Хирож

38
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Хирож

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حدثنا أبو أسامة، عن سعيدٍ، عن قتادةٍ، عن أبي مجلزٍ، قال: ” بعث عُمرُ عثمانَ بنَ حنيفٍ على مساحةِ الأرضِ قالَ: ” فوضعَ عثمانُ على الجريبِ من الكرمِ عشرةَ دراهمَ، وعلى جريبِ النخلِ ثمانيةَ دراهمَ وعلى جريبِ القصبِ ستةً دراهمَ، يعني الرطبةِ، وعلى جريبِ البرِ أربعةَ دراهمَ، وعلى جريبِ الشعيرِ درهمين

Абу Усама Саидден, Кутададан, Абу Мажлаздан риваят кылган хадисте: “Умар (р.а) Усман бин Ханифти жер аянтын ченөө үчүн жиберди. Ал айтты: “Усман бир жариб жүзүм багына он дирхам хирож салды. Ал эми бир жариб курма багына сегиз дирхам, бир жариб жаңы курмага  алты дирхам. Бир жариб буудайга төрт дирхам, бир жариб арпага эки дирхам””.

Жариб – бул чыканак менен өлчөнгөн аянттын өлчөмү. Учурда колдонулуп жаткан метр шкала боюнча, 1 жариб – 1366 чарчы метрге барабар.

Урматтуу бир туугандар!

Аллах Таала күч менен фатх кылынган айыл чарба жерлеринен хирож алууну фарз кылган. Жер айдалганбы, айдалбаганбы, түшүмдүү болобу, кайракпы айырмасы жок, баарынан алынат. Анын өлчөмү хирож жердин түшүмдүүлүгүнө жараша бааланат б.а. мамлекет аны адатта, иш жүзүндөгү өндүрүмдүүлүгүнө эмес, жердин болжолдуу өндүрүмдүүлүгүнө жараша аныктайт.

Хирож жыл сайын алынып, зекетттен бөлөк башка бөлүмдө топтолот. Башка акча каражаттарын жумшаганы сыяктуу эле мамлекет хирожду туура деп эсептеген бардык жактарга жумшайт.

Күч менен фатх кылынган  жердин хирожу түбөлүккө калат. Эгер анын эли исламды кабыл алса же аны мусулманга сатса да, анын хирожу сакыт болбойт. Анткени анын күч менен фатх кылынган табияты акыр заманга чейин сакталат. Эгер хирож жеринде жашагандар мусулман болсо, аны менен бирге  үшүр (ондон бир бөлүгүн) да төлөөгө милдеттүү болушат. Анткени, хирож жер бетине болгон укук. Ал эми үшүр болсо аят жана хадистерге ылайык мусулмандын жеринин түшүмүнө жүктөлгөн укук. Башкача айтканда, түшүмдүн ондон бирин берет. Эки укуктун ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Анткени алар эки башка себеп менен важиб болгон.

Зекет алынуучу эгиндерге келсек, алар Хаким, Байхаки жана Ат-Табарани риваят кылган Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын хадисинде айтылгандар. Абу Муса жана Муаздын хадисинде:

حين بعثهما النبيُ صلى اللهُ عليه وسلمَ  إلى اليمنِ، يُعلِّمانِ النّاسَ أمرَ دينِهِم، فقال: «لا تأخذا الصدقةَ إلاّ من هذهِ الأربعةِ: الشعيرُ، والحنطةُ، والزبيبُ، والتمرُ»

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) аларды Йеменге, элге дин иштерин үйрөтүү үчүн жөнөтүп айтты: “Бул төртөөнөн башкасынан зекет албагыла: “арпа, буудай, мейиз жана курма””.

Булар нисабга жетсе, андан үшүр берилет. Эгер нисабга жетпесе үшүр берилбейт.

Үшүр менен хирождун айырмасы – үшүр жердин түшүмүнөн болот, башкача айтканда, мамлекет  дыйкандан чыныгы түшүмдүн ондон бир бөлүгүн алат. Эгер жер жамгыр суусу жана табигый келген суулар менен  сугарылса. Эгер жер жасалма жол менен же башка жол менен сугарылса, чыныгы түшүмдүн ондон беши алынат.

روى مسلمٌ عن جابرٍ قال: قالَ عليهِ الصلاةُ والسلامُ: «فيما سقَتْ الأنهارُ والغيمُ العُشور وفيما سُقِىَ بالسانيةِ نصفِ العُشر

Муслим Жабирден риваят кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Дарыялар жана жамгыр сугарган нерсеге үшүр (ондук), ал эми  жасалма жол менен суугырылганга, дөңгөлөк менен суугарылганга жарым ондук”.

Бул үшүр зекет болуп эсептелет жана зекет казынасына салынат. Аятта айтылган сегиз түргө кирген адамдарга гана жумшалат:

إِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَرَاءِ وَالْمَسَاكِينِ وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِي الرِّقَابِ وَالْغَارِمِينَ وَفِي سَبِيلِ اللَّهِ وَاِبْنِ السَّبِيلِ فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ (60)

“Садака (зекет) бир гана кедей-кембагалдарга, аларды чогултуу үчүн иштегендерге, исламга жаңы киргендерге (жетекчилерине), кулдарга (акча берип азат боло турган кулдар), карызы барларга, Аллахтын жолунда жүргөндөргө жана мусапырларга гана –  бериле турган Аллах Тааланын фарзы. Аллах Билүүчү жана Даанышман.  (Тообо: 60).

Аллах Тааладан  укуктарды сактаган, эч кимге эч качан зулумдук кылбай турган Ислам мамлекети менен сыйлоосун сурайбыз…

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 6-ражаб.

2025-ж, 6-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here