Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президент фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бул мыйзамды каршы пикир менен кайтарууну суранган, динди катуу карманган жарандар болду. Ошол эле мезгилде кол коюп күчүнө киргизишин суранган, светтик көз караштагы жарандар да болгон. Светтик көз караштагы жарандар дагы динди катуу кармангандар менен бирдей эле санда имиш.
“Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Кыдыруу эрежесинин баарын Муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели” деди Жапаров.
Президент өлкөдө “Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами” баштаган сот тарабынан тыюу салынган 20 уюм жана тыюу салына элек 14 жамаат иш алып барып жатканын, аларга кошулгандар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатканын кошумчалады.
Комментарий:
Жапаров билдирүүсүндө үймө-үй кыдырууга коомчулуктун көңүлүн буруу менен мыйзам долбоорундагы Исламга каршы беренелерди жашырууга аракет кылууда. Маселен, жаңы мыйзам долбооруна ылайык диний жайлар тиешелүү мекемелердин уруксаты менен гана курулат. Мурдагыдай ашар жолу менен же демөөрчүлөр тарабынан курулган мечит, медреселерге тыюу салынат. О.э документте никабды коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Мыйзамды бузган мусулман эже-карындаштарыбызга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.
Мындан тышкары, атайын “насаатчы” деген термин киргизилип, диний ишмерлердин интернет жана аймактардагы баяндарын көзөмөлдөп, чектөө көздөлүп жатат. Мисалы, райондук мечиттин имамы өзү катталган аймактан башка жерде баян айтып, диний ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. О.э анын баян айтуусу үчүн диний жогорку билими болушу керек жана Дин комиссиясынан жыл сайын каттоодон өтүп турушу шарт. Эгер хутбалардын биринде бийликтин кызыкчылыгына каршы же, мыйзамга тескери бир шарий милдетти баяндаган болсо, Дин комиссиясы анын ишмердүүлүгүн дароо токтотуу укугуна ээ болот. Ал эми, каттоого алынбагандар насаат айтуу укугунан ажырайт. Учурда ушул берененин алкагында, мыйзам кабыл алынбай жатып күч кызматкерлери исламий контенттерди чыгарган мусулмандарды коркутуп, программаларын токтотууну же чектөөнү талап кылышууда.
Негизи, даават кылуу о.э. жакшы иштерге буйруп, жаман иштерден кайтаруу амалдары – ар бир мусулмандын мойнундагы фарз. Аны таштагандар кудум намазды таштаган сыяктуу күнөөкөр болушат. Буга кошумча, шарият боюнча, сиз өзүңүз жакшы билген маселеде аалым эсептелесиз жана аны билбегендерге жеткирүү, үйрөтүү мойнуңуздагы милдет болот.
Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам): “Айрым бир жеткирилүүчүлөр угуучулардан (т.а. Росулуллах салаллаху алайхи вассаламдан угуп, кийин тигил жеткирилүүчүлөргө үйрөтүп жаткандардан) жакшыраак аңдап жетүүчү болушат”, – деген.
Ал эми, үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салуу менен үйлөрдө, каттоодон өтпөгөн мечит, медреселерде дарс өтүүгө, Куран үйрөнүүгө тосук коюшмакчы.
Негизи ар бир мусулман адам коңшусу болобу, көчөдөбү же мечитте болобу Исламды жеткирүүгө аракет кылат. Жамандыкты көрсө колу менен же тили менен токтотууга бар күчүн сарптайт. Анткени, пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:
“Эгер бир жаман иш көрсөңөр аны колуңар менен токтоткула. Кол менен токтото албасаңар сөз менен токтоткула. Ага дагы алыңар келбесе ичиңерден жек көргүлө. Бирок бул, ыймандын эң алсызы”.
Расулулла (с.а.в) биздин үстүбүздөгү жоопкерчиликти дагы эскертип мындай деген: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».
Демек, расмий бийлик кабыл алган мыйзам долбоору Ислам динибизге, анын баалуулуктарына тескери келет. Аталган мыйзам долбоору аркылуу бийлик мусулмандардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөп, коомго терең кирип бара жаткан Исламий дааватты тосууну көздөп жатат. Мунун бирден-бир себеби, диний тармакта кабыл алынган чечимдер үстүбүздөгү колонизатор мамлекеттер жана алардын куралдарына айланган эл аралык жана аймактык уюмдардын басымы аркылуу кабыл алынышында.
Расулуллах (с.а.в) мындай деген:
«مَا مِنْ وَالٍ يَلِي رَعِيَّةً مِنْ الْمُسْلِمِينَ فَيَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لَهُمْ إِلَّا حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ»
«Аллах мусулмандарды башкарып, аларды алдаган абалда өлгөн ар кандай жетекчиге бейишти арам кылат» (Имам Бухарий риваяты).
Мумтаз Маверанахрий