بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!
Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал кишинин үй-бүлөсүнө, сахабаларна о.э. аны дос туткандарга саламдар болсун…
Өзүңөргө жакшы белгилүү болгондой, Шамдагы окуялар тездешип кетти. Шам тогуту Башар 2024-жылы 8-декабрда куулуп, качуу тагдырына туш болду. Ал карамүртөздүккө малынып, жердин асты-үстүндө чектен чыкканына, туткундарга кандай кылмыштарды жасаганына күбө болдуңар. Бул кылмыштарды күрөп үрөйүң учуат, ал тургай жырткыч айбандар да мындай жырткычтыкты кылбайт… Адамдар бул тогут кулагандыктан шаарларда, айылдарда, жолдордо муну Аллах Тааланын берген жеңиши катары белгилеп, Ага мактоолорду айтышып, кандай майрамдашканын көрдүңөр.
Андан кийин Америка жана аны ээрчип Түркия араб өкүмдарларын Акабада топтогонун, Сирияда кандай жаңы башкаруу болорун талкуулаганын да уктуңар, күбө болдуңар: “Ишемби күнү, Иорданиянын Акаба шаарында араб мамлекеттеринин министрлеринин байланыш комитетинин мүчөлөрү, Түркия, Кошмо Штаттар, Европа Союзунун жогорку өкүлү жана БУУнун Сирия боюнча өкүлү катышкан Сириядагы окуялардын өнүгүшүнө арналган жыйын болуп өттү. Билдирүүдө мындай делет: “Жолугушууда «Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясына ылайык өткөөл доордун иш-аракетин аткаруу үчүн» саясий процессти колдоо жолдору Сирия жетекчиси менен талкууланды”. БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен Акаба жолугушуусунда АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуп: «Сириядагы бардык топторду-катмарларды бириктирген чыныгы жана кеңири көлөмдүү саясий багытты көрүүбүз маанилүү», – деди”. («Ал-Жазира», 2024-жыл, 14-декабрь)… Андан кийин «Түркия» расмий гезити минтип жарыялады: “Эрдаган келерки эки апта ичинде Дамаскка «тарыхий» сапар жасашы мүмкүн. Ал журналисттерге берген интервьюсунда анын өлкөсү «Сириянын жаңы администрациясына мамлекеттик структураны курууга жардам беришин» баса белгилеген. Ал кошумчалап, Жуланий жетектеген жаңы Сирия администрациясы түзүү эки тараптын ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүшүнө үмүт кылып жатканын айтты. («Sky News Arabia», 2024-жыл, 20-декабрь).
Андан кийин Америка жана Европа делегациялары Сириянын жаңы жетекчиси менен жолугушуп, абалды өзүлөрү каалаган таризде жөнгө салуу үчүн сапарларды жасай башташты. Алардын эң акыркысы 2024-жылы 20-декабрда келген Америка делегациясы болду. Жолугушуунун акырында Сириядагы аскерий операциялар командачылыгы анын жетекчиси Ахмад аш-Шаръанын АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөшкөн маселелердин маанилүүлөрү туурасында билдирүү берди. Билдирүүдө мындай делет: “Америка тарап Сирия калкын жана анын жаңы администрациясын колдорун жана Сириянын түндүк-чыгыш региону сыяктуу чечилбеген маселелер жана үлкөн коркунучтарга каршы күрөшүүдө аны менен бир катарда турушун баса белгиледи”. О.э. делегация Сириянын жаңы администрациясы жарыялаган кадамдарды колдорун билдирген. Билдирүүдө дагы мындай делет: «… Өз кезегинде, делегация жаңы администрацияга туткундарды, алардын катарында Америка жараны Трэвисти азат кылуудагы аракети үчүн ыраазычылык билдирди». Билдирүүдө дагы минтип кошумчаланган: «… Өз кезегинде, Сирия тарап да делегациянын миссиясын алкышташын билдирип, Сирия калкы бардык тармакта бутка туруп, тикелениши үчүн үлкөн колдоого муктаж экенин ачыктап, Сирияга каршы киргизилген санкцияларды бекер кылууга чакырды жана Сириянын обочолонуу абалына түшүүсүнө жол бербей, Сирия калкы региондогу бардык мамлекеттерге жана тараптарга бирдей аралыкта турушуна ишарат кылды”… («Arabic RT», 2024-жыл, 20-декабрь).
