Басма сөз баянаты
Газа жалгыз калдыбы?!
Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды. Бирок, жакындан бери ал жердеги кырсык маалымат каражаттарынан жана Умматтын көңүлүнөн четтүүдө. Шамда да кудум ушундай абал болуп, яхудий вужуду ал жердеги калган курал-жарактаррды бомбалоодо. Яхудийлер бул куралдар Аллахтын динин улуулай турган, Куддусту азат кылууну максат кылган, Аллах үчүн жана Аллахтын жолунда Газа калкына жардам бере турган башкаруунун көзөмөлүнө өтүп кетишинен корккону үчүн ушинтип бомбалап жатат.
Сахна артында Фалестин администрациясы жана анын коопсуздук мекемелери яхудий вужудунун куралы катары аракет кылууда. Алар мужахиддерди куугунтукташууда, снайперлерди жайгаштырып, кудум яхудий вужуду сыяктуу, кудум Шамдагы Башар жана анын каракчылары сыяктуу аларды өлтүрүүдө.
Шам калкы тогуттан азат болгонуна ар кандай мусулман кубанып жаткандай, Газа калкы да, бүткүл фалестиндиктер да кубанып жатат. Бирок, яхудий вужудунун армиясы аларга бул кубанычы үчүн жай да калтырган жок. Газа калкы зулум астында буулуп калган. Үйдө калышса бомбаланып, сыртка чыгышса окко учуп жатышат, ооруканадан башбаанек табышса өлтүрүлүшүүдө. Бул канкор вужуд аларды чар тараптан кысымга алып, малай өкүмдарлардын жардамында курчоону күчөтүп жатат. Саткын малайлардын бул жардамы эң жакшы дегенде сүкүт сактоо жана адамдардын үнүн басуу менен чектелген болсо, эң жаманы болсо Газадагы геноцидди улантышы үчүн душманга курал жана ок-дарыларды жеткирип берүүдө.
Шам калкынын кубанычы Сирия жана Жулан кайгысы, Газа кыргыны жана Фалестин туткундугу себептүү толук болбой жатат. Мубарек жер жалгыз, колдоосуз, баскынчылык астында калды, андыктан бул кубаныч ар дайым толук болбойт. Байтулмакдис – Шамдын бермети жана таажысы, Набий ﷺ Исрага көтөрүлгөн жай. Таажы туткундукта болуп, Газа кан жалап жатканда Шам кантип кубансын?!
Эй, Шам калкы, анын мужахид жана каармандары!
Расулуңар ﷺдын Исра жери бир чакырым гана жерде турат. Фалестин калкы силерден көп жакшылыкты күтүүдө. Эмнеге да күтпөсүн, акыры, алар силердин элиңер жана боордошторуңар. Жараңар айыкпаган болсо да, бул боордошторуңар силерди түндүк фронтту ачууга чакырууда! Мисир кошуундары да – кудум силер өз тогутуңарды кулатканыңардай – өз тогутуна каршы козголуп түштүк фронтту ачышы керек. Иордания кошуундары болсо ал жерде англис малайын кулаткандан кийин чыгыш фронттон чабуулга өтүшү зарыл. Уммат яхудий вужудун чар тараптан курчап алып, батышка сүрүп деңизге чөктүрүшү, Аллахтын уруксаты менен анын кыйроосу силердин колуңар менен болушу зарыл.
Бул силер үчүн чакырык, Шам жана Мисир Хиттин жана Айн Жалутта болгондой кайра азаттык чырагына жана авангардына айлансын. Ошол күндө бүткүл Фалестин, Шам жана Мисир калкы, ал тургай бүткүл Ислам Умматы кубанат. Мындан башка ар кандай жеңиш кемчиликтүү жеңиш болуп, саткындардын тузагы жеңишти өкүнүчкө айлантып, Фалестин жана Газа жалгыздыкта кала берет.
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تَنصُرُواْ ٱللَّهَ يَنصُرۡكُمۡ وَيُثَبِّتۡ أَقۡدَامَكُمۡ﴾
«Эй, момундар, эгер силер Аллахка жардам берсеңер, Ал Зат да силерге жардам берет жана (согуш майданында) кадамыңарды бекем, туруктуу кылат» [47:7]
Хизб-ут-Тахрирдин мубарек
Фалестин жериндеги
маалымат бөлүмү