“Чечим чыгаруунун учуру келди”

148
0

“Чечим чыгаруунун учуру келди”

بسم الله الرحمن الرحيم

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Хизбди жана анын жигиттерин жакындан таанууга аракет кылып, өздөрүндөгү маалыматтар негизинде билгендерин элге жарыялады. Бул жарыядан маалым болгондой, Хизбде калкка зыян жеткире турган жардыруучу заттар, автомат, снайпер, мылтык сыяктуу адамдарды өлтүрө турган куралдар, химиялык заттар, аларды даярдай турган эч кандай лабораториялар жок экени ашкере болду.

Таркаткан баракчаларында болсо, Садыр Жапаров башында турган өкмөт сунуштаган Дин иштери боюнча мыйзамдын ар бир беренесине карата шарий пикирлер баяндалган. Мындай пикирди айтуу ар бир жарандын конституциялык укугу болуп саналат. А түгүл, мыйзам коомдук талкууда турган учурда президенттин өзүнүн талабы болгону баарыбызга маалым. Демек, президенттин талабы боюнча иш кылуу кылмыш эмес, тескерисинче, аны урматтоо болуп саналат.

Буга кошумча, Хизбге карата айтылып келген “Англия тарабынан каржыланат”, “ири өлчөмдө долларлар келет”, “хизбийлер акча үчүн иш кылат” деген сөздөр да өз тастыгын тапкан жок. Тескерисинче, ал сөздөр жалган жалаа экени, Хизб ишмердүүлүгү үчүн өз мүчөлөрү адал мээнет менен тапкан каражаттын бир бөлүгүн ыраазылык менен бериши, аны менен партиянын эл аралык деңгээлдеги материалдык иштери камсыздалышы айкын болду. (Ар бир кыймыл иш алып барууда материалдык тарапка муктаж экени, ансыз даават ишин алып баруу мүмкүн эместиги маалым). Бирок, Хизб жигиттери бул каражатты бай болгону үчүн же тапкан каражаты өзүнөн ашып калганы үчүн бербейт. Тескерисинче, алардын көпчүлүгү кембагал, муктаж болушса да, бирок Аллах Тааланын ыраазылыгын үмүт кылып, Расул (с.а.в)ды жакшы көргөнү үчүн ал Заттын мээнетин улантуу, бейишке жетип, тозоктон сактануу максатында беришет. Өздөрү муктаж болсо да, бул каражаты менен Алланын сөзү бийик болушуна салым кошушат. Алла Таала айтат:

وَیُؤۡثِرُونَ عَلَىٰۤ أَنفُسِهِمۡ وَلَوۡ كَانَ بِهِمۡ خَصَاصَةࣱۚ وَمَن یُوقَ شُحَّ نَفۡسِهِۦ فَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

“…ал турсун өздөрүндө муктаждык болсо-да, өздөрүн коё туруп (өзгөлөрдү) ыктыяр кылышат. Ким өз напсисинин бакылдыгынан сактана алса, дал мына ошолор нажат табуучу заттар [59: 9].

Дагы айтат:

إِنَّ ٱللَّهَ ٱشۡتَرَىٰ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِینَ أَنفُسَهُمۡ وَأَمۡوَ ٰ⁠لَهُم بِأَنَّ لَهُمُ ٱلۡجَنَّةَۚ

Албетте Алла момундардын жандарын жана малдарын алардан бейиш менен айырбаштап алды”. [9:111]. (Ушул соода алакада Аллах Таала кардар, момун адам сатуучу сыяктуу. Момун-мусулман болуу менен инсан өз жаны жана малын Аллага сатат. Алла Таала болсо момун пендесине малы, жанын Алланын жолунда сарптаганы үчүн Жаннатты берет. Мына ушул айырбаштоо менен соода бүтөт. Ошондуктан, момун-мусулман адам сооданы бузбаш үчүн Алла жолунда жаны жана малын берүүгө даяр турушу зарыл).

Төмөндөгү аятта Алла Таала тозоктон сактанууга буюрууда:

یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ قُوۤا۟ أَنفُسَكُمۡ وَأَهۡلِیكُمۡ نَارࣰا وَقُودُهَا ٱلنَّاسُ وَٱلۡحِجَارَةُ عَلَیۡهَا مَلَـٰۤىِٕكَةٌ غِلَاظࣱ شِدَادࣱ لَّا یَعۡصُونَ ٱللَّهَ مَاۤ أَمَرَهُمۡ وَیَفۡعَلُونَ مَا یُؤۡمَرُونَ

Эй момундар, силер өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар жана таштар болгон тозоктон сактагыла, ал (тозок) үстүндө катуу дил жана катуу кол, Алла өздөрүнө буюрган нерсеге баш ийбестик кылбай турган, жалаң гана өздөрүнө буюрулган нерсени кыла турган периштелер турат [66: 6].

