Амирлик (биринчи бөлүк)

24
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Амирлик  (биринчи бөлүк)

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Имам Муслимдин (Аллах аны ырайымына алсын) “Сахих” китебинде мындай деп келет:

ورد عند مسلم في صحيحه رحمه الله

حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ وَأَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ قَالَا حَدَّثَنَا حَاتِمٌ وَهُوَ ابْنُ إِسْمَعِيلَ عَنْ الْمُهَاجِرِ بْنِ مِسْمَارٍ عَنْ عَامِرِ بْنِ سَعْدِ بْنِ أَبِي وَقَّاصٍ قَالَ كَتَبْتُ إِلَى جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ مَعَ غُلَامِي نَافِعٍ أَنْ أَخْبِرْنِي بِشَيْءٍ سَمِعْتَهُ مِنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ فَكَتَبَ إِلَيَّ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمَ جُمُعَةٍ عَشِيَّةَ رُجِمَ الْأَسْلَمِيُّ يَقُولُ لَا يَزَالُ الدِّينُ قَائِمًا حَتَّى تَقُومَ السَّاعَةُ أَوْ يَكُونَ عَلَيْكُمْ اثْنَا عَشَرَ خَلِيفَةً كُلُّهُمْ مِنْ قُرَيْشٍ وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ عُصَيْبَةٌ مِنْ الْمُسْلِمِينَ يَفْتَتِحُونَ الْبَيْتَ الْأَبْيَضَ بَيْتَ كِسْرَى أَوْ آلِ كِسْرَى وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ إِنَّ بَيْنَ يَدَيْ السَّاعَةِ كَذَّابِينَ فَاحْذَرُوهُمْ وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ إِذَا أَعْطَى اللَّهُ أَحَدَكُمْ خَيْرًا فَلْيَبْدَأْ بِنَفْسِهِ وَأَهْلِ بَيْتِهِ وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ أَنَا الْفَرَطُ عَلَى الْحَوْضِ

“Бизге Кутайба бин Саид Саад бин Абу Ваккастан риваят кылды. Ал айтты: “Мен кулум Нафиъ менен Жабир бин Самурага мага Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дан уккан бир нерсеңди айт деп кат жаздым. Ал мага мындай деп жазды: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жума күнү кечке жуук Аслам таш бараңга алынганда мындай деп айтканын уктум: “Дин кыяматка чейин тура берет.  Же силердин үстүңөрдө он эки халифа болот, алардын баары Курайштан болот”. Мен анын мындай дегенин уктум: “Мусулмандардын кичине  бир тобу Ак үйдү, Кисронун үйүн фатх кылышат”. Мен анын мындай дегенин уктум: “Кыяматтын алдында жалганчылар чыгат алардан сак болгула”. Мен анын: “Эгер Аллах силердин бириңерге жакшылык берсе, өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн баштасын”, – деп айтканын уктум.  Мен анын: “Хавзда мен биринчи болом (силердин суусунуңарды кандыруу үчүн хавз көлүндө мен биринчи барып, силерди күтөм) дегенин уктум”.

Хадистеги “Мусулмандардын кичине бир тобу Ак үйдү, Кисронун үйүн фатх кылышат” деген сөз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)га көрүнгөн мужизалардын бири. Мусулмандар аны – (Аллахка мактоолор) Умар бин аль-Хаттаб (радыяллаху анху) доорунда жеңип алышкан.

“Эгер Аллах силердин бириңерге жакшылык берсе, өзүнөн жана үй бүлөсүнөн баштасын”. “اِبْدَأْ بِنَفْسِك ثُمَّ بِمَنْ تَعُول” Бул “Өзүңдөн башта, андан соң кол астыңдагылардан башта” деген хадис сыяктуу.

“Хавзда мен биринчи болом” Бул адамдарды сууга алып барып, аларга керектүү нерселерди даярдагандыгын билдирет.

“Дин кыяматка чейин турат.  Же силердин үстүңөрдө он эки халифа болот” дегенине келсек. Кээ бир аалымдар айтышты:

قائما  “Турат” сөзү – туруктуулук жана дайым үзгүлтүксүз уланып туруу дегенди билдирет. Ушул сөздүн маанисине жакын Аллах Тааланын: “ويقيمون الصلاة ” “Алар намазды тургузушат” деген сөзү бар.  Аллах Тааланын الا ما دمت عليه قائما  “Бирок сен анын башында турсаң гана (аманатты сага кайтарышат)” деген сөзү бар.

Мунун мааниси  мындай: “Дин Кыяматка чейин кала берет жана уланат.

