Ливандагы жаңы саясий өзгөрүүлөр

50
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Ливандагы жаңы саясий өзгөрүүлөр

Суроо: “Al-Araby Al-Jadeed” сайтында 2025-жылдын 21-январында төмөнкү кабар жарыяланды: “Наваф Салам бүгүн кечинде, шейшемби күнү Баабда сарайында президент Жозеф Аун менен жолуккандан кийин, эч кандай ысымдарды же министрлердин түзүмүн сунуштаганын билдирбестен колунда кара файлды көтөрүп чыгып кетти…”. Белгилей кетсек, саясий пикир келишпестиктерден улам эки жылдан бери президенттик мансап бош  калган эле. Кийин Ливан парламенти Аунду 2025-жылдын 9-январында өлкөнүн президенти кылып шайлады. Шайлангандан төрт күн өткөндөн кийин Аун Наваф Саламга Ливандын жаңы өкмөтүн түзүүнү тапшырды… (Al Jazeera 2025.01.20). Президенттик орун Ливанда эки жылдан ашык убакыт бош тургандан кийин армиянын кол башчысы Жозеф Аунду 2025-жылдын 9-январында шашылыш дайындоонун артында эмнелер турат? Андан кийин бир нече күн өтүп, Наваф Саламды премьер-министр кылуу боюнча 2025-жылдын 13-январында келишим түзүлдү? Мунун баары эмне үчүн шашылыш болуп кетти? Бул ылдамдык Ливандын ички жана тышкы жүзүн өзгөртүү үчүн иштер даярдалып жатканын билдиреби? Же бул аймакта болуп жаткан кадимки өзгөрүүбү?

Жооп: Жогорудагы суроолорго жоопторду тактоо үчүн биз төмөндөгүлөрдү карап чыгабыз:

Биринчиси: Региондогу жана дүйнөдөгү негизги саясий окуялар Ливанда да тез өзгөрүүгө алып келди. Анын артынан Аун Ливандын президенти болуп шайланды. Ал эми Наваф Салам өкмөт башчылыгына дайындалды. Муну тактоо үчүн төмөнкүлөргө токтолобуз:

1.Яхудий вужуду тарабынан Иран хизбинин лидерлери өлтүрүлүшүнөн көп өтпөй Ливанда президентти шайлоо жана бул кызматтагы боштукту толтуруу чакырыктары ок атышууну токтотуу келишиминен мурда пайда болду. Бул чакырыктарды согушта Газаны колдоону ачык четке каккан Самир Гегеанын тобу сыяктуу Иран партиясынын каршылаштары жетектеди. Бул согуштун натыйжасында пайда болгон кырдаалдан пайдалануу үчүн жана Американын элчиси Хокштейн менен катар Ливанды кыдырып жүргөн Европалык өкүлдөрдүн кеңеши аркылуу болду. Бул аракетте ок атышууну токтотууга көңүл бурулду. Иран тарап Ливан оппозициясынын бул чакырыктарын айыптады.

2.Ливанда акыркы эки жыл ичинде президентти шайлоо үчүн 12 сессия ийгиликсиз аяктаган. Ливандагы ар кандай саясий күчтөр армиянын командири Жозеф Аундун жаңы президент болушуна күтүүсүздөн макулдашып, кызматтагы бош орунга чекит коюшту. Иран партиясы өзүнүн талапкери Сулейман Франжие экенин жарыялады (“Аль-Алам” каналы, 2025. 01.07). Франжие Ирандын огу жана кулаган Башар режиминин бир бөлүгү болуп эсептелет. Кийин Сулейман Франжие консенсус болгондугу үчүн талапкерлигин алып салганын жарыялады.

3.Иран огунун жактоочулары (анын партиясы жана “Амал” кыймылы) биринчи сессияда Жозеф Аунду шайлашкан жок. Добуштун  үчтөн экисин (86 добуш) ала албагандыктан шайлоо өтпөй калды. Анан экинчи сессияда бул парламенттик блоктор менен жолугушуудан кийин алар ага добуш берип, 99 добуш алды. Ошентип, экинчи сессиядагы шайлоо Иран партиясы жана Амал кыймылынын добуштарысыз Жозеф Аун президенттикке ээ боло албастыгын көрсөтүү максатында болду. Бул Иран тарапкерлеринин таасири дагы деле бар экенин жана алар добуш берүүгө таасирин тийгизгенин көрсөтсө да, алардын шайлоого тоскоолдук кылуудан баш тартуулары артка чегинүүсүн билдирет.

