Басма сөз баянаты
Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент
Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду – 2024-жылы 21-декабрда Халабдагы коомдук коопсуздугу кызматы демонстрация өткөргөн он муслиманы уурдап кетти. Бул аялдар Исламды өкүмдар кылууну, бир жарым жыл мурун (2023-жылы 7-майда) Идлибде Жуланий тарабынан уурдалган жолдошторун, ага-инилерин жана уулдарын азат кылууну талап кылып демонстрация өткөрүшкөн!
Эй, козголоңчулар жана алардын арасындагы мужахиддер, студенттер, журналисттер, интеллигенттер жана активисттер! Ушунча курмандыктар ушул нерсе үчүн берилдиби? Миллиондогон шахиддер-мухажирлер ушул нерсе үчүн берилдиби?! Аялдардын минтип уурдалышы Асад режиминин инсандарды кырган кырсыкка жана кылмыштарына окшойт.
Дагы бир жаман нерсе – Дамаскта ачык жүргөн аялдар эч бир тоскоолдуксуз демонстрация өткөрүп, секулярдык жана эркин коом курууну талап кылышууда, ал эми пакиза хур муслималар Аллахтын өкүмүн орнотууну жана бир жарым жылдан бери камакта жаткан жолдошторун азат кылууну талап кылып демонстрация кылышса, уурдалып жатат!
Эй, козголоңчулар, эй, кумандык берген адамдар!
Бул козголоң тогут Асад режиминин чабуулуна, кол салуусуна учураган жана тебеленген намыстарга нусрат берүү үчүн башталбаган беле?! Абийирлүү хурларыбызды уурдоо саясаты кайра башталганына көз жумабызбы?!
Шам козголоңу кылмышкер Атиф Нажиб Даръа шаарынын кадырлуу аялдарын акаарат кылышы артынан башталбаган беле? Бүгүнкү күнгө келип, канкор режим кулатылгандан кийин биринчи коопсуздук операциясы пакиза муслималарды уурдоодон башталды. Мындай кылмышка унчукпай туруудан сактангыла. Себеби, намысыбыз – кызыл сызык! Аларды коргоо үчүн эң кымбат нерселер жана жандар курман кылынат.
Эй, козголоңчулар!
Башына түшкөн зулумду токтотууну талап кылган он муслиманын уурдалышына, мунун тушунда ачык кийинген аялдар балдарды жана аялдарды өлтүргөн канкордун кайтып келишин талап кылып, беймарал демонстрация өткөрүүсүнө жол берилишине ыраазысыңарбы?! Бул ачык жүргөн аялдар каерде демонстрация өткөрүшкөнүн билесиңерби? Алар Умавийлердин шаары Дамасктагы Умавийлер деп аталган аянтта демонстрация өткөрүштү!
Хизб-ут-Тахрирдин
Сирия вилаятындагы
маалымат бөлүмү