18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Үй-бүлөлүк кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койду. Долбоордо “18 жашка чыга элек адамдардын никеге туруусуна толук тыюу салуу” каралган. Анын ичинде 17 жашында никеге турууга уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу сунушталган. Мыйзам долбоору 31-январга чейин коомдук талкууда турат.
Учурдагы Үй-бүлө кодексине ылайык, нике курагы 18 жаш. Бирок жүйөлүү себептер болгон учурда каалоочулардын өтүнүчү менен комиссиялык корутундунун негизинде нике курагы бир жылга төмөндөтүлөт.
Комментарий:
2016-жылы өлкөдө 18 жашка толо элек түгөйлөрдүн баш кошуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Натыйжада, бир катар мусулмандар, анын ичинде нике кыйган имамдар да кылмыш жоопкерчилигине тартылып келүүдө. Мунун каршысында мектеп курагында зынаа кылган улан-кыздар, боюнда болуп калгандар, аборт кылгандар көбөйүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Бирок, мындай бузук амалдарга экинчи тарап арыз жазбаса эле эч кандай кылмыш жоопкерчилиги каралган эмес.
Демек, жогорудагы кодекске өзгөртүү киргизүү да Исламга каршы күрөшүүнүн уландысы болуп эсептелет. Анткени, Аллах Таала үй-бүлө куруунун шарты катары нике бүтүмүн белгилеген. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:
«إِذَا أَتَاكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَأَنْكِحُوهُ، إِلاَّ تَفْعَلُوا تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ. قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَإِنْ كَانَ فِيهِ؟ قَالَ: إِذَا جَاءَكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَأَنْكِحُوهُ. ثَلاَثَ مَرَّاتٍ»
«Эгер силердин алдыңарга дини жана адеп-ахлагынан силер ыраазы боло турган киши келсе, аны никелеп койгула. Эгер мындай кылбасаңар, жер жүзүндө фитна жана чоң бузукулук болот». «Я Расулулла, эгер анын теңи болбосо дагыбы?» дешкенде: «Эгер силердин алдыңарга дини жана адеп-ахлагынан силер ыраазы боло турган киши келсе, аны никелеп койгула», – деп үч жолу айтты. Абу Хотим ал-Мазанийден риваят кылган.
Исламда үй-бүлө куруунун шарты катары жаш курак эмес кыз менен баланын балагатка жетүүсү каралган. Нике Исламыбыздагы бир шаръий өкүм болуп саналат. Аны инкар кылган адам мусулман деп эсептелбейт. Андыктан, долбоор авторлору өздөрүнүн мусулман же атеист экенин жарыялап коюшу керек.
О.э Ханафий мазхабын карманабыз деп жарыя кылып жаткан мусулмандар өкмөттөн шаръий нике жаатында ханафий мазхабынын фикхине ылайык мыйзам долбоорлорун сунушташын талап кылышсын (ЗАГСтын ордуна). Бул ханафий мазхабын карманган баарыбызга важиб.
Нурдин Асаналиев