4.2025-жылдын 13-январында Ливандын жаңы премьер-министри Наваф Салам дайындалды. Ал саясий макулдашууга талапкер катары алдыга жылдырылды.  Ал Иран партиясынын жана анын өнөктөштөрүнүн талапкери Нажиб Микати сыяктуу да, Иран партиясынын оппоненттери Самир Гегеа тобунун талапкери Фуад Махзуми сыяктуу да эмес. Ошондуктан, Ливандын премьер-министри болуп Наваф Салам дайындалды.

  1. Наваф Салам Ливандагы Иран партиясы жана аны менен союздаш күчтөр тарабынан четке кагылган талапкер болчу. Саад Харири отставкага кеткенден кийин 2019-жылы Иран партиясы аны четке кагып, ошол кезде “АКШнын талапкери” деп атаган жана Хасан Диаб ошол учурда дайындалган. Партия 2019-жылдын 4-августунда Бейрут портундагы жарылуудан кийин ошол эле жылы анын талапкерлигин кайра четке каккан.
  2. Бул вариант Иран партиясы менен “Амал” кыймылынын кыжырын келтирди окшойт. “Ал-Жазира”нын кабарчысы 13.01.2025те Хизбулла парламенттик блогу Ливан өкмөт башчылыгына эч бир талапкерди көрсөтпөгөнүн билдирди. Хизбулла блогунун өкүлдөрү Ливандын президенти менен премьер-министрди дайындоо боюнча жолугушуусунан кийин партиянын өкүлү Мухаммад Хасан Раад өкүнүчүн билдирди. Ал айрымдар Хизбулланы оюндан чыгаруу жана аны жоюу боюнча иш алып барып жатканын айтты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Республиканын президенти менен жолугушуубузда оң кадам таштадык, бирок сунган колду таба алган жокпуз”, – деп кошумчалады. Улуттук кызыкчылыкты ойлоп партиянын тынч жана акылмандык менен иш кылаарын баса белгиледи. Хизбуллага жакын эсептелген булак Партия жана анын өнөктөшү, парламент спикери Набих Берри жетектеген “Амал” кыймылы Микатинин премьер-министрликке кайра дайындалышын колдой турганын билдирди. Ал Микатинин аты кайра аталышын “Саудиянын Ливандагы элчиси Язид бин Мухаммад бин Фахд Аль Фархан менен жетишилген келишимдин бир бөлүгү” деп түшүндүрдү. Бул өткөн бейшембиде “Хизбулла” менен “Амал”дын Аунду президент кылып шайлашына алып келди. Ушул эле мааниде “Би-Би-Си” 2025-жылдын 13-январында Иран партиясынын парламенттеги блогунун башчысына шилтеме жасап, Аундун аты аталышы “Саудиянын Ливандагы өкүлү менен жетишилген келишимдин бир бөлүгү. Бул “Хизбулла” менен “Амал”ды Аунду президент кылып шайлоого алып келди” деген билдирүүсүн чыгарды.

Экинчиси: Ливанда иш ушундай түс алды. Парламент жаңы президентти шайлады жана жаңы премьер-министрди да дайындады. Кылдат текшерүүдөн кийин, биз төмөнкүлөрдү табабыз:

  1. Американын Ливандагы жаңы саясий окуяларга толугу менен ыраазы экенин көрөбүз. Президент Байдендин билдирүүсүндө айтылгандай, бул нерсеге ал жооптуу экендиги көрүнөт: “Мен аны Ливандын президенти болуп шайланышы менен куттуктайм. Президент Аун чечкиндүү жетекчиликти камсыздайт. Анткени Ливан менен “израил” согуштук аракеттерди токтотууну толук ишке ашырат. Жүз миңдеген адамдар үйлөрүнө кайтып келишет жана Ливан калыбына келтирилип, кайра курулат. Президент Аун мага ишенет. Мен ал ушул мезгилде туура лидер экенине бекем ишенем”. (CNN Arabic, 09.01.2025.) Американын малайы Мухаммед бин Салман да аны Сауд Арабиядан куттуктады (аль-Хура, 09.01. 2025).

