кылган чоң кызматына байланыштуу. Атап айтканда, Трамп өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө сауд журналисти Жамал Хашоггинин Стамбулда өлтүрүлүшүн жаап-жашырган. Бул кылмышка Мухаммад бин Салман түздөн-түз тиешеси бар экени ачык болсо да, Трамптын көрсөтмөсү менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аны актай салган. Андан кийин көпчүлүк дүйнө лидерлери аны четке какса да, Трамптын сунушу менен ал кайрадан легитимдүү башкаруучу катары кабыл алынган. Ошондуктан, Трамп бул жолу Сауд Арабияга баруу үчүн 450 миллиард доллар сурап, андан соң бул сумманы 1 триллион долларга чейин көтөргөнү таң калычтуу эмес. Анткени ал, Мухаммад бин Салман АКШга баш ийген кадр экенин жана Трамп буга чейин ага чоң колдоо көрсөткөнүн билет. Ошондуктан, ханзаада Трамптын каалаган буйругун аткарууга толугу менен даяр. Анткени Трамп анын кожоюну гана эмес, анын коргоочусу, тактысын сактап туруучу жана келечектеги бийлигине кепилдик берүүчү адам.
Бирок, Мухаммад бин Салман өзүнүн коопсуздугунан корккондуктан, өз мамлекетине жана тактысына түздөн-түз АКШнын коргоосун талап кылууда. Бул – анын бийлигине жана Сауд үй-бүлөсүнүн башкаруусуна коркунуч жараткан ички жана тышкы факторлордон чочулаганынан улам болуп жатат. Айрыкча, Нажд жана Хижаз элинин бийликти тамырынан жок кылуучу көтөрүлүшүнөн коркууда. Ошондуктан, ал Сауд үй-бүлөсүнүн бийлигин сактап калуу үчүн АКШ менен коргонуу жана коопсуздук боюнча келишим түзүүнү көздөп жатат. Бул келишим Сауд Арабиянын яхудийлер мамлекети менен нормалдашуусунун негизги шарты болууга тийиш деп эсептейт.
Бул талап Сауд Арабия тарабынан АКШнын администрациясына бир нече жолу расмий түрдө коюлган. 2024-жылдын 22-майында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында Эр-Риядда жолугушкандан кийин, эки өлкө ортосундагы коопсуздук келишими боюнча кабарлар тарай баштаган. Бул келишим Сауд Арабиянын АКШ менен коопсуздук жаатында кызматташтыгын күчөтүп, анын яхудий мамлекети менен нормалдашуу процессине тыгыз байланыштуу. Ошондой эле Сауд Арабиясына кытай курал-жарактарын сатып алууга тыюу салуу жана кытай инвестицияларын чектөө шарттарын камтыйт.
Бирок, иш жүзүндө мындай келишимдин түзүлүшүнө олуттуу тоскоолдуктар бар. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- АКШ Конгрессинин каршылыгы. Бул келишимге кол коюу үчүн Конгресстин үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу талап кылынат. Бирок, бул оңой иш эмес жана добуш берүү учурунда өтүшү өтө кыйын.
- Палестина маселеси. Сауд Арабия мурунку Байден администрациясынын багыты боюнча яхудий мамлекети менен нормалдашууга баруу үчүн Палестина мамлекетин түзүү идеясын кабыл алууга тийиш деген талап коюуда. Бирок, Нетаньяху өкмөтү муну такыр мүмкүн эмес деп эсептейт жана бул идея келечектеги “Израил” өкмөттөрү тарабынан да кабыл алынбайт. Анткени, “Израил” парламенти (Кнессет) көпчүлүк добуш менен Палестина мамлекетин түзүүгө жол берилбесин деген чечим кабыл алган.
- Саудиянын өзөктүк программасы. Сауд Арабия АКШдан атомдук энергияны тынчтык максатында колдонууга уруксат берүүнү талап кылууда. Бирок, яхудий мамлекети буга катуу каршы чыгып, Саудиянын бул программасын келечекте аскерий максатта колдонушу мүмкүн деп кооптонууда.
Мындан улам, Трамп Сауд Арабия менен яхудий мамлекети ортосунда чектелген гана нормалдашуу орнотууга ыраазы болушу мүмкүн. Бул толук кандуу тынчтык келишими же расмий нормалдашуу пактысы болбойт. Трамп да бул маселеде так позициясын билдирген. Ал бир журналисттин: “Сиз яхудий мамлекети менен Саудиянын мамилесин нормалдаштырууну талап кыласызбы?”, деген суроосуна: «Мен аларды мажбурлоонун кажети жок деп ойлойм. Бул нерсе өзү эле болот, бирок азырынча эмес», – деп жооп берген.
Ал эми Трамптын экинчи мөөнөтүндөгү негизги максаты – экономикалык жактан пайдалуу келишимдер түзүү. Анын негизги артыкчылыгы – саясий татаал келишимдерди түзүү эмес, каржылык жактан пайдалуу соодалашууларды жүргүзүү.
Роя гезити
Абу Хамза Аль Хатвани