Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

70
0

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617 млн долларга жетти. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 526 млн доллар, ички карыз 2 млрд 54 млн доллар.
Жалпысынан 2024-жылы мамлекеттик карыздын көлөмү 336,5 млн долларга көбөйдү. Ал эми, 2020-жылдан бери 2 млрд долларга көбөйгөн.

            Комментарий:

            Буга чейин Улуттук статистика комитети өлкөдө эң бай катмар кедейлерден 10 эсе көп киреше таап калганын билдирген. Ал эми, үч жыл мурун бул көрсөткүч беш эсе болгон. Ал эми, 2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандагы каржы уюмдар 115 млрд сомдон ашуун киреше табышты. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га же дээрлик 24 млрд сомго көп.

            Жогорудагы статистикалык маалыматтардын баары капиталисттик экономикалык түзүмдүн натыйжасы экени талашсыз. Алардын бири, каржы уюмдар жок акчанын үстүнөн пайда арттырышы. Маселен, сиздин банкка салган миллион долларыңызды банктар өз капиталы сыяктуу аны башка адамга кредитке берет. Натыйжада, миллион долларыныз үчүнчү тарапка өтсө дагы банктын эсебинде тура берет. Ошондуктан, виртуалдык акча менен физикалык акчанын арасындагы айырма болуп көрбөгөндөй чоңоюп барууда. Бул улам үйлөнүп жаткан шар сыяктуу. Кризис учурунда көрүлгөн чаралардын баары мына ушул шардын жарылбашы үчүн кылынган аракет болуп эсептелет. Мамлекеттер үчүн калктын жакырланып баруусу эмес, ушул сыяктуу капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн курулган системанын сакталуусу маанилүү.

Инфляциянын дайыма өсүп баруусунун да бирден-бир себеби мына ушул кагаз акча системасына байланыштуу. Инфляциянын өсүшү болсо биринчи кезекте карапайым калктын чөнтөгүнө сокку урат. Сатып алуу жөндөмүн азайтат, жакырланат. Айрыкча, Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды калк үчүн кошумча түйшүк. Ал эми, тышкы карызды жана анын пайызын төлөөдө доллардын сыртка агышы бул көйгөйдү дагы күчөтө турган фактор болуп саналат.

Демек, капиталисттик чырмалган экономика түзүмү калктарды жакырлаштырып, байлардын байлыгын арттыруу негизине курулган. Мунун каршысында, Исламдагы экономика түзүмү алтын жана күмүш акчага негизделип, анда байлыктын бир ууч адамдын колуна топтолуп калышына, алардын байлыктарды казына кылып сактап жатуусуна, сүткордукка жана каршылыгы болбогон кагаз акча басып чыгарууга жол берилбейт. Ошондой эле, колонизатор мамлекеттердин алсыз өлкөлөрдү эксплуатация кылуу үчүн карыз кишендерине салып алуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Бул түзүмдө инфляция көйгөйү болбойт жана адамдардын баанын кымбатташынан кыжаалат болуп, товарларды ашыкча өлчөмдө сатып алуусуна муктаждык жаралбайт. Демек, бүгүнкү күндө учурап жаткан көйгөйлөрдүн жана колубуздагы каражаттын капиталист, колонизаторлордун чөнтөгүнө агылып кетүүсүнүн түпкү себеби капиталисттик түзүм болуп саналат.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here