2.Ушундайча, Ливандагы жаңы саясий окуялардын эл аралык жаңжал менен байланышы жок. Себеби Ливан Иран огунун бир бөлүгү катары көрүнгөн Мишел Аундун президенттиги учурунда да Американын колунда болгон. Азыркы президент Жозеф Аун армиянын командачысы болуп, 2017-жылы Американын малайы Мишель Аун тарабынан дайындалган. Бул азыркы президент Жозеф Аун башынан эле Американын малайы экенин билдирет. Акыйкатта, Америка 2022-жылы президенттик мансаптын бош калышына чейин жана андан кийин Ливан армиясына аскерий жардам көрсөтүп келген. Башкача айтканда, анын армия командири Жозеф Аун менен жакын мамиледе болгон. Наваф Салам да бул алкактын сыртында боло албайт. Өмүрүн бою Франциянын, Американын университеттеринде жана эл аралык институттарында окутуу, билим берүү менен өткөргөн. Акыркы убакта Эл аралык соттун төрагасы болуп иштеген.

  1. Ошентип, Америка бүгүн Ливандагы оюн эрежелерин өзгөртүүдө. Ал мурда өз таасирин Иранга, анын огуна жана Ливандагы ага караштуу күчтөр аркылуу кылып келсе, бүгүн бул иран күчтөрүн Ливандагы өз  таасирин улантуу үчүн оюндан чыгарып жатат. Ливан Американын колунда болгон жана азыр да анын колунда. Бирок, Америка өзүнүн жүзүн жана формасын өзгөрттү.
  2. Европалыктарга ыктаган күчтөр болсо, алардын оту Американын отунан бийик эмес экенин билишет. Франция беш мүчөлүү комитетке катышуу аркылуу 2023-жылы АКШ жана Сауд Арабия тарабынан сунушталган Жозеф Аундун президенттикке талапкерлигин четке каккан эле (Аль-Арабия Аль-Жадид, 22.09. 2023). Бирок ал акыры аны кабыл алууга аргасыз болду. Экинчи жагынан, европалыктар президентти аларга баш ийдирүү үчүн таасири жок эле. Парламентте эң чоң христиан блогуна ээ болгон Самир Гегеа Иран партиясы тарабынан анын талапкерлигине катуу каршылык болгондуктан, президенттикке ат салышуу каалоосун да билдире алган жок. Иран партиясынын билдирүүсүндө: “Самир Гегеадан башка эч бир атка вето болбойт. Анткени анын долбоору Ливан үчүн кыйратуучу” деп келген. (Шарк аль-Авсат. 06.012025). Ошондой эле Иран партиясы оппозициялык партиялар сунуштаган премьер-министрликке талапкер Фуад Махзуминин ысымын четке какты. (RT, 13.01.2025). Ошондуктан, европалыктар менен байланышы бар күчтөр Ливандагы үч башчылыктын бирин да колго ала алышпайт жана бул позициялар Американын жолдоочуларынын колунда калууда.

5.Бирок европалыктар Ливандагы жаңы саясий окуяларды кабыл алып, “Франция президенти Эммануэль Макрон Аунду Ливандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу “X” платформасындагы аккаунтуна жарыялады. Макрон бул шайлоолор “реформаларга жана Ливандын эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн калыбына келтирүүгө жол ачат” деди. (Аль хурра, 10.01.2025). Француз президентинин айткандары европалык күчтөрдүн абалын жана алардын Ирандын Ливанга болгон таасири азайышына кубанычта экенин чагылдырып турат. Башкача айтканда, алар өздөрүнүн каалоолорунун бир бөлүгүнө жетишүү менен ыраазы болушуп,  Ливанды Ирандан алыс жолго салууга ыраазы. Ал Президенттик мансап бош калгандан кийин түзүлгөн Ливандын иштерин кароо боюнча беш кишиден турган комитеттин курамында болууга канааттанат. Бул беш кишилик комиттете Франция Америка, Египет жана Сауд Арабиясы менен катарлаш отурат. Ал эми, Катар ал жерде Британиянын кызыкчылыгын коргойт.

