Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү
Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай катмары кедейлерден 5 эсе көп киреше тапчу. Учурда бул айырма 10 эседен ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, эң көп киреше тапкан 20% катмар 2023-жылы калган элдин кирешесинин дээрлик жарымына ээлик кылып калды (48%). Ал эми эң кедей катмар 4,6% гана киреше алган. 2020-жылы эң бай катмар эң кедей катмардан 5,9 эсе көп киреше тапкан болсо, кийинки жылдары бул айырма өсүп отуруп, 2023-жылы 10,5 эсеге жетти. Расмий статистикага ылайык, 2020-жылы калктын 25,3%ы жакыр деп эсептелсе, 2023-жылы 29,8%га чейин жетти.
Карапайым калк жакырчылыкка батып жаткан чакта расмий бийлик салык жана ар кандай төлөмдөрдүн түрлөрүн көбөйтүп, калктын жүгүн дагы да оорлотууда. Ушул эле учурда бийликтин жогорку тепкичиндеги аткаминерлер коррупциялык схемалар менен миллиарддаган сомдук кирешелерге ээ болууда. Буга жакында эле салыкчылардын 30 млрд сомдон ашык каражатты бюджеттен буруп алган окуя жаркын мисал болот. Бул окуядан кийин Салык кызматынын төрагасы жана анын орун басары камалган эле.
Мындай көрүнүш Кыргызстанда эле эмес, капитализм өкүмдарлык кылган дүйнөнүн төрт бурчуна тиешелүү экенин белгилей кетүү керек. Эл аларык эмгек уюму маалымдашынча, пандемия учурунда миллиардерлердин байлыгы 3,9 триллион долларга өсүп кетсе, калган калктын кирешеси 3,7 триллион долларга азайган.
Мунун каршысында, Ислам байлар менен жакырлардын ажырымын азайтуучу экономикалык саясатка ээ. О.э бюджетти толтурууда капитализмдегидей салык саясатына таянбайт. Ислам байлыкты бир жерге топтоп койбоо жана анын коомдун бардык катмарлары арасында бөлүштүрүлүшүн камсыз кылууну көздөйт. Бул үчүн төмөнкү механизмдерди ишке салат:
- Зекет жана садака:
Зекет – бул байлардын жылдык кирешесинин бир бөлүгүн (2.5%) жакырларга жана муктаждарга берүү. Бул механизм коомдогу эң аярлуу катмарды колдоп, байлык бир ууч адамдын колуна топтолушуна жол бербейт. Анткени, зекет Куранда эскерилген 8 түрдөгү адамдарга гана берилип, мындай түздөн-түз жардам берүү социалдык теңдикке өбөлгө түзөт. Алла Таала айтат:
إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ
“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).
- Карыздарды жеңилдетүү:
Ислам карызды кечирүү же аны кайтарып берүүдө жеңилдиктерди сунуштоо аркылуу муктаждардын абалын жеңилдетет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) карызды кечирүүнү эң жакшы амал катары көргөн. Бүгүнкү күндө бул принципти колдонуу финансылык кыйынчылыкка туш болгон жарандарга жардам берүүнүн эффективдүү жолу болуп саналат.
- Монополия жана адилетсиз соодага каршы күрөш:
Ислам монополия жана адилетсиз бааларды тыюуну талап кылат. Соодагерлер менен ишкерлер акчаны топтоого гана эмес, өздөрүнүн иштери аркылуу коомго пайдалуу болууга умтулушу керек. Бул принцип мамлекеттик деңгээлде ишке ашып, кирешени адилеттүү бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт.
- Адилеттүү эмгек акы жана мүмкүнчүлүктөр:
Ислам ар бир жаранга адилеттүү ишке орношуу жана эмгек акы алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоону талап кылат. Иш менен камсыздоо программалары аркылуу кедейлердин турмуш шарттарын жакшыртуу мүмкүн. Буга кошумча, мамлекет жакырларга билим жана кесиптик даярдоо курстарын сунуштоо менен алардын өз алдынча киреше табуусуна шарт түзө алат.
- Байлардын коом алдындагы жоопкерчилиги:
Исламда байлар жеке кызыкчылыктарын гана көздөбөстөн, өз коомунун турмушун жакшыртууга жоопкерчиликтүү болушу керек. Алар социалдык программаларды каржылоо, жакырларга жардам берүү жана инфраструктураларды өнүктүрүү аркылуу жалпы калктын жашоо шарттарын жакшырта алат.
