Басма сөз баянаты
Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды
Үч күн мурун Ваддул Муслимин районундагы «Халид ибн Валид» мечитинде Хизб-ут-Тахрир мүчөсү устаз Фатих Абдуллах демократиялык өзгөрүүлөр жана анын Исламга карама-каршылыгы жөнүндө баян кылгандан кийин 2024-жылы 4-декабрь күнү Манакил шаарынын коопсуздук кызматкерлери тарабынан камакка алынып, бир нече саат кармалып турганда сабалды жана коркутулду, андан кийин коё берилди! Эртеси 2024-жылы 5-декабрда ал коопсуздук кызматына кайрадан чакырылды. Ушул билдирүүбүз жазылганга чейин устаз Фатихтин тагдыры эмне болгонун биле албадык.
Биз, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын мүчөлөрү, мындай аракетке карата ушуларды баса белгилейбиз:
Биринчиден: кафир Батыш мусулман өлкөлөрүнө алып кирген демократия Исламга эч кандай байланышы болбогон куфр түзүмү болуп эсептелет. Бул түзүм өзүнүн жалпы жана башка түшүнүктөрү, пайда болуу булагы, келип чыгуу акыйдасы, курулган негизи, алып келген пикир жана мыйзамдары менен Ислам өкүмдөрүнө бүтүндөй тескери.
Экинчиден: устаз Фатихтин «айыбы» – Ислам даъватын жеткирүү т.а. акыйкат сөздү айтуу, маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу. Бул болсо Аллахка ыйман келтирип, Аны жалгыз деп билген амалдан кийин эң үстөм жана эң улуу амалдардан болуп эсептелет. Түпкүлүгүндө, аны камакка алып, бул жолдон тосуу эмес, ага жардам берүү керек эле!
Үчүнчүдөн: бул режим жана анын малайлары алар дагы эле секуляр жана демократ колонизатор кафир Батыш долбоорлорунун сакчылары экендиктерин, Аллахтын жолунан тоскон жана аны бузууну көздөгөн адамдар экенин далилдеп жатышат. Аллах Таала айтат:
﴿ٱلَّذِينَ يَسۡتَحِبُّونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا عَلَى ٱلۡأٓخِرَةِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبۡغُونَهَا عِوَجًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ضَلَٰلِۢ بَعِيدٖ﴾
«Алар бул дүйнө турмушун акыреттен абзел билген, (адамдарды) Аллахтын жолунан тоскон жана аны бузууну каалаган адамдар, алар (акыйкат жолдон) алыс болгон адашууда»
[14:3]
Тезинен устаз Фатихти коё берүүнү, ага зыян жеткирбей, андан кечирим суроолорун талап кылабыз, балким, устаз алардын үзүрүн кабыл алып, ага кылган зулумун кечирээр.
Төртүнчүдөн: шексиз бул демократиялык түзүм бизге кордук жана төмөн жашоону ыраа көрөт. Бүгүн өлкөбүздө согуштун чыгышына да ушул түзүм себепчи. Андыктан, кантип бул түзүмгө чакырышыбыз мүмкүн?!
Тыянак: Ислам башкаруусунун кайтышына жана өкүмдөрүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө колдонулушуна аракет кылуу баарыбызга фарз. Ушул Халифалык менен мойнубуздан жахилият өлүмүнүн күнөөсүнөн арылабыз жана Аллахтын жолунан алыс жашап жаткан бул кордук жашоого чекит коёбуз. Расулуллах ﷺ айтат:
«… وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»
«… Ким мойнунда байъат болбогон абалда дүйнөдөн өтсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр».
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб-ут-Тахрирдин Судан
вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү