Бул үммөт бейиш ээлеринин жарымы

78
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Бул үммөт бейиш ээлеринин жарымы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахих” китебине шарх берип, “Бул үммөт бейиш ээлеринин жарымы” бөлүмүндө айтат:

حدثنا هناد بن السري حدثنا أبو الأحوص عن أبي إسحق، عن عمرو بن ميمون عن عبد الله قال: قال لنا رسول الله صلى الله عليه وسلم: “أما ترضون أن تكونوا ربع أهل الجنة؟ قال: فكبرنا، ثم قال أما ترضون أن تكونوا ثلث أهل الجنة؟ قال: فكبرنا، ثم قال: إني لأرجو أن تكونوا شطر أهل الجنة وسأخبركم عن ذلك، ما المسلمون في الكفار إلا كشعرة بيضاء في ثور أسود، أو كشعرة سوداء في ثور أبيض“.

“Бизге Ханад бин Аль-Сарри Ибн Абдуллахтан риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге мындай деди: “Силер бейиш ээлеринин төрттөн бири болооруңарга ыраазы эмессиңерби?». Ошондо биз “Аллаху Акбар” дедик. Анан айтты: “Силер бейиш ээлеринин үчтөн бири болооруңарга ыраазы эмессиңерби?”. Биз “Аллаху Акбар” дедик. Анан айтты: “Силер бейиш ээлеринин жарымы болосуңар деп үмүт кылам. Мен муну силерге айтам. Мусулмандар каапырларга караганда (саны жагынан) кара буканын ак темгили сыяктуу же ак буканын кара темгили сыяктуу (аз болушат).

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул Аллах Тааланын бизге өзгөчөлөнтүп берген сый-урматы? Ар түстүү элдердин арасынан бул үммөтткө берилген мындай сый-урматттан жогору кандай сыйлык бар? Демек, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын сахабалары такбир айтышкандай силер да такбир айткыла. Ооба, бул хадис Аллах Тааланын көптөгөн аяттарында айтылган сөздөрдү тастыктоо катары келди. Аллах Таала айтат:

(وَإِنْ تُطِعْ أَكْثَرَ مَنْ فِي الْأَرْضِ يُضِلُّوكَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَخْرُصُون

“Эгер жер жүзүндөгүлөрдүн көбүнө моюн сунсаң, алар сени Алланын жолунан адаштырышат. Алар күмөндөн башкага ээрчишпейт жана жалган айтышат”. (Анъам: 116).

Нух (а.с)дын коому жөнүндө Алла Таала айтты:

وَمَا آَمَنَ مَعَهُ إِلَّا قَلِيلٌ

“Аны менен бирге аз гана адамдар ыйман келтирди”.

Дагы Юсуф сүрөсүндө мындай деген:

وَمَا يُؤْمِنُ أَكْثَرُهُمْ بِاللَّهِ إِلَّا وَهُمْ مُشْرِكُون

Алардын көбү Аллага ыйман келтиришпейт. Алар (Аллага) шерик кошушат”. (Юсуф: 106). Сад сүрөсүндө мындай деген:

قَالَ لَقَدْ ظَلَمَكَ بِسُؤَالِ نَعْجَتِكَ إِلَى نِعَاجِهِ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ الْخُلَطَاءِ لَيَبْغِي بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ إِلَّا الَّذِينَ آَمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَقَلِيلٌ مَا هُمْ

(Давуд       доочунун сөзүн тыңдабастан) айтты: «Акыйкатта ал өзүнүн койлоруна сенин коюңду кошо сурап зулумдук кылыптыр. Чындыгында көп жоро-жолдоштор бир-бирине зулумдук кылышат. Жалгыз ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган кишилер гана (зулумдук кьшышпайт. Бирок) алар абдан аз». (Сад: 24).

Алла Таала Сабаъ сүрөсүндө мындай деген:

اعْمَلُوا آَلَ دَاوُودَ شُكْرًا وَقَلِيلٌ مِنْ عِبَادِيَ الشَّكُورُ 

«(эй) Давуддун үй-бүлөсү, (Алла силерге берген бул нематтардын) шүгүрү үчүн таат-ибадат кылгыла! Пенделеримдин арасында шүгүр кылуучу (заттар абдан) аз». (Сабаъ: 13).

Эй мусулмандар!

Бул биздин улуу Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүнчүсү. Бул сүйүнчү сизерде өзгөрүү пайда кылбайбы? Бейиш ээлеринен болуу үчүн жүрөктөн түнөк таппайбы? Айрыкча, Аллахтын өкүмү жер бетинде жок болуп, үммөт бир кылым бою запкы тартып жаткан учурда, Аллахтын өкүмүн жер бетине кайра калыбына келтирүү үчүн ак ниет, калыс амал кылуучулар менен бирге амал кылууга түрткү бербей жатабы? Аллах Таала жана Анын Элчиси тарабынан бейиш убада кылынган адам үчүн өзгөрүү зарыл болгон учурда унчукпай отурушу туура болобу?

Андыктан, келгиле жеңди түрүп, Хизб ут-Тахрир менен бирге Исламды жашоого толук алып келүү үчүн иш алып баралы. Бул үчүн эч кандай күч-аракетибизди аябайбыз деп убада кылганбыз. Улуу Арштын Роббиси болгон Аллах Тааладан биздин сөздү угуп, анын эң жакшысына ээрчигендерден кылуусун тилейбиз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 14-ражаб.

2025-ж, 14-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here