Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

28
0

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып турат. Бул көз караш АКШнын ушул региондогу геосаясий кызыкчылыктарынан келип чыгат. Ушул көз караштан Борбордук Азиянын мааниси аныкталат. Жалпысынан, регион Америка үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени анда ар түрдүү сейрек кездешүүчү минералдык ресурстар, кеңири энергетикалык мүмкүнчүлүктөр жана Россия менен Кытайдын геосаясий кызыкчылыктарын кармап туруучу мүмкүнчүлүктөр бар.

Бул жагдайларды жана Россия менен Украина ортосундагы согушту эске алуу менен, бир катар аналитикалык борборлор Америка өкмөтүнө Борбордук Азияга көбүрөөк көңүл буруу керек деген сунуштарды беришүүдө. Алар бул сунуштарды бир нече факторлорго негиздеп беришүүдө. Мисалы, “Responsible Statecraft” (“Жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкаруу”) деген америкалык изилдөө борбору Дональд Трампка экинчи мөөнөт убактысында Борбордук Азияга көңүл бурууну сунуштады. Баяндамага ылайык, Украинадагы согуш, Тайвань маселеси жана соода согуштары күн тартибинде болсо да, Борбордук Азия Американын кызыкчылыктарын коргоодо маанилүү ролду ойношу мүмкүн.

Аналитиктердин пикиринде, Америка регион менен туруктуу мамилелерди орното алган жок, бул жерде Россия менен Кытай активдүү иш алып барууда. Борбордук Азияда чоң ресурстар жана стратегиялык мааниге ээ транспорттук коридорлор бар. Трамптын визити Америка үчүн региондогу абалды чыңдап, глобалдык соода маршруттарына жана энергия ресурстарын жеткирүүгө таасир этиши мүмкүн.

“Трамп эң оболу Борбордук Азияга баруусу керек!” – бул аналитиктердин президентке баса белгилеп айткан алгачкы сунушу. Адистердин айтымында, жогорку деңгээлдеги дипломаттардын бар экенине карабастан, лидерлердин жеке жолугушуулары сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине чечүүчү таасир этет. АКШнын трансафгандык темир жол долбооруна катышуусу – Афганистандагы абалды турукташтырууга, коңшу өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө, америкалык бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана американын таасирин бекемдөөгө жардам бермекчи. Бул магистралдын курулушу Борбордук Азияны Пакистандын Карачи, Гвадар жана Касим порттору менен байланыштырып, миңдеген жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана экстремисттик топтордун катарын азайтууга себеп болот.

Өзбекстандын баамында, Афганистан аркылуу 760 чакырымдык темир жолду куруу, Пакистанга жеткирип берүү убактысын беш күнгө кыскартат жана ташуу чыгымдарын жок дегенде 40%га төмөндөтөт. Бул долбоордун жалпы баасы 6 миллиард долларды түзүп, 2027-жылдын аягына чейин аяктайт деп күтүлүүдө. Ал эми 2030-жылга чейин жаңы темир жол аркылуу жылына 15 миллион тонна жүк ташууга мүмкүнчүлүк болот. Бул темир жол Европа Союзу, Россия, Өзбекстан жана Афганистан өлкөлөрүн Пакистандагы Араб деңизиндеги порттор аркылуу байланыштырса, товарларды Жакынкы Чыгышка, Түштүк-Чыгыш Азияга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт. Мындан тышкары, Борбордук Азия марганец, хром, свинец, цинк жана титандын маанилүү кендерине бай, алар жашыл энергияны өндүрүү үчүн керек. Акыркы убактагы Кытайдын бул материалдарды экспорттоого киргизген чектөөлөрү АКШны ушул ресурстарга алдыңкы келечекте жетип баруусун камсыздоо үчүн “5+1” платформасы аркылуу диалогду күчөтүүгө түртүшү мүмкүн.