Ал эми, Исламда мамлекеттик бюджеттин (Байтулмал) кирешесине келсек, ал төмөнкүлөрдөн турат:
- Ганимат – мусулмандардын согушта каапырлардын акча, курал ж.б байлыктарын колго алуусу;
- Фай – мусулмандардын согушсуз, тагыраагы, кошуунду аракетке келтирбестен каапырлардын байлыгына ээ болуусу.
- Хирож – Алла Таала каапырлардан мусулмандар алышы керек болгон акы. Хирож жихад же келишим аркылуу каратылган аймактагы каапырлардын айыл-чарба жеринен алынат.
- Жизя – Ислам мамлекетине моюн сунган аймактардан алына турган акы. Мунун каршысында мусулмандар бул аймактын коопсуздугун, бейпилдикте жашоо жоопкерчилигин өз мойнуна алат. Жизя балакатка жеткен эркектерден жылына бир жолу гана алынат.
- Элдик мүлктүн кирешелери – Алла Таала жалпы элге мүлк катары берген, андан пайдаланууну мубах кылган жана ага жеке адамдардын ээлик кылуусуна тыюу салган мүлктүн түрү. Суу булактары, жайлоо, көл, дарыя, мунай, газ, көмүр, алтын кендери ж.б. Бул түрдөгү мүлктөрдөн түшкөн бардык киреше мусулмандар арасында бөлүштүрүлөт.
- Мамлекеттик мүлк жана анын кирешелери. Бош жерлер, имараттар сыяктуу. Мамлекет бул мүлктөрдү сатып же ижарага берүү менен киреше табышы мүмкүн.
- Бажы төлөмү – бул мамлекеттин чек арасынан товар ташып өткөн мусулман эмес соодагерлерден алынат. Анын өлчөмү өзүнүн мамлекети мусулман соодагерлерден ала турган өлчөмдө болот.
- Жетекчи жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз байлыктары. Валийлер, акимдер жана бардык мамлекеттик кызматкерлер кызматтык абалдан пайдаланып ээ болуп алган байлыктар ушул түркүмгө кирет. Алардын мамлекет тарабынан берилген айлык акыдан башка кирешеге кызмат учурунда ээ болуусу мүмкүн эмес.
- Айыппулдар – ар кандай мыйзам бузган тараптарга мамлекет тарабынан белгиленген жаза.
- Хумус – Жер алдындагы казыналар, алтын, күмүш жана баалуу таштар сыяктуу табылгалардын 5/1 бөлүгү Байтулмалга тапшырылат. Ушул мүлктүн түрү хумус деп аталат.
- Мураскери болбогон адамдын мүлкү да Байтулмалга өткөрүлөт.
- Муртаддардын мүлкү. Кайсы бир адам муртад болсо жана үч күн аралыгында тообо кылбаса анын малы, жаны адал болот.
Бул кирешелер үммөттүн кызыкчылыгын камсыздоого жетиштүү болгондуктан, Исламда калктан туруктуу түрдө салык алынбайт. Качан гана өзгөчө абал болуп, муктаждык туулса, ушул муктаждыктын көлөмүндө мусулмандардан ыктыярдуу каражат чогултулат. Эгер бул каражат да муктаждыкты каршылаганга жетпесе, байлардан салык алынышы мүмкүн. Ислам муну менен баюуга тыюу салбайт. Тескерисинче, бул социалдык теңсиздикти жана ортодогу зыянды жоюу болуп эсептелет. Исламдын көз карашында бай сөзү негизги муктаждыктарын жана камалий муктаждыктарын камсыздап, андан каражаты арткан адамдарга колдонулат. Расулуллах (с.а.в) айтты:
[خَيْرُ الصَّدَقَةِ مَا كَانَ عَنْ ظَهْرِ غِنًى] “
“Садаканын эң жакшысы муктаждыгынан ашканын берүүсү”.
Мына ушул киреше булактары аркылуу Ислам мамлекети өтмүштө жер бетиндеги эң бейпил жашаган мамлекет болгон. Мындай саясат менен учурда элдин мүлкүнө ээ болуу менен калктын жонуна кайыш тилген капиталисттердин зулумдугуна жол берилбейт. Бул принциптерди иш жүзүнө ашыруу үчүн кыргыз эли жана жалпы эле мусулман үммөтү Исламга негизделген системага өтүүсү зарыл. Ислам мамлекетинин тарыхы көрсөткөндөй – кедей адам өз акыларын толук алгандан соң, бир жылга жетпестен өзү да зекет бере турган даражага жетет! Исламдын бул экономикалык негиздери Кыргызстанда жана дүйнөдө теңсиздикти жоёт жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздайт.
Мумтаз Маверанахрий