Силер яхудий армиясы Жулан дөңсөөсүндөгү айылдарга жана Кунайтарага кантип бастырып киргенине, 600гө жакын баскынчылык чабуулдарды уюштурганына күбө болдуңар жана уктуңар. Бул чабуулдарда Сирия армиясынын позициялары, айрыкча аскерий аба күчтөрүнүн базалары жана абадан коргонуу системалары бутага алынды. «Sky News Arabia» веб-сайты 2024-жылы 19-декабрда тараткан кабарга ылайык, бул чабуулдар учурда аскерий потенциал жана курал-жарактарды жок кылуу боюнча өткөрүлгөн эң үлкөн операция болду. Яхудий армиясынын чабуулдары куралсыздандырылган региондо да уланып, Жабали Шайхка чейин жетти. “(Израиль) күчтөрү Сирия менен басып алынган Жулан дөңсөөсү ортосундагы куралсыздандырылган зонага бастырып кирип Жабали Шайхты да басып алды…”. («Ал-Жазира», 2024-жыл, 18-декабрь). Ошентип, яхудий вужуду Сириянын жаңы өкүмдарлары, араб өкүмдарлары жана мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлардын көз алдында Сириядагы аскерий, коопсуздук жана илимий объектилерге жүздөгөн чабуулдарды жасады… Ага карабастан, бул өкүмдарлар кудум бул нерсенин аларга кымындай мааниси жоктой, козголуп да коюшпады! Эң жаманы жана ызаалантканы – Сириядагы жаңы администрация бул нерселерге карабастан, яхудий вужуду менен да, Америка жана Европа менен да конфронтацияга кирүү ниетинде эместигин, тынчтыкты жана санкциялардын бекер кылынышын, тикеленүү жана абад кылууда жардам күтүп жатканын билдирди… Булар кордукка окшош талаптар:
«Шаркул Авсат» 2024-жылы 15-декабрда ушул кабарды жарыялаган: “… Ахмад аш-Шаръа ишемби күнү (израиль) Сирияда жасап жаткан чабуулдары жөнүндө болбогур шылтоолордон пайдаланып жатканын айтты. Бирок, ал түшүндүрмө берип, жаңы конфронтацияларга кирүүгө кызыкдар эместигин, себеби өлкө Башар Асаддын доору бүткөндөн кийин бүткүл көңүлүн ойрон болгон имараттарды жана шаарларды кайра тикелөөгө буруп жатканын айтты… Ал «назарга алынбаган ар кандай аскерий авантюралардан алыс» дипломатиялык чечимдер тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоонун жалгыз жолу экенин баса белгиледи”. «Ал-Жазира» «Нью-Йорк Таймс»тан алып ушул кабарды таратты: “Аш-Шаръа Кошмо Штаттар сыяктуу өкмөттөрдү «Хайъати Тахрируш Шам»ды террорчу топтордун тизмесинен чыгарууга чакырды. Ал сириялыктар өлкөнү кайра тикелеши үчүн бардык санкцияларды бекер кылууну да талап кылды…”. («Ал-Жазира», 2024-жыл, 17-декабрь).
Эй, мусулмандар, өзгөчө Шам калкы! Жуланий жетектеген Сириядагы жаңы режим Американын орбитасында айланган Түркия режими менен тыгыз байланышкан… Бул режим секулярдык системаны түзүү, Халифалыкка жана аны тикелөөгө чакырып жаткандарга каршы күрөшүү, башкаларды камактардан чыгарса да, жер жүзүндө Аллахтын өкүмү болгон рошид Халифалыкты кайра тикелөөгө аракет кылып жаткан Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алуу аркылуу Американы ыраазы кыламын деп ойлоп жаткан болсо, Америка жана Батыш колонизаторлорунун Халифалык жана Халифалыкка чакырып жаткандарга каршы согушунда (кызматташып) аларды ыраазы кылууну ойлоп жаткан болсо, бул нерсе анын бийлик күрсүсүн сактап калат деп ойлоп жаткан болсо, курулай кыялданыптыр. Себеби, колонизаторлор бул режим аларга тынымсыз кызмат кылса гана ыраазы болушат. Расулуллах ﷺ мындай курулай кыял ээси зыянга учурашы жөнүндө кабар берген. Ибн Хиббан өзүнүн сахихинде Касимден, ал болсо уммул муъминин Аиша розияллаху анхадан чыгарган хадисте Расулуллах ﷺ айтты:
«مَنْ أَرْضَى اللهَ بِسَخَطِ النَّاسِ كَفَاهُ اللهُ، وَمَنْ أَسْخَطَ اللهَ بِرِضَا النَّاسِ وَكَلَهُ اللهُ إِلَى النَّاسِ»
«Кимде-ким адамдарды ачуулантып, Аллахты ыраазы кылса, Аллах ага (жардам берүү туурасында) жетиштүү болот. Кимде-ким адамдарды ыраазы кылып, Аллахты ачуулантса, Аллах аны ошол адамдарга тапшырып коёт».
Колонизатор кафирлерди ыраазы кылуу үчүн аларга көз каранды болгон жана алардын этегин кармаган кимселердин акыбетине назар салган киши алардын абалынан өзүнүн акыбетин көрөт:
﴿إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكۡرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلۡبٌ أَوۡ أَلۡقَى ٱلسَّمۡعَ وَهُوَ شَهِيدٞ﴾
«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (чын жүрөктөн) кулак салган киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар» [50:37]
Эй, мусулмандар, өзгөчө Шам калкы! Аллах Субханаху фарз кылган, Расулуллах ﷺ жана рошид халифалар колдонгон жалгыз түзүм – бул Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкаруу. Ал нукура жана таза баштаруу болуп, ага бир да жат нерсе, бир да жат түзүм аралашпайт. Демек, ал жакшылык менен жамандыкты аралаштырып, Исламдын бир бөлүгүн жана секуляризмдин бир бөлүгүн алып колдонгон башкаруу болбойт. Текскерисинче, ал – анын бир бөлүк, мунун бир бөлүк албаган – Рошид Халифалык түзүмү менен башкаруу болот.
