Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мужтахиддин сообу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Амр бин Аас риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деди:
عَنْ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ أَنَّهُ سَمِعَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “إِذَا حَكَمَ الْحَاكِمُ فَاجْتَهَدَ ثُمَّ أَصَابَ فَلَهُ أَجْرَانِ وَإِذَا حَكَمَ فَاجْتَهَدَ ثُمَّ أَخْطَأَ فَلَهُ أَجْرٌ
“Эгер аким өкүм чыгарып, туура ижтихад кылса, ага эки сооп берилет. Эгер өкүм чыгарып, ижтихадда ката кетирсе, ага бир сооп берилет”.
Бул тууралуу Сахих Муслимге ан-Навави берип, мындай деген: Аалымдар айтышты: “Мусулмандар бул хадис өкүм жүргүзүүгө жарактуу, илимдүү акимге ишара кылганына бир ооздон келишишкен. Эгер ал туура ижтихад кылса, эки сооп бар. Башкача айтканда, аракети үчүн бир сооп, туура кылганы үчүн дагы бир сооп. Эгер туура эмес кылса, аракети үчүн бир сооп алат.
Хадистин түпкүрүндө, эгер аким өкүм чыгарууну каалаган учурда ижтихад кылса деген маани камтылган. Ал эми, ким башкаруучу, башкача айтканда, аким болбосо, ага өкүм жүргүзүүгө болбойт. Эгер аким болбой туруп өкүм чыгарса, ага сыйлык жок, тескерисинче, күнөөкөр болот. Анын өкүмү чындыкка туура келеби же келбейби аткарылбайт. Себеби, анын туура өкүм кылуусу шаръий негизден келип чыкпагандыктан, анын бардык өкүмдөрүндө баш ийилбейт. Анын өкүмүнүн баары четке кагылган жана ага эч кандай үзүр жок. Хадисте айтылат:
وَقَدْ جَاءَ فِي الْحَدِيثِ فِي السُّنَ ” الْقُضَاةُ ثَلَاثَةٌ: قَاضٍ فِي الْجَنَّةِ, وَاثْنَانِ فِي النَّار, قَاضٍ عَرَفَ الْحَقَّ فَقَضَى بِهِ فَهُوَ فِي الْجَنَّة, وَقَاضٍ عَرَفَ الْحَقَّ فَقَضَى بِخِلَافِهِ فَهُوَ فِي النَّار, وَقَاضٍ قَضَى عَلَى جَهْلٍ فَهُوَ فِي النَّار“,
“Үч казы бар: алардын бирөө бейиште, экөө тозокто. Акыйкатты билип, ошого жараша өкүм чыгарган казы Бейиште болот. Эгер казы акыйкатты билип, ага тескери өкүм чыгарса, ал тозокто. О.э өкүмдү наадандык (акыйкатын билбей туруп) менен кылса, ал да тозокто болот”.
Ар бир мужтахид адам туура ижтихад кылабы же алардын бирөө эле туура ижтихад кылабы деген маселеде аалымдар ар кандай пикирде. Туура ижтихад Аллахтын алдындагы өкүмгө анын ижтихады дал келгени. Ал эми туура келбегени туура эмес ижтихад болуп, үзүр себептүү ага күнөө болбойт. Маселен, Шафиъий жана анын жолдочуларынан бир тайпасы эле туура ижихад кылат. Эки тайпа бул хадисти далил катары колдонуп мындай дешкен.
Биринчиси, “ар бир мужтахиддин ижтихады туура болот. Анткени, ижтихад кылган адамга сооп берилди. Эгер ижтихады ката болгондо ага сооп берилмек эмес”, – дешти.
Экинчиси, “хадисте анын ката кетирүүчү экени айтылды. Эгер ката кетирбсе, анын ката кетириши тууралуу айтылбайт эле. Ижтихадга сооп берилүүсүнө келсек, бул анын талыкпаган эмгеги, тырышчаактыгы үчүн берилет”,-дешти.