1974-жылы кабыл алынган жана бүгүнкү күнгө чейин Борбордук Азиянын төрт өлкөсүнө: Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстанга карата колдонулуп келе жаткан Жексон-Вэник келишимин жокко чыгаруу жөнүндө чакыруулар жүз берүүдө. Бул келишим Американын соода жүргүзүү мыйзамына түзөтүү катары киргизилген. Аага ылайык АКШ экономикасы “рыноктук эмес” (АКШнын аныктамасына ылайык) статуска ээ болгон өлкөлөрдөн келген товарларга өзгөчө бажы төлөмдөрүн жана тарифтерди киргизүүнү, ошондой эле мамлекеттик насыяларды жана кредиттик кепилдиктерди берүүгө тыюу салат. Аналитиктердин пикиринде, мындай чектөөлөр АКШга Борбордук Азиянын чоң потенциалын толук пайдаланууга жана региондогу таасирин күчөтүүгө жолтоо болот.

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү туурасында айтып жатып, анын Россиянын геосаясий активдүүлүгүн чектөөдө үлкөн роль ойношу да маанилүү. Россия бул өлкөлөрдү Батыштын санкцияларынан кутулуу үчүн пайдаланууда. Башкача айтканда, Борбордук Азия өлкөлөрү Кремлдин Батыш санкцияларын айланып өтүүсүнө өтө чоң салымын кошууда. Товарларды Россияга жеткирүү жолдорунун баары жабылган учурда, ал бул товарларды Борбордук Азия аркылуу алып кирип, өзүнө кыйла жеңилдик пайда кылып келет. Мындан тышкары, Кытай миллиардарды “Бир алкак – бир жол” долбооруна жумшап жатат, бул долбоор Борбордук Азия региону аркылуу өтөт. Албетте, Американын Борбордук Азиядагы таасирин күчөтүүсү Россия жана Кытай үчүн өтө чоң көйгөйдү жаратат.

Дагы бир маанилүү фактор, Борбордук Азия – ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү экендигинде жатат. Тарых көрсөткөндөй, ушул жерлерде каапырлардын уйкусун бузган белгилүү окумуштуулар жана таанымал аскер башчылар туулуп өскөн. 1990-жылдардын башында, коммунисттик режим кулаганынан кийин, региондогу мусулмандар Исламдын негизинде башкарууну талап кылып, бул талабынын бийлик тарабынан ишке ашырылышын күтүшкөн. Албетте, учурдагы Жакынкы Чыгыштагы жана Сириядагы кырдаал Борбордук Азиянын мусулмандарына таасир этпей койбойт. Региондогу диктаторлук режимдердин адилетсиз жана репрессивдик саясаты астында жашаган элдер тымызын да, кээ бири ачыктан ачык эле баш көтөрүп нааразычылыктарын билдирип жатышат. Бул “чыңалуу” качан жарылат айтуу кыйын, бирок анын натыйжасы күтүлбөс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мындай жарылуу Борбордук Азия менен чектелбестен, Пакистанда жана Афганистанда да жүз бериши мүмкүн жана анын негизги лозунгу – Ислам огуна биригүү чакырыгы менен коштолот. Албетте, өз кызыкчылыгын коргоодо кыраакылык сыпатына ээ Америка мындай “жарылуучу” кырдаалды көз жаздымда калтырып койбойт.

Жыйынтыктап айтканда, Борбордук Азия Америка үчүн өмүр менен өлүм маселеси болбосо да, геосаясий кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана дүйнөлүк үстөмдүктү сактоо маселесинде стратегиялык мааниге ээ. Борбордук Азия Ислам жерлеринин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эми анын калкы – Үммөттүн эр жүрөк уулдары болуп саналат жана алар динин сүйөт жана аны менен жашоого умтулат. Бул жолдо өз өмүрүн берүүгө да даяр. Бул жерлер, иншаллах, жакын арада пайгамбарлык минхаажы негизинде башкарыла турган Халифалык мамлекетинин бир бөлүгүнө айланат жана  Аллахтын каалоосу менен Россия жана Кытайга каршы күрөштө маанилүү роль ойнойт.

لِلَّهِ الْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

«Иш мурда да, кийин да Аллахтын эркинде болот. Ошол күнү момундар кубанышат. Ал Өзү кимге кааласа жардам берет, Ал – Ызааттуу, Мээримдүү.» (30:4,5)

“Роя” гезити, Ислам Абу Халил

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here