﴿وَأَنِ ٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ وَٱحۡذَرۡهُمۡ أَن يَفۡتِنُوكَ عَنۢ بَعۡضِ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَۖ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَٱعۡلَمۡ أَنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعۡضِ ذُنُوبِهِمۡۗ﴾
«(Эй, Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун! Эгер (сенин өкүмүңдөн) баш тартышса, билип кой, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүнү каалоодо» [5:49]
Силер үлкөн курмандыктарды бердиңер, азар-кыйынчылыктарга учрадыңар, көпчүлүгүңөр шахид болдуңар жана көпчүлүгүңөр жараат алдыңар. Ошондуктан, бул курмандыктар жер жүзүндө Аллахтын башкаруусу болгон рошид Халифалыкты тикелөө үчүн болушу важиб. Бул курмандыктар секулярдык режимдин наамын гана өзгөртүп, ордуна башкасын алмаштыруу үчүн болбошу зарыл. Бул орунда наам жана аталуучунун ортосундагы айырманын эч кандай мааниси жок! Качан Аллахтын башкаруусу орнотулса гана гана силер берген курмандыктар Шамды жарыткан нур болот. Бирок, бул курмандыктар силер бир секулярдык түзүмдүн ордуна башка секулярдык түзүмдү алып келүүңөр үчүн болсо, анда силер кудум өзү бышык кылып токуган нерсесин кайра бузуп салган аялга окшоп каласыңар.
﴿وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّتِي نَقَضَتۡ غَزۡلَهَا مِنۢ بَعۡدِ قُوَّةٍ أَنكَٰثٗا﴾
«Дагы силер өзү токуган нерсесин бышык болгондон кийин чубап бузуп таштаган аялга окшоп калбагыла!» [16:92]
Эй, мусулмандар, өзгөчө Шам калкы! Хизб-ут-Тахрир – өз калкын таптакыр алдабаган жетекчи. Ал силерди адамдардын шайтандарынан сак болууга чакырат. Алар силердин каныңарды текке кетирмекчи. Натыйжада силер нукура жана таза жакшылыкка, Аллах түшүргөн мыйзамдар менен өкүм жүргүзүүгө жетпей каласыңар. Тескерисинче, дагы бир секулярдык башкарууга ээ болосуңар, анын наамы гана өзгөргөн болот. Акыбетте силер кафир миң ирет эсептешкен бир бүтүн Уммат болуунун ордуна, дагы ошол колонизатор кафирлерге жана алардын малайларына көз каранды бойдон кала бересиңер. Бул болсо ушундай бир кылмыш, анын акыбети – Аллах сактасын – бул дүйнөдө кордук жана акыретте азап.
﴿سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ صَغَارٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعَذَابٞ شَدِيدُۢ بِمَا كَانُواْ يَمۡكُرُونَ﴾
«Жакында мындай кылмышкерлерге жасап өткөн айла-амалардары себептүү Аллах алдынан кордук жана катуу азап жетет» [6:124]
Демек, берген курмандыктарыңар текке кетпеши үчүн болгон күчүңөрдү жумшагыла. Өзгөчө, Шам – Расулуллах ﷺ бизге башарат кылгандай – Ислам борбору болушу важиб. Табароний “Муъжамул Кабир”де Салама ибн Нуфайлдан накл кылган хадисте Расулуллах ﷺ айтты:
«عُقْرُ دَارِ الْإِسْلَامِ بِالشَّامِ»
«Ислам диярынын борбору Шамда болот».
Андыктан, колонизатор кафирлер жана алардын малайлары каалап жаткан бузгунчу секулярдык саясий чечимдерди болтурбоого болгон күчүңөрдү жумшагыла. Себеби, курмандыгыңар текке кетпесин! Исламдагы башкаруу түзүмү болгон рошид Халифалыкты тикелөө үчүн иш-аракет кылып жаткан Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам бергиле. Ошондо – Аллахтын уруксаты менен – улуу ажр-соопко жана чоң ийгиликке жетип, ушул кубанычтуу башаратка татыктуулардын катарында болосуңар.
﴿نَصۡرٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَتۡحٞ قَرِيبٞۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ﴾
«Ал Аллах тарабынан болгон нусрат жана жакын(да жүз берүүчү) фатх. (Эй, Мухаммад), момундарга (ушул) кушкабарды жеткиргин!» [61:13]
Хизб-ут-Тахрир 19-жумадулахир, 1446-х.
21-декабрь, 2024-м.