Мусулмандарды ким бөлүп жатат?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облусундагы бөлүмү “экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү” боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында сүйлөп жатып Комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Даниель Рысалиев имамдарды кайрадан катуу көзөмөлдөн өткөрүү керек экенин билдирди. Ал эми, УКМКнын аймактагы “терроризм жана экстремизмге каршы күрөш” бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Орозбаев мечиттерде имамдык кылып жаткандарды кызматка алууда текшерүү начар болуп жатканын сындады. Анын айтымында, облустагы 1078 мечиттин 87 имамы салафий багытты, 145 имам “Таблиг” жамаатынын багытын карманат. Ош шаарындагы мечиттерде да Адеп башаты, Сулаймания сыяктуу жамааттардын пикирин колдогондор имамдык кылат..
Буга чейин президент Жапаров дагы дин тууралуу мыйзамга кол койгонун билдирип жатып, өлкөдө “Хизбут-Тахрир” баштаган сот тарабынан тыюу салынган 20 уюм жана тыюу салына элек 14 жамаат иш алып барып жатканын, аларга кошулгандар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатканына тынчсызданган.
Мындан белгилүү болгондой, расмий бийлик мечиттердеги имамдарды ар кандай Исламий жамаатка тиешелүү деген шылтоо менен мусулмандарды бири-бирине каршы коюуну көздөп жатат. Тагыраагы, мечиттерге өздөрүнүн буйругун кыңк этпей аткарган имамдарды дайындоо менен аларды кыргыз коомунун бир бөлүгү болгон исламий жамааттарга каршы колдонушмакчы. Бул ишти өздөрүнүн кызыкчылыгына негизги коркунуч катары эсептеген “Хизб ут Тахрир” исламий саясий жамаатына каршы күрөш менен баштады. Ондогон жигитти камакка алып, Хизбге карата жалган жалааларды артууда. Мунун артынан мечиттерде да өздөрүнүн кызыкчылыгына каршы турган жамааттарды коомдон бөлүүгө аракет кылышаары күтүлүп турат. Муну менен диний чөйрөдөгү бардык тосуктарды алып таштап, Ислам динин өздөрү сызып берген чек ара ичинде көзөмөлгө алууну максат кылышууда. Демек, Хизбдин артынан жогорудагы жыйындан да маалым болгондой, башка жамааттарга каршы күрөштөр, провакациялар уюштурулушу күтүлөт.
Бул орунда мусулмандар бир муштум болуп, бийлик жүргүзүп жаткан “бөлүп алып башкар” саясатына каршы туруу керек. Анткени, жамааттар ортосундагы ихтилафтуу маселелер шарий рай болуп, ал мужтахиддердин арасындагы талкуу менен гана чечилет. Ал эми, негизги маселеде мусулмандар бир дене сыяктуу. Алардын баары Аллага ыйман келтиришет, Пайгамбарларды тастыкташат, Китептерге ишенишет, Периштелерге, Акыретке жана Жакшы менен Жамандын Алладан экенине ыйман келтиришет. Ушундай болгон соң бийликтин мусулмандарды бөлүп-жаруу үчүн “экстремизм жана терроризм” сыяктуу куфр таңуулаган атамаларын мусулман бир туугандарыбызга карата колдонуу, аларга каршы күрөшүү жайиз эмес! Анткени, колонизаторлор нукура Исламды кармангандарды, аны көтөрүп чыгуучуларды “эктремист”ке айландырышты. Демек, бул терминдер Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн ойлоп табылган. Андыктан, колонизатор кафирлер менен алардын малайларынын куулук-шумдуктарына алданып калуудан этият болуу зарыл. Аллах Таала айтат:
)وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ(
«Алар айла кылышат, Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк». [8:30]
Мумтаз Маверанахрий