Эгер уялбасаң каалаганыңды кыл

112
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Эгер уялбасаң каалаганыңды кыл

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

أورد البخاريُّ رحمه الله في صحيحه، عَنْ أبي مسعودٍ الأنصاريّ رضي الله عنه عن النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:

إِنَّ مِمَّا أَدْرَكَ النَّاسُ مِنْ كَلَامِ النُّبُوَّةِ الْأُولَى إِذَا لَمْ تَسْتَحِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ

Имам Бухари (Аллах аны ырайымына алсын) өзүнүн “Сахих” китебинде Абу Масуд Аль-Ансариден риваят кылган. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Чындыгында, адамдар пайгамбарлык сөздөрдөн түшүнүшкөн алгачкы нерсе: “Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыл”.

Ибн Хажар (Аллах аны ырайымына алсын) Фатхул-Бариде айтат:

“Чындыгында, адамдар пайгамбарлык сөздөрдөн түшүнүшкөн алгачкы нерсе” Тактап айтканда, Исламга чейинки доордогу адамдар пайгамбарлык сөздөрдөн түшүнүшкөн  нерсе тууралуу айтылууда. Адамдарга жетип келген  деген мааниде.

“Каалаганыңды кыл” Ал-Хаттаби айтты: Хадистеги буйрук сөзүнүн даанышмандыгы бар. Бул – адамды жамандыкка кабылуудан токтоткон уяттуулук. Ошондуктан аны таштаса, табигый түрдө ар бир жамандыкты жасоого буюрулган адамдай болуп калат”.

Ан-Навави мындай деген: “Хадистеги буйрук мубах үчүн. Тактап айтканда, эгер бир нерсе кылгың келсе, Аллахтан же адамдардан уялбай турган иш болсо, аны кыл, болбосо кылба. Бул Исламдын багыты. Мунун себеби буюрулган нерсени аткарат жана сунуш кылынган нерсени таштоодон уялат. Арамдан тыйылат жана макрухту кылуудан уялат. Ал эми, уруксат берилген нерсеге (мубахка) келсек, аны кылуудан уялуу жайиз. Ошондой эле ким уялууну таштаса коркунучтуу экени айтылды. Мунун мааниси, эгер сенден уяттуулук кетсе, анда эмне кааласаң ошону кыл дегени. Анткени ал үчүн Аллах сага жазасын берет. Бул уяттуулуктун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Башкача айтканда, уялбаган адам каалаганын кылат.

Сүйүктүү бир туугандар!

Мусулман акимдер уяттуулукка дээрлик маани да бербей калышты. Ошондуктан, алар өз элине азап-кайгы жеткиришүүдө. Бири Сирияда, экинчиси Ливияда, үчүнчүсү Йеменде, төртүнчүсү Египетте, бешинчиси Хижазда мусулмандарга зулумдук жеткирүүдө. Мусулман өлкөлөрүн бойлой  уятсыз толгон акимдерди табабыз. Алардын уятсыздыгы, текебердиги  өлкөлөрдү өздөрүнүн атынан ататканга чейин жетти. Хижаз адашкан өкүмдардын атынан Сауд Арабиясы деп аталганын көрөбүз. Иорданды ал жердеги адашкан башкаруучулар назарда тутулуп, Хашимит падышалыгы деп аташкандыгын көрөбүз. Ал эми, акимдердин кылмыштары бардык чектен ашты. Ар-намысты тебелеп-тепсеп, кары-жашты, аялдарды, жаш балдарды өлтүрүштү. Тескерисинче, алар элдерге зулум кылуу үчүн аскерлерди чыгарышты. Ошондуктан, мусулмандарды өлтүрүү акимдер тарабынан башталды. Мунун баары уят-сыйыт тосмосунун жоктугунан гана болуп жатат. Ал эми уяттуулук жок болгондо кылмышкер кылмышын жасоосуна эч нерсе тоскоол болбойт. Ошондон кийин акыйкат ээлери күч менен акыйкатты далилдөө зарыл болуп калат. Эл өз укугун каалап, бийлигин кайтарып алууну көздөсө, андан өткөн күч жок. Мусулман элдер тынчыбай, өз укуктарын жана бийлигин издеп, аракет кыла баштаЖы. Уятсыз кылмышкерлер биринин артынан бири кулап жатат. Биз элдерди өздөрүнүн улуу жолу менен алга илгерилөөгө чакырабыз. Уятсыздан жакшылык үмүт кылбагыла деп насаат айтабыз. Анткени уятсыздан үмүт жок. Аллах кор болгондордун коргоочусу. Эгер алар анын динин колдоп,  анын  буйруктарын  аткарышса.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 9-жумаадус саани.

2024-ж, 11-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here