Демек, Америка бүгүнкү күндө Ливандагы үстөмдүк кылуучу эл аралык оюнчу. Америка ал жерде жүздөрдү өзгөртүп, форманы өзгөртөт. Ал эми европалыктар Ливанда Ирандын көлөкөсү алынышына канааттанышат.

Үчүнчүсү: Ливандын ички жана тышкы жүзүн өзгөртүүгө келсек, бул төмөнкү маселелерден ачык көрүнүп турат:

1.Ливандын ички саясатына келсек, Иран тараптын курал-жарактарына чектөөлөр күчөйт. Ливандагы мурунку президенттин билдирүүлөрү жана декларацияларында “каршылык көргөзүү” менен коштолгон сөздөр жаңы президенттин билдирүүлөрүндө жок:

А. Ливандагы жарандык согуштан кийин мурунку доорлорду мүнөздөгөн салттуу баяндамалардан айырмаланып, Аундун сөзү так билдирүүлөр менен коштолду. Эң негизгиси, ал Ливандын суверенитетин чыңдоонун негизги таянычы катары “мамлекеттик куралды монополиялоо укугун орнотуунун” зарылдыгын белгиледи. (Альхурра, 10.012025). Аун өз сөзүндө мындай деди: “Ливан мамлекети, дагы бир жолу айтам, Ливан мамлекети “израил”дин оккупациясынан кутулат. ( CNN Arabic, 10. 01.2025).

Б. Наваф Салам салттуу партияларга портфелдерди бөлүштүрүү, ошондой эле Хизбулла жана Амал кыймылынын шарттарына ылайык иш-аракеттерге байланыштуу маалымат каражаттарына чыгып кеткен маалыматтарга, айрыкча, аларга Финансы министрлигин берилгендигине жооп берип: “Эч кандай портфелди эч бир тарапка берүүгө милдеттендирбегенин, бирок Каржы портфели башка министрликтердин портфелдери сыяктуу эч бир партиянын монополиясы эмес” экенин билдирди. Ал 24 министрден турган өкмөткө ыктаганын баса белгиледи… (Аль-Араби Аль-Жадид,  2025-жыл 21- январь).

2.Сырткы таасирге келсек: Болуп жаткан нерселерди текшерип чыксак төмөнкүлөр анык болот:

А. Адаттан тышкары президент менен премьер-министрди тандоодо Ирандын эч кандай ролу болгон жок. Бул ролдун маңызы Ливандагы анын партиясынын позицияларына байланыштуу. Анткени, Иран партиясы жана анын союздаштары бул окуяларды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн болчу жана муну жасашкан жок. Төңкөрүш катары сыпатталган бул америкалык өзгөрүүлөр Ирандын тымызын макулдугу менен болуп жатат. Чындыгында, Ирандын Араб аймагындагы таасири азайып баратат жана Америка Сириядагы саясий чечимди Түркияга тапшырды. Америка Орусияны Сириядан толугу менен четтеткени сыяктуу эле, Иранды да андан чыгарды. Бул Американын аймактагы жаңы саясаты жана Ливанда да ушуну кылып жатат. Бул бир гана Байдендин администрациясынын саясаты эмес, кийинки келе турган администрация дагы ушундай эле көз карашта. Аны Сирия менен Ливанда тереңдетип, Иракка жайылтуу үчүн аракет кылат. Американын бул саясаты яхудий вужуду каалаган нерсеге толугу менен дал келет. Бул Байден администрациясынын жөөт вужудуна Ливандагы ок атышууну токтотууга үндөгөндө берген убадаларынын бири болушу мүмкүн.

