Эй, мусулман аалымдары, кайдасыңар?!
Салафа Шуман
Байтул-Макдис (Кудус)
Аллах Таала айтты:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ وَٱلدَّوَآبِّ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ مُخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهُۥ كَذَٰلِكَۗ إِنَّمَا يَخۡشَى ٱللَّهَ مِنۡ عِبَادِهِ ٱلۡعُلَمَٰٓؤُاْۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ
«Аллахтан эң катуу коркуучу – бул аалымдар» (Фатыр, 28).
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Эки топ бар: эгер алар оңолсо, коом да оңолот, эгер бузулса, коом да бузулат. Алар – аалымдар жана башкаруучулар» (Абу Нуайм «Хиля»да Ибн Аббастан риваят кылган, Суюти «Жами ас-Сагир»де келтирген).
Аалымдар – Аллах тарабынан дин илими жана ислам билимдери берилип, даанышмандык жана илим менен сыйланган инсандар. Алар адал менен арамды эң жакшы билишет… Аалымдар – Аллахтын улуулугун эң жакшы түшүнгөндөр. Ошондуктан алар Аллахтан эң катуу корккон болушу керек. Алар илимди көтөрүп, андан кийин коомду оңдоо үчүн аракет кылышы зарыл.
Мындай сапаттарга ээ болгон адам Аллахтын өкүмүн аткарууга, акыйкатты жаюуга жана туура жолго муктаж болгон адамдарды насаат кылууга умтулат. Бул албетте, башкаруучуларга да, карапайым элге да тиешелүү. Элге акыйкатты түшүндүрүү, жакшы иштерге үндөө жана жамандыктан кайтаруу – эң чоң фарздардын бири. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Мухаммаддын жаны колунда болгон Аллахка ант берем, силер жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарбасаңар, Аллах силерге Өз жазасын жөнөтөт. Ошондо Аллахка дуба кыласыңар, бирок ал кабыл алынбайт» (Тирмизи, Абу Дауд).
Аалымдар – зулумдукту токтотууга жана зулумга учурагандарга адилеттик кылууга эң биринчи жооптуу кишилер. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Шахиддердин мырзасы – Хамза жана заалим башкаруучунун алдында акыйкатты айтып, ошол себептен өлтүрүлгөн киши» (Хаким, Байхаки). Дагы бир хадисте: «Эң улуу жихад – заалым башкаруучунун алдында айтылган акыйкат сөз» (Абу Дауд, Тирмизи).
Чындык менен жалгандын, адилеттүүлүк менен зулумдуктун айырмасын эң жакшы билген ким? Албетте, аалым! Туура жолду жана коомду оңдоонун шарияттагы жолун эң жакшы билген ким? Албетте, аалым! Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айткандай, коомдун оңолушу же бузулушу аалымдар менен башкаруучуларга байланыштуу. Эгер башкаруучу бузукулук кылса, анда аны токтотуу аалымдардын милдети болот. Эгер алар чыныгы аалымдар болушса, анда коомду бузулуудан сактап калышат. Чыныгы аалымдар ар кандай доордо жана ар кандай жерде бар.
Куран жана хадистер аалымдардын даражасын жана улуулугун даңазалаган:
– Аллах Таала айтат:
شَهِدَ ٱللَّهُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَأُوْلُواْ ٱلۡعِلۡمِ قَآئِمَۢا بِٱلۡقِسۡطِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
«Аллах, периштелер жана илим берилгендер Аллахтын адилеттик менен башкаруусуна күбө» (Али Имран: 18). Бул аятта Аллах биринчи Өзүн, андан кийин периштелерди жана үчүнчү болуп аалымдарды атаган. Бул – аалымдардын улуулугунун далили!
– Аллах Таала айтты:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَكُمۡ تَفَسَّحُواْ فِي ٱلۡمَجَٰلِسِ فَٱفۡسَحُواْ يَفۡسَحِ ٱللَّهُ لَكُمۡۖ وَإِذَا قِيلَ ٱنشُزُواْ فَٱنشُزُواْ يَرۡفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ دَرَجَٰتٖۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
«Аллах силердин араңардан ыйман келтиргендерди жана илим берилгендерди даражаларда көтөрөт» (Мужадила: 11). Ибн Аббастын айтуусу боюнча, аалымдардын даражасы момундардын даражасынан 700 баскыч жогору турат, ар бир баскычтын ортосунда 500 жылдык аралык бар.
– Аллах Таала айтты:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ وَيۡلَكُمۡ ثَوَابُ ٱللَّهِ خَيۡرٞ لِّمَنۡ ءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗاۚ وَلَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ٱلصَّٰبِرُونَ
«Илим берилгендер (кафирлерге): «Силерге кайгы болсун! Аллахтын сыйлыгы – ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн жакшыраак» дешти» (Касас: 80).
– Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Аллах кимге жакшылыкты кааласа, ага динди түшүнүүнү насип кылат» (Бухари, Муслим).
– Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору» (Тирмизи, Абу Дауд). Ал эми пайгамбарлыктан жогору даража жок жана ошол даражанын мураскорлору болуу – эң чоң сыймык!
– Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Аалым үчүн асмандагы жана жердеги бардык жаратылгандар (периштелерден баштап, суудагы балыктарга чейин) Аллахтан кечирим сурайт» (Тирмизи, Ибн Мажа). Бул кандай гана улуу даража!
– Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Аалымдын өлүмү – орду толгус жоготуу, ал бүтүндөй элдин өлүмүнө караганда да чоң жоготуу. Аалым асмандагы жылдыз сыяктуу, ал өчкөндө караңгылык каптайт» (Табарани, Абу Дарда риваят кылган).
– Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Кыямат күнү аалымдардын сыясы шахиддердин каны менен таразага тартылат» (Табарани).
– Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Аалымдын ибадаткөйдөн артыкчылыгы – менин силердин эң төмөнүңөрдөн артыкчылыгымдай. Анан мындай деди: «Аллах, периштелер жана асман-жердеги бардык жаратылгандар – уюгундагы кумурскалардан баштап, деңиздеги балыктарга чейин – адамдарга жакшылыкты үйрөткөн аалымга дуба кылышат»» (Тирмизи).
Пайгамбарыбыз (САВ) айтты:
«Аалымдын ибадат кылуучудан артыкчылыгы толгон айдын башка жылдыздардан артыкчылыгындай.»
Пайгамбарыбыз (САВ) айтты:
«Кыямат күнү үч түрдүү адам шапаат кылат: пайгамбарлар, аалымдар жана шахиддер».
Али ибн Абу Талиб (РА) айткан: «Жүрөктөр идиштер сыяктуу, эң жакшысы илимди көп камтыганы. Адамдар үч түрдүү болот: Роббани аалым, кутулуу жолунда илим үйрөнүүчү, ар бир үндү ээрчиген, ар кайсы тарапка агымдай жылган наадан адамдар, алар илимдин нуру менен жарык албайт жана бекем негизге таянбайт. Илим мал-мүлктөн артык. Илим сени коргойт, ал эми мал-мүлктү сен коргойсуң. Илим амал менен көбөйөт, ал эми мал-мүлк сарптоо менен азаят. Аалымды сүйүү – диндин бир бөлүгү. Илим ээси тирүүсүндө урматталат, өлгөндөн кийин да жакшы эскерилет. Ал эми мал-мүлккө таянган адам анын жоктугу менен унутулат. Байлыктын сакчылары өлгөнчө тирүү жүргөнсүйт, бирок аалымдар дүйнө бүтмөйүнчө жашайт. Алардын денелери жок болгону менен элеси жүрөктөрдө сакталып калат».
Абу Асвад айткан: «Илимден улук нерсе жок. Падышалар элге өкүм жүргүзөт, ал эми аалымдар падышаларга өкүм жүргүзөт».
Ибн Аббас (РА) айткан: «Сулайман пайгамбарга (АС) илим, байлык жана падышачылыктын бирин тандоо укугу берилди. Ал илимди тандады, ошондо ага байлык менен падышачылык да ыйгарылды».
Ибн аль-Мубаракка суроо берилди:
– Адамдардын мыктысы ким?
– Аалымдар.
– Падышалар ким?
– Дүнүйөгө кызыкпагандар.
– Ал эми жаман адамдар ким?
– Динди дүнүйө үчүн колдонгондор.
Хасан Басрий айткан: «Эгер илим болбосо, адамдар мал сыяктуу болуп калмак».
Имам Газали айткан: «Мурунку аалымдар адамдарга жакшылыкты буйруп, жамандыктан кайтарып, падышалардын каарына карабай акыйкатты айта беришкен. Алар Аллахтын коргоосуна ишенип, шахид болууга ыраазы болушкан. Чын ниет менен иш кылышкандыктан, алардын сөзү жүрөктөргө таасир этчү. Бирок азыр аалымдардын тилдерин дүнүйөгө болгон ач көздүк байлап койду. Эгер алар сүйлөсө да, сөздөрү менен амалдары дал келбейт. Акыбетте, алар натыйжага жетишпейт.
Элдин бузулуусу падышалардын бузулуусунан, падышалардын бузулуусу аалымдардын бузулуусунан, аалымдардын бузулуусу болсо дүйнөгө болгон сүйүүдөн келип чыгат. Дүнүйөнү сүйүп калган адам төмөнкү катмардагыларга каршы чыга албайт, анан падышаларга жана бийлик ээлерине кантип каршы чыгат?».
Бул аяттардан, хадистерден жана аалымдардын даанышман сөздөрүнөн Ислам дини аалымдарды кандай урмат-сыйга бөлөгөнүн көрүүгө болот. Анткени алар илимдин жардамы менен бул Үммөттүн хидаятын көтөрүп, акыйкатты тараткан жана өкүмдарларга насаат айтышкан. Ислам тарыхында аалымдардын зулумдуктун алдында акыйкатты айткан мисалдар көп. Алар ар кандай доордо акыйкатты коргоп, Аллахтан гана коркуп, эч кимдин жемесинен чоочубастан чындыкты айтып келишкен.
Бүгүнкү күндө болсо, Ислам Үммөтүнүн абалы оорлошуп, кафирлер ар тараптан кол салууда. Алар биригип, Исламга каршы согуш жарыялашкан. Бүгүнкү күндө, айрыкча, Аль-Аксаны курчап турган окуялардан кийин, чыккынчы режимдердин жүзү ачылып, Чыгыш менен Батыштын Исламга болгон жек көрүүсү ачыкка чыкты.
Эй, аалымдар! Силер бул жоопкерчиликти аркаладыңар. Эгер аны так аткарсаңар, бул дүйнөдө да, акыретте да ийгиликке жетесиңер. Бирок эгер бул улуу милдеттен четтеп кетсеңер, анда Аллахтын алдында эмне деп жооп бересиңер?!
Пайгамбарыбыз (САВ) айткандай, биз азыр эки топко бөлүнгөн заманда жашап жатабыз:
- Ичине эки жүздүүлүк кирбеген чыныгы ыймандуулар;
- Ичине ыйман кирбеген эки жүздүүлөр.
Кимибиз Ибн Таймия, Изз бин Абдуссалам сыяктуу аалымдардын жолун жолдоп, чыныгы аалым болуп, пайгамбарлардын мурасын улантып, акыйкатты коргоп, Аллахтан гана коркобуз?!
Булак: Ал-ваъй журналынын 460-61 санынан алынды