Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?
Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын ички дүң өндүрүш (ИДӨ) 1,5 триллион сомдон ашып, 9% өскөнүн билдирди. Ал эми, республикалык бюджеттин кирешеси 430 миллиард 244 млн сом, чыгашасы 405 миллиард 946 миллион сом деп белгиленген.
ИДӨ – бул өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч экономикалык өнүгүүнү өлчөөнүн негизги инструменти катары каралып келет.
Өлкөдөгү ИДӨнүн өсүшү негизинен Жапаровдун өкмөтү социалдык фондду бюджеттин киреше бөлүгүнө кошуп эсептөөсүнөн улам болууда. Буга чейинки өкмөттөр социалдык фондду, тагыраагы, жарандардын пенсия үчүн төлөмдөрүн өзүнчө бөлүп эсептеп келишкен. Мындан тышкары, ИДӨнүн өсүшү калктын жакырчылыктан чыкканынан же жашоо-турмушу жакшырганынан кабар бербейт. Анткени, Ички дүң өндүрүшкө өлкө ичине инвестор беткабы менен келип кен-байлыктарды ж.б ишканаларды иштетип, пайдаларын тышка ташып кеткен капиталисттердин кирешелери да кошулуп эсептелет. Турмуш чындыгында болсо капиталисттердин кирешесинин калктын турмушу жакшырышына эч кандай таасири болбойт. Муну Улуттук статистика комитетинин калктын 33,2 пайызы же 2 млн 333 миң киши жакырчылыкта жашай турганын ырастаган маалыматы да тастыктап турат. Алардын 420 миңи (6%) өтө жакыр деңгээлде турмуш кечирет.
Демек, ИДӨнүн көлөмү көбөйсө, бул ар бир жеке адамдардын эмес, балким, ири компания жана капиталисттердин кирешеси көбөйгөнүн түшүндүрөт. Себеби, капитализмдин табияты ушундай, саналуу адамдар гана байлыктын 90 пайызына ээлик кылышат. Байлык жана киреше жаатындагы бул теңсиздикти капиталисттик түзүмдө өзгөртүү таптакыр мүмкүн эмес. Мисалы, Улуттук статистика комитети өткөн жылы өлкөдө эң бай катмар кедейлерден 10 эсе көп киреше таап калганын билдирген. Ал эми, үч жыл мурун бул айырма беш эсе болгон. Ал эми, 2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандагы каржы уюмдар 115 млрд сомдон ашуун киреше табышты. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га же дээрлик 24 млрд сомго көп.
Мындай көрүнүш Кыргызстанга эле эмес, дүйнөдө капиталисттик түзүм өкүмдарлык кылып жаткан бардык өлкөлөргө тиешелүү. “Оксфам” (Oxfam) уюму байлар менен жакырлардын ортосундагы айырма улам кеңейип бара жатканын эскертип келет. Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнө калкынын 1%ы дүйнө байлыктарынын 89%ына ээлик кылат. Дүйнөдөгү 2 153 миллиардердин мүлкү дүйнө калкынын 60%ын түзгөн 4,6 миллиард адамдын мүлкүнөн көп экендиги көрсөтүлгөн. БУУнун отчётунда келишинче, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги чет өлкөлүк инвестициялар пайдасынын 80 пайыздан ашыгы 20 бай мамлекетке агылып турат. Дүйнөдөгү эң бай үч адамдын байлыгы эң жакыр 48 мамлекеттин ИДПсына барабар. Дүйнөдөгү эң бай 200 адамдын байлыгы болсо дүйнө калкынын 42 пайызынын кирешесинен көптүк кылат. Булардын баары колонизаторлук капиталисттик системанын кандай гана адилетсиз башкарып жатканынан кабар берет.
Ушуга карабастан капиталисттик түзүмдүн экономисттери мындай теңсиздикти жоюу үчүн ИДПнын көлөмүн көбөйтүү зарыл деп айтышат. Башкача айтканда, өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүү керек дешет. Акыйкатта болсо өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр көбөйсө, жакырчылык проблемасы чечилип калбайт. Маселен, жылына 1,3 млрд тонна азык-түлүк таштандыга ыргытылаарын Бириккен Улуттар Уюму билдирген. Бул 750 млрд долларга барабар. Андыктан, өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр жетиштүү деңгээлде, а түгүл ашыкча десек болот.
Демек, проблема ИДӨнү көбөйтүүдө эмес, тескерисинче байлыкты туура бөлүштүрүүдө. Капитализм мүлккө ээлик кылууга бүтүндөй эркиндик берди. Ошондуктан, байлар базарларды, кен-байлыктарды, коом үчүн өтө маанилүү ресурстарды ээлеп алышты. Калктын калың катмары болсо алардан куржалак калды. Капиталисттик чырмалган экономика түзүм калктарды жакырлаштырып, байлардын байлыгын арттыруу негизине курулган.
Мунун каршысында, Исламдагы экономика түзүмү алтын жана күмүш акчага негизделип, анда байлыктын бир ууч адамдын колуна топтолуп калышына, алардын байлыктарды казына кылып сактап жатуусуна, сүткордукка жана каршылыгы болбогон кагаз акча басып чыгарууга жол берилбейт. Ошондой эле, колонизатор мамлекеттердин алсыз өлкөлөрдү эксплуатация кылуу үчүн карыз кишендерине салып алуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Бул түзүмдө инфляция көйгөйү болбойт жана адамдардын баанын кымбатташынан кыжаалат болуп, товарларды ашыкча өлчөмдө сатып алуусуна муктаждык жаралбайт. Монополияны, габнды жана жердин үч жылдан ашуун иштетилбей калтырылышына тыюу салат. Андай жерди кароосуз калтырган адамдан алып, эгин эге турган адамга берет жана фермерлерге жардам көрсөтөт. Ислам мамлекети башка мамлекеттер Исламды кабыл алышы, Исламды колдонушу жана адилетсиз капитализмден баш тартышы үчүн аларга ийгиликтүү жана адилеттүү модель катары Исламдагы экономикалык түзүмдү сунуштайт.
Мумтаз Маверанахрий