Б. Ливандын жаңы президенти Америка аны Ливанда чоң өзгөрүүлөргө алып келүү үчүн ушул учурда дайындаганын түшүндү окшойт. Президент Аун инаугурациядагы (ант берүү аземи) сөзүнүн башында мындай деди: “Ардактуу өкүлдөр мени Ливан Республикасынын президенти кылып шайлап, сыйлашты. Бул мен үчүн эң чоң сыймык жана эң чоң жоопкерчилик. Мен Улуу Ливан мамлекетинин түзүлгөнүнүн биринчи жүз жылдыгынан кийин, союздар бузулуп, режимдер кулаган жана чек аралар өзгөрүшү мүмкүн болгон учурда Жакынкы Чыгышта болгон биринчи президент болдум” (Индепендент Арабия, 11.01.2025). Ушул эле булактын айтымында, ал өзүнүн биринчи чет өлкөгө визити катары Сауд Арабияга барат. Ливандын президенти Жозеф Аун ишемби күнү мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Сауд Арабияга чакыруу алгандан кийин, Саудия анын биринчи чет өлкөсү болорун айтты.

С. Булардын бардыгынан  ачык көрүнүп тургадай, Америка бул жолу Ливан ишин Сауд Арабияга тапшырып жатат. Андан мурун бул рол Ирандын колунда болгон. Демек, Саудиянын Ливан иштеринде ролу чоң болот жана аны кайра калыбына келтирүүдө Американын колу буту болот. Айрыкча, Иранга Трамп администрациясы тарабынан жаңы соода жана каржылык кысымдар (санкциялар) болушу күтүлөт. Демек, Сауд Арабия Ливанда Ирандын ордун басат. Ошондой эле саясий жана каржылык жактан кайра куруу жана анын армиясын чыңдоо жана Иран партиясынын куралсыздануусун жеңилдетүү үчүн мамлекетти колдоодо анын ролу чоң болот. Андан соң, Ливанды жөөт түзүмү менен нормалдашууга сүйрөп чыгышы мүмкүн. Айрыкча АКШнын кийинки президенти Трамп Сауд Арабиясынын жөөт түзүмү менен нормалдашуусун тездетип жатат.

Төртүнчүсү: Аллах тарабынан убада кылынган нерсени ишке ашырмайынча, бул коркунучтуу абал Ливанда жана Ливандын тегерегинде улана берет. Ислам мамлекети тикеленип бул саясий күчтөрдүн баары Ливанда жана Ливандын тегерегинде буулмайынча бул абалдын уланганы уланган. Ошондо аны менен бирге жөөт вужуду да буулат. Асад режими Сириядан буулгандай, Шам жери да мурдагыдай бүткүл ислам үммөтүнүн согуп жаткан жүрөгүнө кайтып келет. Биз жашап жаткан бул жабыр көрсөтүүчү зулум бийликтен кийин Халифалык кайра кайтаарына терең ишенебиз.

أخرج أحمد عن حذيفة قال: قال رسول الله ﷺ: «ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ

Имам Ахмад Хузайфадан риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Андан кийин зулум көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин аны көтөрүүнү кааласа аны көтөрөт. Андан кийин пайгамбарлык жолунда халифалык болот. Анан унчукпай калды ”.

Халифалык  кайда болбосун, Шамга жетип, ошол жерде отурукташат.

أخرج الطبراني عن سلمة بن نفيل قال: قال رسول الله ﷺ «عُقْرُ دَارِ الإِسْلامِ بِالشَّامِ»

Ат-Табарани Салама бин Нуфайлдан риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Дарул Исламдын жүрөгү (ортосу) Шамда”.

Ал  яхудийлер менен согушуп, мубарек жерди басып алган коомду жок кылып, Палестинаны толугу менен Ислам жерине кайтарат. Күткөн таңдын атары бар. Бирок, Аллахтын мыйзамы биз кол куушуруп отурганда душманыбыз менен согушуу жана халифалыкты тикелөө үчүн асмандан периштелер бизге түшүүсүн буйруган эмес. Тескерисинче, Раббисине ыйман келтирген жана туура жолдо болгон мусулман аскерлерине, согушта сабырдуу, башчыларына такыбаа болуп, анын артында туруп душмандары менен согушкан адамдарга колдоо жана жеңишин сүйүнчүлөө үчүн периштелердин түшүшүн буйруган.

Ошондо биз: ﴿نَصْرٌ مِنَ اللهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾  “Аллахтын жакынкы жеңиши менен момундарды сүйүнчүлө” деп сүйүнчүлөнгөндөрдөн болобуз.

Хижрий 1446-ж, Ражаб айынын жыйырма үчү.

2025-ж, 23-январь.

Боордошуңар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here