أو “же” сөзү “жана” байламтасы маанисинде келген. Тагыраагы, силердин үстүңөрдө он эки халифа болот маанисинде”. Он эки халифаны өзгөчөлөнтүп көргөзүүнүн мааниси, булардын доорунда мусулмандардын улуугу артып,  кор болбошун билдирет.

Аалымдардын бул хадисти бир нече мааниде чечмелешкен.

Алар айтышты: Адилеттүү халифалар дегенди билдирет. Алардын кээ бирлери үммөт ичинде өтүп кеткен жана алардын саны Кыямат келгенге чейин толуктала берет.

Аль-Навави (Аллах аны ырайымына алсын), казы Ияддан цитата келтирип: “Мындан көздөлгөн максат, адилеттүү халифалыкка татыктуулар айтылса керек. Алардын кээ бирлери адилетүүлүгү менен билинди жана бул Кыямат келгиче уланышы керек.

Мындан көздөлгөн максат: Айтылып жаткан адам өз доорунда Исламды даңазалаган, мусулмандарды айланасында чогулткан адам болушу мүмкүн. Сунан Абу Даудда: “كلهم تجتمع عليه الأمة” “Бардык үммөт ага чогулат”, деп келген.

Ас-Суютий айтты: “Ислам доорунда кыяматка чейин он эки халифанын болушу, алар арты артынан  келишпесе  да адилетүү иштешет.

Ал эми Фатхул-Бариде: “Адилеттүү төрт халифа өттү, калгандары Кыямат келгичекти уланат” деп келген.

Ибн Касир айтты: “Бул хадистин мааниси – акыйкатты орното турган жана аларга адилеттүү мамиле кыла турган он эки салих халифанын бар экендигинин куш кабары. Бул алардын үзгүлтүксүз арты артынан келүүлөрүн талап кылбайт. Арты артынан келген үлгүдө төртөө болгон. Атап айтканда, төрт халиф: Абу Бакр, Умар, Усман жана Али. Имамдардын жана кээ бир Аббасийлердин пикири боюнча алардын арасында Умар бин Абдул Азиз да бар. Алардын жетекчилиги болмоюнча Кыямат болбойт жана алардын арасында хадистерде кабарланган Махди да бар.

Эй жакшылыктын үммөттү!

Хадистерде “халифа” деген сөз айтылып, ал башкаруучуну жана жалпы бийликти колго алган адамга каратылган. Хадис ошондой эле диндин күч-кубатын, өкүмдарлыгын, таасирин жана ага каршы чыккандардын же ага каршы болгондордун үстүнөн жеңишке жетип кутумчулардын айла-амалдары  ага кыяматка чейин зыян бербей турганын баяндады. Ислам – бул мамлекет, анын башкаруучулары жана башкарылгандары ага кайрыла турган үлгү,  аны менен жашай турган жол. Хадис бул халифтерге ислам алардын доорунда улуулугу артып тургандыгы үчүн аларга артыкчылык же өзгөчөлүк берген жок. Тескерисинче, акимдерди жана алардын жардамычыларын көздө тутпастан, мезгил жана доор көздө тутулган. Бул Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбарлыгын билдирген кабар. Башкача айтканда, халифалардын өздөрүн эмес алардын доор мезгилинде ислам мамлекетинин үстөм жана улуу болушун куш кабар кылган. Дин негизинен дин, цивилизация, мамлекет катары же адамдардын ага киришине тоскоол болуу, аларды андан чыгарууга аракет кылуу, ага каршы кутум уюштуруулар канчалык күчтүү, катаал болгон мезилде да үстөм жана жеңүүчү болуп кала берет.

Диндин үстөмдүгүн, жеңишин жана даңкын көрсөткөн нерсе:

Исламга дин катары зыян жеткирүүдө канчалык кыйратуучу куралдар болсо да ага каршы чыккандар, сырттан душман болгондор, мейли алар китеп ээлери же мушриктер болсун, же каапыр Америка сыяктуу түзүм ээлери болсун, же жек көрүүчү Британия жана аларга окшогондор болсун муну кыла алышпайт. Аллах Таала Анфал сүрөсүнүн 36-аятында айтат:

(إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ )

“Чындыгында, каапырлар мал-мүлктөрүн Аллахтын жолунан кайтаруу үчүн сарпташат. Анан аны дагы сарпташат, анан бул аларга кайгы болуп кайтат. Анан алар жеңилишет. Каапырлар тозокко  жыйналышат”.