Эми “Хизб ут-Тахрир”ди экстремизм-терроризм менен айыптоого, мыйзам аркылуу тыюуга келели. Кыянатчылыгы менен белгилүү болгон Аскар Акаевдин бийлиги Россиянын талабына ылайык, 2003-жылы сот аркылуу Хизбге карата “экстремисттик кыймыл” деген өкүм чыгарып, ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Анткени, көптөгөн каталарын, коррупциялык иштерин, мыйзамсыз мүлктөрүн, Россия пайдасы үчүн кылып жаткан кыянаттыктарын Хизб элге ашкере кылышынан коркту. Кийин маалымат каражаттары аркылуу Сталин 1937-жылдары эл баатырларын “басмачы” деп каралагандай, хизб  жигиттерин калк душманы катары көрсөтө баштады. “Европа өлкөлөрүнүн пайдасы үчүн элге зыян жеткирет”, “туруксуздук чыгарууну көздөйт”, “аларга чет өлкөлөрдөн долларлар келет” деген жалган жалаалар менен күнү-түнү каралашты.

Учурда да Акаевдин саясатын улантып, алардын жалгандарына ээрчип, Хизбге карата душмандык мамиле кылгандар бар. Бирок, УКМКнын акыркы иши Хизбге карата тагылып келген каралоолор жалган жалаа экенин далилдеп берди. Хизб 30 жылдан бери бир да террордук аракетке барбаганы, азыр да ушундай иштерге даярдык көрбөй турганы жана курал-жарак колдонбошу айкын болду.

Муну менен катар хизбди “экстремизм”де айыптоо кезектеги жалган жалаа экенин баса белгилеп кетүү зарыл. Жакынкы тарыхыбыз муну тастыктап турат. Кыргызстандагы үч жолу болуп өткөн элдик төңкөрүштө бийликтегилер ээлеген ордун таштап качып кетишти. Бирок, мындай абалга карабай хизб эл менен тыгыз байланышта болсо да, бийликти ээлеп алууга аракет кылган жок. Түпкүлүгүндө, мындай абал алар айткандай, бийликти басып алууну каалаган “экстремисттер” үчүн ыңгайлуу учур болуп эсептелет. Эгер Хизб бийликти басып алууну, калкты туруксуздаштырууну кааласа, эмне үчүн мындай ыңгайлуу учурдан пайдаланбады?

Мунун себеби, Хизб мындай жол менен бийликке келүүнү Расул (с.а.в)дын тарыйкатынан деп эсептебейт. Бийликке күч, алдоо же “экстремисттик” жол менен эмес, калктын колдоосу менен келүүнү гана тарыйкаттан деп эсептейт. Ушул жолду өзгөрткөн эмес жана Кыяматка чейин өзгөрбөйт. Анткени, бул тарыйкат Куран-Сүннөттөн алынган. Бул жолду “Хизб ут-Тахрирдин өзгөртүүдөгү программасы” китебинде баяндаганбыз.

Мына ушул тарыйкатка ылайык, биз күч кызматкерлерин да, бийликти да душман деп карабайбыз. Биздин бирден-бир душман колонизатор каапырлар.

Муну менен катар кыргыз менталитетинде күч кызматкерлери калкка карата зулумдук кылуу, жазалоодо этият болушат. Айрыкча, диндар адамдарга каршы иш кылууда алардан жамандык келет деп билишпейт. Себеби, кыргыздын “жети атасын таануу” салты анын кимдин баласы экенин жашырууга жол бербейт.

Ушундай болгон соң, сот жана прокуратура кызматтары да УКМКнын артынан жүрүп, чындыкты калкка жеткириши зарыл. Тагыраагы, кыянатчы бийликтин 2003-жылдагы мыйзамсыз чечимин жокко чыгарып, калк үчүн кызмат кылган эр жүрөк жигиттерибизди азаттыкка чыгаруулары керек. Ошондо маалымат каражаттары да калкка жалгандарды эмес, акыйкатты тарката баштайт. Натыйжада, кыргыз коомунун куфр менен Ислам ортосундагы күрөштө кимдин сабында туруу сыймык жана нусратка ылайык экени айкын болот, инша Аллах.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here