Имамдарга айлык акы кандай максатта берилет?
Өлкө боюнча төрт миңге жакын мечиттин имамдарына март айынан баштап 8 миң сомдон, жылдын аягына барып 20 миң сомго чейин айлык төлөнө баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын жүрүшүндө даават маселеси тууралуу сүйлөп жатып билдирди.
Президенттин айтымында, ар бир айылдын молдосу эмгек акы алса, милдеттүү түрдө иштешет. Башка динге же башка агымга кирип кеткендерди тарбиялап, бир гана муфтиятка баш ийип, ханафий мазхабына кайтаруу жагын муфтият молдолорго жүктөй тургандай болот. Муфтияттын сөзү да молдолорго өтүмдүү болот.
Мунун алдында райондордун башкы имамдарына жалпысынан 40 автоунаа тапшырылган эле.
Элдин арасында, “Жеген ооз уялат” деген макал бар. Жогорудагы чечимдер аркылуу өкмөт имамдарды мамлекеттик кызматтын бир тармагына айландырып жатат. Мындан көздөлгөн максат, Исламды мабда катары көтөрүп чыккан мусулмандарга каршы куфр түзүмү тарабынан жүктөлө турган милдеттерди ишке ашыруу. Тагыраагы, мабдаий Исламга каршы имамдар армиясынан пайдалануу. Бул армияны жөнгө салып алышкандан кийин алар исламий фатваларды чыгаруу менен мусулмандарды чалгытуу, аларды кайры исламий пикирлерге, мыйзамдарга ыраазы кылуу үчүн иштетишет. Муну Түркия жана Өзбекстандын мисалында көрүп келе жатабыз.
Ал эми, президенттин Ханафий мазхабы тууралуу кебине токтолсок, түпкүлүгүндө президент баш, муфтият төш болуп, Ханафий мазхабындагы фатваларды жашырышат. Буга бир эле мисал келтирсек, ханафий мазхабынын улуу аалымдарынын бири Шайх Абу Хафс Исмаил ал-Насафий “Шарх Акоиди ал Насафий” китебинде мындай деген: “Мусулмандарга шаръий өкүмдөрдү аткара турган, хадды (жаза-чараларды) тикелей турган, мамлекеттин чегараларын коргой турган, мусулмандар кошуунун даярдай турган, алардын садакаларын чогулта турган, зордукчулдарды, ууруларды, каракчыларды тыйып коё турган, жума жана айттарды тургуза турган, Үммөт арасындагы ихтилаф жана келишпестиктерди чече турган, укуктар үстүндөгү күбөлүктөрдү кабыл ала турган, валийи болбогон жетим-жесирлерди ойлоп жайгаштыра турган, олжолорду мусулмандар арасында бөлүштүрө турган Халифанын болушу шарт жана важиб”.
Демек, Ханафий мазхабы мусулмандарды чалгытуучу шылтоого айланып калган. Алар Ханафий мазхабына эмес, өз напси-каалоолоруна жана кожоюндары таңуулаган талаптарга гана амал кылышат. Андыктан, биз мусулмандар ар кандай алдоолордон этият болуп, динибизди бекем кармоого аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле, бири-бирибизге каршы аракеттенүүдөн тыйылып, кээ бир ката-кемчиликтер шылтоосу менен куфрдун кызыкчылыгыга кызмат кылуудан этият болушубуз зарыл.
Мумтаз Маверанахрий