Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Адам досунун динине ээрчийт
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ قَالَ:
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “الرَّجُلُ عَلَى دِينِ خَلِيلِهِ فَلْيَنْظُرْ أَحَدُكُمْ مَنْ يُخَالِلُ“
Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Адам досунун динине ээрчийт, силердин бирөөңөр кимди дос тутуп жатканын карасын”.
Тухфат аль-Ахвазийдин Жамиъ ат-Тирмизиге берген түшүндүрмөсүндө айтылат:
(الرَّجُلُ) “эркек дос” дегенди билдирет.
“Досунун дининде” дегени, адатта досунун жүрүм-туруму жана жолу боюнча жүрөт деген маани.
“Кимди дос тутуп жатканын карасын” башкача айтканда, ойлонсун.
Дос тутуу – достук, бир туугандык, жолдошук. Ким андан качпастан дос тутуп жатса, демек анын динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгондугун билдирет. Ошондуктан жакшы же жаман кулк мүнөз достордун биринен экинчисине өтүшү, таасирин тийгизиши мүмкүн болгон сапат.
Имам Газали мындай деген: “Алга умтулуусу күчтүү менен бирге отуруу аракет кылууга түрткү берет. Ал эми артта калган менен бирге отуруу жашоосунда тарки дүйнөлүккө түрткү берет. Анткени табият тууроо, үлгү алуу үчүн жаралган. Ошондуктан табият билинбеген жерден башка табияттан уурдайт.
Аль-Карафи мындай деди: “Ар бир адам жолдош болууга, коштоп жүрүүгө же жанма-жан жүрүүгө татыктуу эмес”.
Алкама айтты: “Эгер дос болсоң, сени көрктөнтө турган адам менен дос бол. Башыңа кыйынчылык күн түшсө, ал сен үчүн запкы тартат, жаман айтсаң, сөзүңдү оңдойт. Сенден бир жакшылык көрсө, аны санайт, жамандык көрсө санабайт. Сенден боштук көрсө жабат, тардык көрсө кеңейтет. Сурасаң берет. Башыңа бир иш түшсө сени сооротот. Достун эң төмөнкүсү – андан сага эч кандай балээ келбегени жана жүргөн жолу сенин жолуң менен кайчылашпаганы.
Шейх Ахмад бин Ата айтат: Карама-каршылыктуу адам менен бирге отуруу рухтун жоголушуна алып келет. Ал эми шериктеш менен отуруу – акылдын уруктанышын, өсүшүн камсыздайт. Бирге отурууга жарай турган адамдын баары эле дос болууга татыктуу эмес. Достукка жарактуулардын баары эле сырдаш эмес. Сырларды аманаткөй адамдарга гана ишенип айтууга болот.
Сүйүктүү бир туугандар!
Азыркы учурда кээ бир адамдар өзүнүн абалына же балдарынын абалына капа жана өкүнүч менен карашат. Өзү же балдары кантип ушундай абалга келип калганына таң калат. Бул абалды кантип оңдойм деп суроо салат. Суроо салуучу жолдошторунун жана досторунун изин этибарга албайт. Жогоруда айтылгандар бул иштин маанилүүлүгүн түшүндүрүү катары келди. Мындай абал кимде болсо билсин. Ал өзүнүн абалын баштан аяк жаңылап, Аллахка баш ийүүгө жардам бере турган жакшы шериктерди издөөсү керек. Аллах Тааладан бизди ар дайым салихтер менен курчоосун сурайбыз.
Аллах буйруса, келерки “асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 17-жумаадус-саани.
2024-ж, 19-декабрь.