Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо-жооп
Электрондук соода
Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке берсин. Суроомо так жооп бересиз деп ишенем.
Суроо: Малайзиялык “Dxn” компаниясында электрондук соода кылуу жайизби? Бул компания негизинен азык кошулмаларын, шампундарды, кремдерди сатат. Бул компаниядан канча бир суммага товар сатып алсаңыз, бонустарыңыз 100 баллга жеткенде сизге алты пайыздык арзандатуу берет. Канчалык көп бонус алсаңыз, ошончолук арзандатуу болот. Бул бонустар сизге ай сайын жеткирилип турган конверт түрүндө же жазуу түрүндө сизге которулган акчанын суммасына айландырылат. Же банктагы баланска которулат. Муну менен компаниянын мүчөсү болуп кошула аласыз. Бул компаниядан сатып алган ар бир мүчө сиз аркылуу сатып алса, сиздин упайыңыз көбөйөт. Анткени бул мүчө сиз аркылуу катталган. Албетте, канча кишини кааласаң, ошончо каттатсаң болот. Бул адамдардын упайлары канчалык көбөйсө, сиздин да упайларыңыз ошончолук көбөйөт. Натыйжада, сизге которулган акчанын балансы да көбөйөт. Бул процесс сиз бул компаниянын өнөктөшү болуп, укмуштуудай киреше алганга чейин өсө берет. (Бул компания тууралуу көңүл коюп окуп, толук жооп берсеңиз.) Рахмат.
Жооп: Уа алайкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракатуху.
Малайзиялык Диксон компаниясы менен иштешүү тууралуу буга чейин эже-карындаштардын биринен ушундай суроо алганбыз жана биз ага 2024-жылдын 7-ноябрында жооп бергенбиз. Анда сиздин сурооңузга караганда кененирээк баяндалган. Мурунку суроону жана ага болгон жообубузду цитата кылам. Балким бул максатка жетээрлик болот, иншаа Аллах.
Суроо: Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркаатуху урматтуу Шейх. Мен Малайзияда ден соолук жана жеке гигиеналык буюмдарды чыгарган “Dixon” компаниясында иштейм. Мен Иорданиядан келген досума жолуктум. Ал мени компанияга каттатып, мага мүчөлүк номерин берди. Мен бир нече кишиден компаниянын иши адал же арам экени тууралуу сурадым. Алар мага адал экенин айтышты. Бирок каржылык план боюнча тренингдерге жана лекцияларга катышкандан кийин, анын ишинен күмөндөнүп калдым. Компаниянын иши сатууда эки ыкмага негизделген:
Биринчи ыкма: Түз сатуу ыкмасы. Мен өзүмдүн мүчөлүк номерим менен продукцияны дүң баада компаниянын соода түйүндөрүнөн сатып алам жана аларды өзүмдүн пайдама сатам. Анткени компания ар бир сатып алган товарыма белгилүү сандагы балл берет. Эгерде мен ай сайын 100 же андан көп балл чогултсам, компания мага акчалай бонус берет. Анда менин үлүшүм башында 6% болот. Бирок 100 баллдан аз чогултсам, мага накталай акча бербейт. Бирок, упайлар “Жылдыз” даражасына жетүү үчүн аларды топтоо менин жеке эсебимде кала берет.
Сатуунун экинчи ыкмасы: Көп баскычтуу тармактык маркетинг ыкмасы: Мында команда түзүлүп, ортомчулук эсептелет. Мисалы, лидер X (ортомчу) Y, Z, Cден турган команданы чогултат. Лидер X командасынын ар бир мүчөсү 100 упай топтойт. Лидер X 100 упай топтогонго чейин кирешесин ала албайт. Эгер ал 100 упай топтобосо командадан эч ким өз укугун жоготпойт. Команда ортомчулугу төмөнкүдөй: лидердин пайыздык үлүшү менен команда мүчөсүнүн үлүшү ортосундагы айырма 35%га көбөйтүлүп, мүчө чогулткан упайлардын санына көбөйтүлөт. Мүчө жана команда чогулткан упайлар мүчөнүн жалпы эсебинде ал “жылдыз” агент наамын алганга чейин сакталат. Суроо жана түшүндүрүү узун болгондугу үчүн кечирим сурайм. Мен суроону түшүндүрө алдым деп үмүттөнөм. Аллах ыраазы болсун жана бизди да, сизди да Өзү сүйгөн жана ыраазы болгон нерсеге багыттасын.
Жооп:
Уа алайкум ассалам уа рахматуллохи уа баркатуху. Биринчиден, биз үчүн кылган жакшы тилектериңизге Аллах ыраазы болсун, амандыгынызды тилейбиз.
- Компания менен иштөөнүн биринчи ыкмасына келсек, сурооңузда сиз товарды дүң баада сатып алып, кайра сатып пайда табам деп жатасыз. Анын үстүнө компания койгон шартка ылайык товардын белгилүү бөлүгүн сатсаңыз компаниядан дагы бир пайда (акчалай бонус) алам деп жатасыз… Башкача айтканда, ай сайын товардын белгилүү бөлүгүн сатсаңыз, компания сизге (акчалай бонус) берүүгө милдеттүү. Мындай ыкма кардарлардын сатууну эки эсе көбөйтүүсүнө түрткү берген көрүнүш. Эгер маселе биз жогоруда түшүндүргөндөй болсо, анда Ислам шариатына ылайык мындай соода кылууга уруксат берилет. Анткени, товарды дүң баада сатып алуу жана аны пайда табуу үчүн сатуу жайиз. Бул Жараткандын ﴿وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا﴾ “Аллах сооданы адал кылды, сүткорлукту арам кылды” деген өкүмү алкагындагы белгилүү соода. Ошондой эле, сиз товардын белгилүү бир пайызын сатканда компания сизге акчалай сумманы убада кылды. Бул белек болуп саналат. Бул тууралуу биз 2007-жылдын 14-майындагы суроого жооп берип жатып айтканбыз. Анда мындай дегенбиз:
“Товар сатып алып жаткан адамга белгилүү өлчөмдө кошумча сумманы берүү, ага кошумча белек же ушул сыяктуу нерселердин түрүнө кирет. Аны берүү жаиз. Мындай соода жарактуу болот. Бирок, компания менен мындай алака кылуунун уруксаты эки шартта жарактуу:
Биринчиси: Сиздин сатып алууңуз дүң баада болушу керек. Башкача айтканда, базардагы дүң баанын чегинде, андан ашпашы керек. Эгер кымбат болсо, сатуучу акчалай сыйлык убада кылуу менен одоно алдамчылык кылган болот. Ал эми, одоно алдамчылык арам.
روى البخاري عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما أن رجلاً ذكر للنبي ﷺ أنه يخدع في البيوع فقال: «إِذَا بَايَعْتَ فَقُلْ لَا خِلَابَةَ»
Бухари Абдулла бин Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: “Бир адам Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)га соодада алдаганын билдирди. Ал айтты: “Эгер сатсаң алдамчылык жок деп айт”. Алдамчылык арам.
Экинчиси: компания менен мындай мамиле кылуу суроодо айтылган экинчи ыкмадан көз карандысыз болушу керек. Башкача айтканда, бул биринчи ыкманы колдонуу экинчи ыкмадан өзүнчө болушу шарт. Эгер ага байланыштуу болсо жана экинчи ыкманын шарты болсо, анда биз экинчи ыкма жөнүндө айтканыбыз ага да тиешелүү болот.
- Компания менен иштөөнүн экинчи ыкмасына келсек, суроодо эмне айтылганы так эмес. Бирок анын белгилүү тармактык маркетингден анча деле айырмасы жоктой. Тармактык маркетинг маселесине буга чейин бир нече жолу жооп бергенбиз жана ислам шариаты боюнча бул туура эмес экенин түшүндүргөнбүз.
Бул жооптордун ичинен мен сизге экөөнү келтирем:
- Тармактык маркетингдин бир түрү болгон “Quest Net Company” жөнүндө 2015-жылы 19-августагы суроого жооп:
“Quest Net”тин вакыйын жана аны менен алака кылуудагы ар кандай ыкмаларын карап чыктык. Бул компания ага сатып алуучуларды (кардарларды) алып келген маркетологдор (ортомчулар)менен алектенет жана аларга белгилүү бир шарттарга ылайык комиссия берет. Башкача айтканда, алар компания алдындагы ортомчулар (брокерлер). Алар сатып алуучуларды алып келип, алардын үстүнөн комиссия алышат. Мындай ишти кылуунун вакыйын карап чыгуу менен төмөнкүлөр айкын болот:
Биринчиден, компаниянын бул түрү бир нече продукциянын маркетинги (сатуу) менен алектенет Бул компаниялар өз товарларын базарга чыгарган адамга алардан бул товарлардын бир бөлүгүн сатып алууну шарт кылат. Ошондон кийин компания ага кардарларды өзүнө алып келүүгө укук берет жана алардын ордуна ага комиссия берет б.а. ал компанияга сатып алуучуларды алып келүүчү жана алардан комиссия алып турган ортомчу (брокер) болот.
Орто Азиядан келгендердин абалында, алты сатып алуучу келмейинче ага комиссия берилбейт. Башка аймактан эки киши алып келгенге чейин… Башкача айтканда, компаниянын программасына ылайык, биринчи сатып алуучу өзү алып келген экөөнөн тышкары, ал экөө алып келген төртөөнөн дагы комиссия алат. “Ортомчулук” бизнеси ушул жол менен б.а. брокердик чынжыр же маркетинг тармагы түрүндө уланат.
