Жалгандын табияты жок болууга, акыйкаттын табияты бийик болууга ылайыкталган

158
0

Жалгандын табияты жок болууга, акыйкаттын табияты бийик болууга ылайыкталган

Ыйман менен каапырлык, акыйкат менен жалган ортосундагы күрөш Адам (алейхи салам) жаралгандан тээ Кыяматка чейин уланат. Учурда куфр калкы менен малайларынын акыйкат динге каршы күрөшүүсү жаңылык эмес. Кафирлер ар дайым Аллахка жана анын динине каршы күрөшүп келишкен. Пайгамбарларды жалганчыга чыгарышкан, ал тургай, өлтүрүшкөн. Акыбетте, кафирлер бул дүйнөдө кор болушту, Акыретте аларга жан чыдагыс азап болорун Аллах Таала кабарлап жатат:

إِنَّ ٱلَّذِینَ یَكۡفُرُونَ بِـَٔایَـٰتِ ٱللَّهِ وَیَقۡتُلُونَ ٱلنَّبِیِّـۧنَ بِغَیۡرِ حَقࣲّ وَیَقۡتُلُونَ ٱلَّذِینَ یَأۡمُرُونَ بِٱلۡقِسۡطِ مِنَ ٱلنَّاسِ فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِیمٍ

Аллахтын аяттарын тана турган, пайгамбарларын жазыксыз өлтүрө турган жана адамдар арасынан адилеттикке чакыруучу кишилерди өлтүрө турган кимселерге албетте жан чыдагыс азап бардыгы жөнүндө кабарды жеткиргин! (Аали Имран: 21)

Өтмүштө каапырлар Набий (ﷺ)дын Ислам рисаласын дүйнөгө алып чыгуусун алдын алуу үчүн бардык жолдорду колдонуп көрүштү. Ал Затты жалганчыга  чыгарышты, фитна уюштурду, таш менен урушту,  а түгүл өлтүрүүгө аракет кылышты.

Учурда акыйкат менен жалгандын ортосундагы күрөш жалпы дүйнөдө болуп жаткандай эле, Кыргызстанда да уланууда. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандагы Хизб лидерлерин кармалганын айтып, мандубдардын бирин ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынганын кабарлады. Мындай жалган доомат аркылуу хизбди коомго жек көрсөтүүнү максат кылышууда. Айрыкча, хизбге карата жалган айыптоолор өткөн жылдын аягында Дин тууралуу мыйзамга каршы акциялардын артынан башталган эле. Анткени, Хизб бул мыйзамдын акыйкатын ачып, аны калкка, имамдар жана казыларга түшүндүрүп акция өткөрүп, акцияга катышкан ондогон жигиттер күч кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Аларды адам чыдагыс кыйноого салып, токко тарттыруу менен азапташты. Анын артынан башка аймактарда да аталган акциянын алкагында бир нече жигит камакка алынды. Өздөрүн мусулман эсептеген бул заалимдер камоо жана зулумдуктар натыйжа бербегендиктен, учурда Хизбге карата каралоо, куру дооматтарды артуу кампаниясын баштап жиберди. Айрыкча, хизбге тиешеси жок адамдарды да кармоо менен алардын социалдык тармактагы провакациялык билдирүүлөрүн Хизбге тиешелүү кылып көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Албетте бул аракетиңерден эч кандай майнап чыкпайт! Анткени, кыргыз коомчулугу күн өткөн сайын өз Исламына кайтып, аны идеологиялык негизде терең үйрөнүүгө дилгир болуп барууда. Акыйкат менен батылды ажыратып, бийликтин ыплас аракеттерине ээрчибей жатышат. Айрыкча, хизб эч бир заалимдин зулумдугунан, жаманатты кылуучунун жаманатынан коркпостон, Исламды жашоого кайтаруу жолунда аракетин көз ирмемчелик да токтоткон эмес. Буга канкор Каримовдун абактарында зулумдуктан улам шахид болгон, майып болгон миңдеген бурадарларыбыздын окуялары күбө.

Бийлик ушуну жакшы түшүнүп жетиши керек. Абу Хурайра (р.а)нун рыбаятында Пайгамбар (с.а.в): «Мусулманга мусулмандын каны да, кадыр-баркы да, малы да арам»,-деген. (Муслим). Андыктан, капиталист кожоюндардын айтканына эмес, Алланын динине жүздөнгүлө. Акыйкаттын бийик болушу, жалгандын кордук менен жок болушу Алланын кадары. Ошондуктан, камакка алуулар, жалган дооматтар Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн таптакыр токтото албайт. Тескерисинче, бул иш жигиттерди өз максатына жетүү жолунда дагы да кайраттандырат! Анткени, биз Расулуллах ﷺ дын ушул сөзүнө бекем ишенебиз:

«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الدِّينِ ظَاهِرِينَ، لِعَدُوِّهِمْ قَاهِرِينَ، لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ إِلَّا مَا أَصَابَهُمْ مِنْ لَأْوَاءَ حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Үммөтүмдүн бир тобу динде үстөм болуп, душмандарын жеңишет. Каршылык кылгандар аларга зыян жеткире алышпайт, болгону аларга кандайдыр бир кайгы-кыйынчылык гана жетет. Ал тургай, алар ушул абалда турушканда Аллахтын нусраты келет». (Абу Давуд жана Ахмад риваяты).

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here