Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

20
0

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе тез өстү. Бул тууралуу “Оксфам” (Oxfam) уюмунун 20-январдагы баяндамасында айтылды.

Иликтөөчүлөр белгилегендей, кризис учурларында эң көп пайданы ашкере бай адамдар көрөт. Былтыр орто эсеп менен ар бир миллиардердин байлыгы күнүнө 2 миллионго көбөйүп турган. Ал эми эң бай 10 адамдын бул көрсөткүчү 100 миллион долларды түзгөн. Былтыр ар жумада дүйнөдө төрттөн миллиардер пайда болуп турган. 2024-жылы миллиардерлердин жалпы саны 204 кишиге көбөйүп, 2769га жеткен. Ошол эле маалда дүйнөдө ачарчылыкка кептелгендердин саны 733 миллионду түзөт.

Ал эми Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай катмары кедейлерден 5 эсе көп киреше тапчу. Учурда бул айырма 10 эседен ашты.

Мунун каршысында, Ислам байлар менен жакырлардын ажырымын азайтуучу экономикалык саясатка ээ. Ислам байлыкты бир жерге топтоп койбоо жана анын коомдун бардык катмарлары арасында бөлүштүрүлүшүн камсыз кылууну көздөйт. Муну зекет системасы камсыздап берет.

Зекет – бул байлардын жылдык кирешесинин бир бөлүгүн (2.5%) жакырларга жана муктаждарга берүү. Бул механизм коомдогу эң аярлуу катмарды колдоп, байлык бир ууч адамдын колуна топтолушуна жол бербейт. Анткени, зекет Куранда эскерилген 8 түрдөгү адамдарга гана берилип, мындай түздөн-түз жардам берүү социалдык теңдикке өбөлгө түзөт. Алла Таала айтат:

إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ
“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).   

Буга кошумча, Исламда байлар жеке кызыкчылыктарын гана көздөбөстөн, өз коомунун турмушун жакшыртууга жоопкерчиликтүү болушу керек. Алар социалдык программаларды каржылоо, жакырларга жардам берүү жана инфраструктураларды өнүктүрүү аркылуу жалпы калктын жашоо шарттарын жакшырта алат.

Мындай саясат менен учурда элдин мүлкүнө ээ болуу менен калктын жонуна кайыш тилген капиталисттердин зулумдугуна жол берилбейт. Кайрадан зекет жүктөлгөн кербендер өлкөлөрдү кезип, зекет ала турган жакырды таба албаган жарчылар: “Ким үйлөнүүнү кааласа, келиндин махрын биз беребиз”, “Кимдин мойнунда карызы болсо, аны биз төлөп беребиз”, “Ким ажылыкка бармакчы болсо, чыгымын көтөрөбүз”, – деп көчөлөрдү айланып, жар салышат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here