Ошондой эле, динден баш тарткандар жана андан толук же жарым-жартылай четтегендер, ага эки жүздүүлүк менен киргендер Ага зыян келтире алышпайт…

Ислам мамлекети Абу Муслим аль-Хорасани өткөндөн кийин Аль-Мансур доорунда да күчтүү бойдон калган. Ар-Рашиддин тушунда ислам мамлекети күчтүү болгон, бирок кээ бир каршылаштары күч алып, фатх кылынган өлкөлөрдө козголоң башташкан. Алар толук көзөмөлдү толук колго алуу үчүн Ислам мамлекетинин аппаратына кирип барышты. Ошондой эле, Ар-Рашиддин убагында барамуктар кыймылын Ар-Рашид өзү жок кылганга чейин башаламандык кылышты. Бирок, ошол доордо да Ислам мамлекетти күчтүү бойдон калды…

Ошондуктан, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткандары он эки халифалык доорунда аткарыла турганын көрөбүз. Бул халифалардын  убагында да Ислам улуу болот жана ага каршы чыккандар кор болот жана дин  кыяматка чейин өз ордунда калат. Исламдын улуулук менен коштолгон абсолюттук даңкы жана атактуулук абалы ошол он эки халифанын бийликти колго алган мезгили менен чектелет.

Сүйүктүү бир туугандар!

Белгилей кетчү нерсе, Аммар (Аллах андан ыраазы болсун) Муслим риваят кылган хадисте айтат: “فِي أُمَّتِي اثْنَا عَشَرَ مُنَافِقًا لَا يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ” “Менин үммөтүмдө он эки мунафык бар, алар бейишке кирбейт”.

Суроо туулат, бул үммөттө он эки эле эки жүздүү адам барбы же андан көппү? Буга жооп – эки жүздүүлөрдүн саны көп деп айтылат. Ушул сыяктуу эле, 12ден ашык халифа болгон, бирок алардын башкаруусу учурунда ислам мамлекетинин үстөмдүгү жана бийиктиги арткандыгына байланыштуу алардын саны айтылып, өзгөчөлөнтүп көрсөткөн. Ислам дини улуу жана көрүнүктүү болгон 12ден ашык халифаны санаса болот. Мурунку мусулман халифтерден тышкары Европаны багынткан Усманий халифаларын саноо жетиштүү. Аллах Таала аларды өз ырайымына алсын.

Эй жеңүүчүлөрдүн уулдары!

Мусулмандар, алардын акимдери, аалымдары баары бир тарапта болуп, Ислам акыйдасын коргошту, жетекчилери салих болушту, Исламды даават жана жихад аркылуу дүйнөгө алып чыгышты. Мусулман аалымдары жана факыхтары адамдарга Исламды үйрөтүшөт, өз ара пикир алышышат, акимдерге насаат айтып, аларды эсеп китеп кылышат жана Аллах үчүн айыптоочунун айыптоосунан коркушпайт. Мусулмандар Ислам өкүмдөрүнөн ырахат алып, ислам үммөттү Аллах Таала сыпаттагандай үммөттөрдүн арасында орточо үммөт, элдер арасында лидер болду.

{وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِّتَكُونُواْ شُهَدَاء عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيداً}البقرة143

“Ошентип силер адамдарга күбө болушуңар жана Пайгамбар силерге күбө болушу үчүн Биз силерди орточо үммөт кылдык (Тактап айтканда, алардын эң жакшысы жана эң адилетүүсү ортодогулар)”. (Бакара: 143).

Демек, мусулмандар анын ичинде аалымдар өздөрүнүн жеке дааваты жетишсиз экенин түшүнүүлөрү керек. Халифалык мамлекетинде ислам ишке ашкандай Ислам мамлекетин кайра тирилтүү жана динди бекемдөө үчүн адамдарды ойготуп ар тараптуу өзгөртүү иштерине жетекчилик кылуучу бир жамаат менен бирге (Аллах аларга нусрат бергенге чейин жана мусулмандар мурунку жолуна кайтып, адамдар үчүн эң жакшы үммөт катары чыгарылган үммөт даражасына жеткенге чейин жана алардын убагында Ислам даңкталып дин улуу болгонго чейин) аракеттенүүлөрү керек.

قال تعالى:{قُلْ هَـذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللّهِ عَلَى بَصِيرَةٍ أَنَاْ وَمَنِ اتَّبَعَنِي وَسُبْحَانَ اللّهِ وَمَا أَنَاْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ}يوسف108

Аллах Таала айтты: “Айт: Бул менин жолум, Мен жана мени ээрчигендер Аллахка акылмандык (шек күмөнү жок илим) менен чакырам.  Аллах аруу жана мен мушриктерден эмесмин”. (Йусуф: 108).

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушууга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 12-жумадус-саани.

2024-ж, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here