Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

108
0

Басма сөз баянаты

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар!

Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

 Оо, Шам калкы!

Силер Америка жана анын куурчактары менен байланышып жаткан адамдардан алыс болуп, саптарыңарды жана аракетиңерди бириктирсеңер гана нажат табасыңар. Бул адамдарды айырмалоо кыйын эмес. Себеби, алар силерди режим менен келишүүгө, анын структурасын жана мекемелерин сактап калууга о.э. айтып жатышкан демократия астында жашоого чакырышууда. Алар кой терисиндеги карышкырлар болуп, силерден эмес экенин унутпагыла. Жалпысын алганда, канкорго кол берген же анын зулум жана зомбулугуна шерик болгон адамдардын эч бири силерден эмес. Алардын бардыгы кыянат жана карамүртөздүккө малынган кылмышкерлер болуп, аларга таптакыр ишенич жок. Мисир Кинанасында карышкырларга ишенген, аларга өз башын ишенип тапшырып, тагдыры мууздалуу менен бүткөндөрдөн үлгү алгыла. Рабиа кыргынын унутпаган болсоңор керек. Учурда да Мисир түрмөлөрү Американын малай саткын өкүмдарларына каршы чыгуудан башка «күнөөсү» болбогон миңдеген туткундарга толуп ташкан. Бүгүнкү күндө Мисир дагы эле Американын көзөмөлү астында. Америка мурункусунан да жаман режимди кайра тикелеп, өлкөдөгү көзөмөлүн бекемдеп алып, Мисирди жана анын калкын чоң азап-кыйынчылыктарга туш кылууну улантууда. Америка силердин башыңарга да дал ушундай күндөрдү салмакчы. Өтө-өтө этият болгула жана сак болгула. Акыйкат жана улуу максат үстүндө бекем тургула. Силер үчүн мындан башка максатта нажат-кутулуу жок. Кооз убадаларга алданып, ыңкылабыңарды Америкага тапшырып койбогула. Антсеңер, ал башыңарга жаңы малайды алып келет, акыбетте силер ага жана анын малайларына дагы моюн сунган абалда каласыңар. Анда силер жөнүндө убадага да, милдетке да турбаган Америка силерге эч качан ырайым кылбайт. Натыйжада, ушундай абалга түшөсүңөр, зулум жана карамүртөздүк күчөгөндүктөн – бүгүн айрым мисирликтер Хусни Мубарактын заманын эңсеп жаткандай – силердин араңардан да Башар Асаддын заманын эңсегендер чыгат.

Эй, Шам калкы!

Силер учурда жашап жаткан бул күндөрдү биз да Мисирде башыбыздан өткөрдүк, бүгүн силерге кандай тузак коюлган болсо, бизге да ошондой тузак коюлган эле. Биз Мисир калкын эскерткенибизге карабастан, алар алданышты. Андыктан, силер да алданып калбагыла. Тесккерисинче, Хизб-ут-Тахрирдеги боордошторуңардын сөзүнө кулак салгыла. Себеби, алар өз калкын алдабаган жана эч качан алдашпайт. Алар козголоңуңардын биринчи күнүнөн баштап жаныңарда болуп, майдандарда алдыңкы сапта турушту, ар дайым аракетиңерди эң жакшы максат жана эң жакшы идеяга карай бириктирүүгө умтулушту, Ислам мамлекетинде Исламды колдонууга чакырышты. Ушул мамлекет менен Роббиңер силерден ыраазы болот жана берген курмандыктарыңардын бышып жетилген мөмөсүн терип аласыңар, шахиддер канынын мубарек ийгилигине жетесиңер. Андыктан, кимдин идеясы, талап жана максаты Ислам мамлекети болбосо, ал силерден эмес, тескерисинче, ал душманыңар, андан этият болгула. Андайлар менен ортоңордогу байланыш жиптерин үзгүлө, андайларды четке каккыла. Араңардан кечеги күндүн Саъд, Асъад жана Усайддары чыксын, алар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам беришсин, Умматтын тартып алынган бийлигин кайтарышсын, Америка жана анын жугундукорлорун жеңип, өз ийиндерине кууп салышсын. Демек, максатыңар ушул болсун, ушунча берген курмандыктарыңар натыйжасыз болбосун, шахиддериңердин каны текке кетпесин.

﴿وَلَا تَرۡكَنُوٓاْ إِلَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾

«Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт»                                    [11:113]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here