Жалал-Абаддагы окуя: Дааватты коргоо ар бирибиздин жоопкерчилик

28
0

Жалал-Абаддагы окуя: Дааватты коргоо ар бирибиздин жоопкерчилик

Жалал-Абад облусунда 26-ноябрда Хизб жигиттери тарабынан “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы иш-чаралар болуп өткөн эле. Арадан үч апта өткөндөн кийин 10-14-декабрь күндөрү Улуттук коомсуздук боюнча мамлекеттик комитети аймактагы 21 үйгө тинтүү жүргүзүп, Хизб жигиттерин мыйзамсыз түрдө камакка алышты. Убактылуу кармоочу жайда камалып турган жигиттерди адвокаттары менен көрүштүрбөй, бул иш үчүн өздөрү атайын даярдаган адвокаттардын колу менен тергөө иштерин уюштурушту. Натыйжада, жогорудагы мыйзам долбооруна каршы баракчаны мечиттерде таркатышкан деген шылтоо менен жигиттерибиз “экстремисттик ишти уюштуруу жана ишке ашыруу” беренеси менен айыпталып, бир айга убактылуу камакка киргизилди. Бирок, камакка алуу үчүн эч кандай далил жана экспертизанын тыянагы көрсөтүлгөн эмес. Камакка алынгандардын катарында Мурадилла Алишер, Манас, Абдурайим, Абдурахим, Равшанбек, Насипбек, Расулбек, Темирлан, Каримжан, Мирзахид, Абдумуким, Баходир, Шарип, Абдукадыр эки уулу менен, Карим бир уулу менен бар.

Расмий бийлик Хизб жигиттерин кармоодо кудум коррупционер же “каралар” сыяктуу оор кылмыш жасагандарды кармагандай түр көрсөтүп, муну менен Хизбди адамдарга жек көрсөтүүгө аракет кылууда. Негизи, бийликтин мындай аракети элди алдап-адаштыруудан башка нерсе эмес. Анткени, экстремизм дегени – жок нерсе! Дүйнөлүк коомчулукта экстремизм атамасынын келишилген так аныктамасы жок. Ар бир күчтүү тарап өз кызыкчылыктарына ылайык “аныктама” берип алышкан. Мисалы, Россия жана Кытай ШКУ алкагында өзүнчө, АКШ өзүнчө, Европа мамлекеттери өзүнчө аныктама менен иш алып барат. Бирок, булардын аныктамаларынын баарында камтылган бир сыпат бар, ал: “экстремизм – бул радикалдуу жолдор менен бийликке жетүү” деген сыпат. Ушунун алкагында, Кыргызстанда да Хизб-ут-Тахрир партиясы экстремисттик уюм деп, а айрым мамлекеттерде болсо террористтик уюм деп табылган. Бирок, акылы бар ар бир адам – маалыматтарды туура байлоо менен – мунун жалган жалаа экендигин жеңил эле билип алат.

Мисалы, Кыргызстанда өздөрү айтып жаткан аныктама негизинде, тагыраагы, экстремисттик жол менен 3 жолу бийлик алмашты. Бирок, Хизб булардын бирине да аралашкан жок. Анткени, ал Пайгамбар (салаллаху алайхи уа саллам) үйрөтүп кеткен тарыйкаттан гана жүрөт.

Жогоруда зулумдук жолу менен кармалган жигиттер мына ушул Ислам тарыйкатына ылайык динди жеткиргендиктери үчүн камалууда. Алар “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорунун артындагы максатты ачыктап, эч ким айта албай жаткан акыйкатты айтып чыгышты. Жаңы мыйзам аркылуу дааваттын, жакшы иштерге буйруп жана жаман иштерден кайтаруунун алдына жаңы тосуктар коюлууда. Дааватчыларга дагы да күчөтүлгөн чектөөлөр коюлуп жатат. Кала берсе, мечит-медреселердеги, хужралардагы исламий таалимдерге, интернеттен жасалган баяндарга каршы иш алып барылмакчы.

Негизи, мындай учурда эң оболу акыйкатты аалымдар айтып чыгышы керек эле. Анткени, Расулуллах A айтат:
العُلَمَاءَ وَرَثَةُ الأَنْبِيَاءِ، وَإِنَّ الأَنْبِيَاءَ لَمْ يُوَرِّثُوا دِينَارًا وَلَا دِرْهَمًا، إِنَّمَا وَرَّثُوا العِلْمَ، فَمَنْ أَخَذَهُ أَخَذَ بِحَظٍّ وَافِرٍ
«…Уламалар – пайгамбарлардын мураскорлору, албетте пайгамбарлар динар да, дирхам да мурас калтырышпады, балким, илимди мурас кылып калтырышты. Демек, кимде-ким ушул илимден ала турган болсо, чоң насиба алыптыр».

Ушундай болгон соң, динибизди коргоп чыккан азаматтарды коргоп калуу, алардын ишин улантуу эң оболу аалымдарыбыздын жоопкерчилигиндеги иш болуп эсептелет. Анткени, бул дааватчылар саясий негизде камакка алынууда. Үммөттүн кызыкчылыгы үчүн зулумдук чегип жатат.

Ал эми, бул дааватчылардын үй-бүлөсү сыноого сабыр кылгандыктарынын сообун алышууда. Анткени, алар Расулуллах ﷺ дын ушул сөзүнө бекем ишенишет:

«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الدِّينِ ظَاهِرِينَ، لِعَدُوِّهِمْ قَاهِرِينَ، لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ إِلَّا مَا أَصَابَهُمْ مِنْ لَأْوَاءَ حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Үммөтүмдүн бир тобу динде үстөм болуп, душмандарын жеңишет. Каршылык кылгандар аларга зыян жеткире алышпайт, болгону аларга кандайдыр бир кайгы-кыйынчылык гана жетет. Ал тургай, алар ушул абалда турушканда Аллахтын нусраты келет». (Абу Давуд жана Ахмад риваяты). Дагы айтат:
: بدأ الإسلام غريبًا وسيعود غريبًا كما بدأ فطوبى للغرباء، قيل يا رسول الله من الغرباء؟ قال: الذين يصلحون إذا فسد الناس وفي لفظ يصلحون ما أفسد الناس من سنتي، وفي لفظ: يحيون ما أمات الناس من سنتي

“Ислам гариб болуп башталды жана дагы гарибдикке кайтат. Гарибдерге Тубаа жаннаты болсун”. Я Расулуллах, гарибдер кимдер? – деп суралды. “Адамдар бузуп кеткенде оңдой тургандар”. Дагы бир риваятта: “суннатымды бузганда аны оңдой тургандар деди. Дагы бир риваятта: “адамдар суннатымды өлтүрүшкөндө, аны тирилте тургандар”,- деп жооп берди. (Муслим риваяты).

Андыктан, зулумдук жана коркутуу саясаты Хизбдин Исламды жашоого кайтаруу эркин сындыра албайт. Алардын жүрөгүндөгү козголгон жалынын эч качан өчүрө албайт. Аллах Таала айтат:

﴿وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾

«Жана (Аллах силерге) дагы башка силер сүйгөн (бир нээматты да берет, ал) Аллах тарабынан болгон нусрат жана жакын фатх, сүйүнчү кабарды жеткиргин!» [61:13].

 Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here