Басма сөз баянаты
Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек
Тогут Башар Асаддын качып, анын карамүртөз бийлиги кулатылгандан кийин мусулмандардын жүрөгүн ооруткан үрөй учурган көрүнүштөр ашкере болду. Мусулмандар режим алардын боордошторун зындандарда кандай жырткыч кыйноолорго салганына, ондогон жылдарга созулган туткундук, ачкалык, зулум жана ырайымсыз кыйноолор канчалык зөөкүр болгонуна күбө болушту. Камактарда болгон ачкалык, кыйноо, ырайымсыздык жана кыргын бир доор үчүн эле эмес, бүткүл адамзат үчүн сабак болот. Эркиндикке чыккандар айтып берген үрөй учурган окуялар бул ырайымсыздыктын көлөмүн ашкере кылды. Седная камагы зулум жана ырайымсыздыктын чордону катары күн сайын ондогон күнөөсүз адамдардын өмүрүн алып кетти жана кыйноолор, зордуктоо жана кемсинтүү жөнүндөгү икаяларды калтырды. Бул жырткычтыкты уккан ар кандай киши “бул жийиркеничтүү иштерди кылгандар адамбы” деген суроону беришүүдө. Шексиз, бул жырткыч нерселерди жасагандар Аллахтын каарына жана катуу азабына татыктуу. Аллах Таала айтат:
﴿وَٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ بِغَيۡرِ مَا ٱكۡتَسَبُواْ فَقَدِ ٱحۡتَمَلُواْ بُهۡتَٰنٗا وَإِثۡمٗا مُّبِينٗا﴾
«Мумин жана муминаларга эч бир күнөө кылбаса да азар берген кимселер да жалган жалаа жана ачык күнөөнү өз үстүлөрүнө алыптыр» [33:58]
Бул бир эле Асад үй-бүлөсүнүн режиминин абалы эмес, бардык мусулман өлкөлөрүндөгү зыянкеч режимдердин абалы ушундай. Кафир Батыш колонизаторлор Умматтын төбөсүнө чыгарган бул режимдер Умматка каршы үрөй учурган кылмыштарды жасап келишти, дагы эле жасашууда.
﴿وَمَا نَقَمُواْ مِنۡهُمۡ إِلَّآ أَن يُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ﴾
«Алар (момундардан) ал (момундар) кудурет жана мактоо ээси болгон Аллахка ыйман келтиришкени үчүн гана өч алышты!» [85:8]
Биздин өлкөлөрдөгү режимдердин баары полициячыл режимдер болуп, зулум, зомбулук жана адашуу үстүнө курулган. Баары Умматка, анын азаттык каалоосуна жана Ислам башкаруусуна душмандык кылууда бири-биринен айырмаланышпайт. Алар Уммат өз бийлигин кайтарып, Халифалыкты тикелешин алдын алуу үчүн ар кандай ырайымсыздык жана кыйноолордон кайра тартышпайт.
Бул ырайымсыздык жана кыйноолор мусулмандардын жүрөгүндө өкүмдарлар жөнүндө эч качан өчпөй турган жек көрүү жалынын алоолонтушу зарыл. Бул жалын залим режимдерди кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелемейинче, Умматка кадыр-баркын жана улуулугун кайра алып бермейинче өчпөшү керек. Халифалык – күч-кубат жана азиздик, халифа – күнү-түнү Умматтын кызыкчылыгы үчүн аракет кылган жетекчи.
﴿وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ﴾
«Ошол күндө момундар шаттанышат» [30:4]
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук
маалымат бөлүмү