Экинчи: Коммерциялык иштин бул түрү шариятка каршы келет жана мунун түшүндүрмөсү ушундай:
- Компания “ортомчу” компанияда иштөө укугуна ээ болушу жана комиссия алып турушу үчүн анын продукциясын сатып алышы керек деген шарт койот. Башкача айтканда, алты же эки сатып алуучу алып келгенден кийин гана алардан комиссия алат. Бул сатып алуу келишими жана брокердик келишим болуп, бир келишимде эки келишим түзүлгөнүн билдирет. Анткени алар бири-бирине шарттуу. Бул арам.
فقد «نَهَى رَسُولُ اللهِ ﷺ عَنْ صَفْقَتَيْنِ فِي صَفْقَةٍ وَاحِدَةٍ» أخرجه أحمد عن عبد الرحمن بن عبد الله بن مسعود عن أبيه.
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Бир бүтүмдө эки келишим болуусу арам” Абдуррахман бин Абдуллах бин Масуд атасынан риваят кылган, Имам Ахмад риваяты.
Тактап айтканда, эгер сен мага сатсаң, мен сенден ижарага алам же сага ортомчулук кылам, же сенден сатып алам дегендей ж.б у.с. Бул вакый суроодо айтылгандай экени анык. Сатуу жана ортомчулук бир келишимде. Башкача айтканда, компаниядан сатып алуу милдети – ортомчулук иш жана алып келген кардарларынан комиссия алышы үчүн шарт кылынган.
- Ортомчулук – сатуучу менен ага кардарларды алып келгендин ортосундагы келишим. Бул келишимдеги ортомчулук комиссия (ортомчулук акы) алып келгендерден эмес, ортомчу адам өзү компанияга кимди алып келсе, ошолордон гана алынышы керек. Жогоруда аталган компания менен болгон келишимде ортомчу комиссия акысын өзү алып келген кардарлардан да, өзүнөн башкалар алып келген кардарлардын атынан да алгандыктан, бул шарий келишимге каршы келет.
- Компаниядан сатып алуу баасы, сатып алуучу аны билип турса дагы одоно алдамчылык менен коштолот. Компания өз бизнесин илгерилетүү үчүн колдонгон кыйыр ыкмалардын натыйжасында алдоо ишке ашат. Ал сатып алуучуну компаниянын товарына жогорку бааны төлөөгө милдеттендирет. Келишимдин натыйжасында, ал товардын чыныгы баасынан эселеген жогорку бааны төлөп калат. Анткени, компания ортомчуга компаниянын гүлдөп-өскөн келечегине үгүттөгөнү үчүн жана ал компанияга алып келген кардарлар жана ал кардарлар алып келе турган сатып алуучулар үчүн комиссиялык төлөм алуу жана компаниянын продуктысын сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ кылат!
Ортомчу сатып алуучуларды алып келе албаса, айрыкча чынжырдын аягында турган сатып алуучуну алдамчылык курчап алат. Ал төлөнгөн акчанын ондон бирине да арзыбаган товар үчүн жогорку баа төлөп калат! Исламда алдамчылык арам.
قال رسول الله ﷺ «الخَدِيعَةُ فِي النَّارِ…» أخرجه البخاري عن ابن أبي أوفى،
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алайхи уа саллам) айтты: “Алдамчылык тозокто…” Бухарий Ибн Абу Авфадан риваят кылган.
روى البخاري عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما أن رجلاً ذكر للنبي ﷺ أنه يخدع في البيوع فقال: «إِذَا بَايَعْتَ فَقُلْ لَا خِلَابَةَ»
Бухари Абдулла бин Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: “Бир адам Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)га соодада алдаганын билдирди. Ал айтты: “Эгер сатсаң алдамчылык жок деп айт”. Бул хадистин мааниси жана анын мааниси алдамчылыктын арам экенине ишарат кылат. Демек, бул компания менен мындай алака кылуу ислам шариятында жаиз эмес”. Аягы.
Жыйынтыктап айтканда, “Quest Net” боюнча суроого берилген жоопто көрсөтүлгөндөй мындай соода шариятка каршы келген бүтүм болуп саналат. Соңу.
Бул маселеде мен артык көргөн нерсем ушул, Аллах Билүүчү жана Даанышман. Мунун баары жогоруда айтылган суроодогу экинчи ыкма шариятка туура келбейт дегенди билдирет.
Боордошуңар Ато бин Холил абу Рашта.
1446-х, 17-жуммадул аахир.
2024-ж, 19-декабрь.