Судандык аялдардын эксплуатация кылынышы – капитализм эпидемиясы

18
0

Басма сөз баянаты

Судандык аялдардын эксплуатация кылынышы – капитализм эпидемиясы

Американын жардамында Судандын түндүгүндөгү мусулмандарга каршы башталган жана Ыкчам колдоо күчтөрү жасап жаткан массалык кыргындар, калкты көчүрүү жана жыныстык зомбулуктар 2023-жылдын апрель айынан бери токтоосуз уланууда. Мусулман өз динин жана намысын коргоо үчүн өз үйүн таштап кетүүгө мажбур болду. Себеби, жардам берүүчү да жок, кафирди кылмыштан тосо турган күч да жок. Өткөн айдын жыйырма алтысында «Ал-Жазира нет» жарыялаган отчётто БУУ «Судандык аялдардын жыныстык кол салууга учураган абалдары эпидемиялык даражага жетишинен» эскертти. БУУ: «Бул жыныстык кол салуулардын көлөмү кабыл алгыс деңгээлге жетти», – деп кошумчалады.

Эй, мусулмандар!

Бул адамдын кадырына жана ар-намыска каршы эпидемиялык зомбулук! Абийир ээлери жер жүзүндөгү эң ыплас кишилер тарабынан эксплуатация кылынышы эпидемия сыяктуу кеңири жайылып жатканына ыраазы болосуңарбы?! Кордук ушул даражага жеттиби?! Кол салынган бир аял үчүн бүткүл кошуунду аракетке келтирген Муътасимдер заманы кайда калды?! Биз өтмүшкө алсыздардын көз карашы сыяктуу карабай жатабыз. Тескерисинче, күч-кубат ээлери арасында кадыр-кыймат жана ар-намыс туйгуларын ойготуу, эрдик жана Исламга сүйүүнү кызыктыруу үчүн тарыхты мисал кылуудабыз. Ко-ош, эмнеге дагы эле жиниңер, ачууланбай жатасыңар? Анткени, азат жана пакиза аялдардын таянычы – эр кишилер. Демек, бардык илдеттин себеби – БУУ менен эл аралык тартип. Исламдын башкаруудан жана жашоодон четтетилиши кафирлерге жол ачты, алар эч кимден коркпой, эч кимдин көзөмөлүндө болбостон, эч ким тарабынан жоопко тартылбастан намыстарыбызды ачык-ашкере тебелеп жатышат. Мухандис Исмаил Вахвах рахимахуллах айткан: «Батыш хазаратынын календары майрамдарга толуп жатат. Либерал капитализм жана өкүмдар эл аралык система кризис жана кыйынчылыктарды пайда кылууда жана белгилөөдө озунуп кетишти. Алар адамды жана анын укуктарын тебелеп, андан кийин эл аралык адам укуктары күнүн белгилешүүдө. «Энелер күнүн» майрамдап жатышат, акыйкатта болсо, аялды энелик укугунан ажыраткан. «Балдар күнүн» белгилеп жатышат, акыйкатта болсо, Батыш үй-бүлөсүндө балдардын санынан көрө иттердин санын көбөйтүп жиберишти. «Аялдарга зомбулук кылууга чекит коюу эл аралык күнүн» белгилеп жатышат, негизи аялдардын башы мусибаттан чыкпай калды. «Эл аралык тынчтык күнүн» белгилеп жатышат, түпкүлүгүндө, өздөрү ар жерде колонизатордук жана пайдасыз согуштарды жалындатып жатышат. «Сабатсыздыкка каршы күрөш күнүн» белгилеп жатышат, негизи өздөрү бузгунчу маалымат каражаттары аркылуу адамдардын акылын уулап жатышат. Эгер булардын бардыгына чекит койбосок, Батыш хазаратынын адамзат кырсыгын жаратуудагы ийгилигин белгилөө үчүн 365 күн жетпейт жана алар бир күндүн өзүндө т.а. эрте менен, бешим жана түндө өзүнчө-өзүнчө белгилей турган болушат».

«Ассошиэйтед Пресс» жарыялаган отчёттордо айтылгандай, аман калуу үчүн башбаанек, үй-жай, азык-түлүк, ичерге суу жана дарылануу акысына жыныстык эксплуатацияга учураган аялдардан келип түшкөн даттануулардын көпчүлүгү «Чегарасыз дарыгерлер» уюму, башка гуманитардык уюмдар жана жергиликтүү колдоо күчтөрүнүн кызматкерлери үстүнөн болгон. БУУнун көз карандысыз эл аралык факттарды аныктоо миссиясынын документине ылайык, өткөн айда Суданда «Зордуктоо, жыныстык эксплуатация, жыныстык максаттарда уурдоо, мажбурий нике жана адам соодасы» сыяктууларды өз ичине алган жыныстык зомбулук абалдары күчөгөн. Бирок, бул сыяктуу кылмыштарга жаза берүү же ушул эпидемияны токтотуу туурасында эч бир аракетти көрбөй жатабыз. БУУнун гуманитардык маселелерин координациялоо башкармалыгынын жетекчиси «дүйнө жакшыраак иш кылышы керек» деген сөздү гана айтты.

Адамды бузган, жаратуучусу менен болгон мамилесин үзүп, шахватына кул кылган нерсе – бул капитализм. Дал ушул капитализм аялдардын намысы тебеленишине жана согуштарда эксплуатация кылынышына себеп болууда. Дүйнөнү мамлекеттер жана мамлекет ичиндеги таасирдүү фигуралардын жеке кызыкчылыгы үчүн кагылышуулар майданына айланткан нерсе дал ушул капиталисттик идеология болуп, дал ушул идеологияны жаюу үчүн бүткүл дүйнөдө согуштар жалындап, адамдардын каза болушуна себеп болду. Бул идеология жалаң гана зомбулук жана геноцид менен таратылып жаткан соң, бул геноцид америкалык кызыл түстүүлөрдү кыргын кылуудан башталып, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүбүздө уланып жатат. Капитализм кыргынга негизделген түзүм болуп, адамдын нафсин кандыруу үчүн бардык каражаттарды уруксат деп эсептейт. Өзүн кармай албастык, башкаларды жек көрүү жана мазлумдардын кадыр-кыйматын теңсинбестик гуманитардык уюмдардын кызматкерлерине мусулман кыздарды эксплуатация кылуусуна жол ачат. Кыска жана түшүнүктүү кылып айтсак, аялдарды зордуктоо жана жыныстык эксплуатация кылуу Исламдын башкаруудан четтетилгени үчүн гана болду жана Исламды башкаруга кайтаруу менен гана бул нерсеге чекит коюлат. Исламдан башкасы эч качан аялдардын баркын көтөрбөйт, намысын коргобойт.

Аллахым, бизге бул зулумду бизден алып сала турган, дүйнөдөгү эже-сиңди жана кыздарыбыздын кадырын коргой турган рошид, кайраттуу жана калыс имам-халифаны насип кылгын. Калкан болгон имам-халифабызды жоготтук. Ошондуктан, бардык калктар кудум иттер сыяктуу ар тараптан бизге асылышууда.

﴿وَسَيَعۡلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَيَّ مُنقَلَبٖ يَنقَلِبُونَ﴾

«Залим кимселер кандай акыбетке карап бара жатышканын жакында билип алышат»                                                                                [26:227]

 Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here