Алгачкылар, “хадисте ката кылуучу деп текстте ката кетирген адамга карата айтылган. Ижтихад жайиз болбогон нерседе, мисалы, ижма же башка катъий нерселерде өзүнүн мүмкүнчүлүгүн жумшагандыгы себептүү айтылган”,- дешти.
Аалымдардын мындай кайчы пикири ижтихадга тиешелүү маселеде гана. Ал эми тавхидге келсек, мындай бир пикир гана туура болушуна келишишкен. Бирок, Абдулла бин Аль-Хасан Аль-Абтарий жана Дауд Заахири буга каршы чыгышкан. Алар бул маселеде да мужтахидер туура ижтихад кылат дешкен.
Аалымдар айтышты: “Ал экөө каапырларды эмес, мусулмандардан болгон мужтахиддерди айтышты. Аллах жакшыраак билүүчү”.
Бул тууралуу Фатхул-Бариде Сахих Бухариге берилген шархта мындай айтылган: “Эгер аким өкүм чыгарып, ижтихады туура болсо” деген Ахмаддын риваятында “фа” менен келген “فأصابَ””. Куртуби мындай дейт: “хадис ижтихад кылуудан мурда өкүм менен башталган. Иш мунун тескериси. Ижтихад өкүмдөн биринчи турат, анткени ижмаъга ылайык ижтихаддан мурда өкүм чыгарууга болбойт. Бирок “өкүм чыгарса” деген сөздүн түпкү маанисинде “эгер өкүм чыгарууну кааласа ижтихад кылат” деген маани камтылган. Муну усул аалымдарынын төмөнкү сөздөрү кубаттап турат: Алар айтышты: “мужтахид чече турган маселе жаралганда кайрадан ойлонуп терең изилдеп чыгышы керек жана өзүнөн мурда келген башка бирөөнүн бул маселеге карата макул эместей нерсесине таянбашы керек”. Ошондуктан “فأصابَ” сөзүндөгү “фа” комментарий катары эмес, тафсир үчүн келеген. Башкача айтканда ал ижтихад кылып тапкан өкүмү Аллахтын каалаган өкүмүнө дал келгендигин билдирет.
Урматтуу бир туугандар:
Ижтихаддын тилдеги мааниси – бул оор эмгек жана машакатты талап кылуучу бирер ишти ишке ашыруу үчүн бүткүл күчтү сарптоо. Ал эми усул аалымдарынын термининде: ижтихад – бирер шаръий өкүмгө карата, андан ашыгына өз алсыздыгын сезген көрүнүштө, өз зонн-күмөнүн издеп табуу үчүн бардык күчүн сарптоо. Ижтихад мусулмандарга фарзи кифая.
Бул асыл хадистен жана анын жогоруда айтылган түшүндүрмөсүнөн алынган сабактар төмөнкүлөр:
Биринчи: Аким илимдүү жана башкарууга жөндөмдүү болушу керек. Бул үчүн тил билими жана шарьий билимдин болушу шарт. Болбосо, аким илимсиз өкүм чыгарганы үчүн күнөөкөр болот.
Экинчиси: Сүткорлук, зынаа кылуу жана киши өлтүрүүнүн арамдыгы сыяктуу белгилүү бир катъий мааниге ээ шаръий насс камтыган нерселерге ижтихад кылынбайт. Тескерисинче, умумий же зонний насстарда, мисалы, аял менен эркектин мамилеси, клондоо ж.б.у.с. нерслелерде ижтихад кылынат.
Үчүнчүсү: ижтихаддан мурда өкүм чыгаруу жайиз эмес. Ижтихад кылбай туруп бир маселе боюнча чечим кабыл алууга болбойт. Ишти кылып алып анан ага далил кылуу үчүн шарьий насс изделбейт. Тескерисинче, маселенин вакыйын түшүнүү керек жана андан кийин бул маселе боюнча Аллахтын өкүмүн чыгаруу үчүн ушул маселеге тийиштүү шарьий нассты терең изилдеп карап чыгуу менен бул маселеге карата шарьий өкүм чыгарылат.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 3-жумаадус саани.
2024-ж, 5-декабрь.