Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

68
0

Басма сөз баянаты

Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы 23-24-ноябрь күндөрү башкарууга келгенине эки жыл болгонуна байланыштуу Куала-Лумпурдагы конференциялар залында «Эки жылдык жарандык программа (2ТМ) жана улуттук мамлекет кызматынын реформасы боюнча 2024-жылдын конференциясын» өткөрдү. Түрдүү мамлекет кызматтары көрсөтүлгөн иш-чарада 30дан ашык стендде кызмат жана продукциялар көрсөтүлдү. 200 миңден ашуун киши катышкан бул иш-чара «ийгиликтүү» деп айтылды. Мындан тышкары, Анвар Ибрахим шаар акимиятында жыйын өткөрүп, жарандык өкмөт доорунда жетишкен ийгиликтерин жана демилгелерин баса белгиледи жана сын-пикирлерге токтолуп өттү. Ал «CNN» телеканалындагы талкууларга себеп болгон интервьюсу, яхудий вужуду, жеке компаниялар тарабынан каржыланган анын чет элдик сапарлары жөнүндөгү сындоолорго жооп берди.

Эй, Малайзия премьер-министри!

Сиз ийгиликтериңизди канчалык эсептеп көрсөтпөңүз, эл эки жыл ичинде эмнелерди башынан өткөргөнүнөн толук кабардар. Сиз ушул кызмат үчүн ондогон жыл күрөштүңүз, элге кудум асмандагы ай жана жылдыздарды алып берүүнү убада кылдыңыз, адамдар убадаларыңызга ишенди. Бирок, эки жылдык башкарууңуздан кийин эл өкмөтүңүз кандай экендигин жана убадаларыңыз жалган экенин дагы да жакшыраак түшүнүп калды.

Ошондуктан, сиздин мөөнөтүңүздөгү чечүүчү мына ушундай учурда Аллах Таала сизге берген бул бийлиги аманат болуп, сиз бул аманатка татыктуу болушуңуз зарылдыгын эске салабыз. Аны өкүмдөрүн толук ишке ашырыңыз үчүн жана динин бүткүл дүйнөгө жайышыңыз үчүн сизди ушул деңгээлге алып келген Аллах болот. Сиздин вазыйпаларыңыздын бири – бул демократиялык колонизаторлук түзүмдү түп тамырынан жок кылып, Халифалыкты тикелөө. Бул аманат сизге жетекчи катары Аллах Субханаху ва Таала тарабынан берилген амалий жоопкерчилик болуп эсептелет. Премьер-министрлик кызматты көтөрүүгө ыраазы болуу менен сиз жер-асман жана тоолор көтөрүүдөн баш тарткан оор аманатты көтөрүүгө ыраазы болдуңуз. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّا عَرَضۡنَا ٱلۡأَمَانَةَ عَلَى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱلۡجِبَالِ فَأَبَيۡنَ أَن يَحۡمِلۡنَهَا وَأَشۡفَقۡنَ مِنۡهَا وَحَمَلَهَا ٱلۡإِنسَٰنُۖ إِنَّهُۥ كَانَ ظَلُومٗا جَهُولٗا﴾

«Албетте Биз бул аманатты асмандарга, жерге жана тоо-таштарга сунган элек, алар аны көтөрүүдөн баш тартышты жана андан коркушту. Инсан болсо аны өз мойнуна алды. Чындыгында, ал (өзүнө) зулумдук кылуучу жана наадан эле (т.а. бул аманаттын канчалык оор жүк экендигин бүткүл аалам билди жана аны көтөрүүгө чамасы жетпестигин сезди, а бирок инсан өзү билбей туруп өтө оор милдетти өз мойнуна алды)»                         [33:72]

Эй, Малайзия премьер-министри!

Өкүнүчтүүсү, Аллах Субханаху ва Таала эмне себептен сизди бул кызматка койгонуна көз жумуп жатасыз же уялбай жатасыз. Ал сизге даңңка же шерменделикке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Бул аманатты Аллахтын өкүмдөрүн ишке ашыруу аркылуу аткарсаңыз, бул дүйнө жана акырет даңкына ээ болосуз. Бирок, аманатка кыянаттык кылсаңыз эки дүйнөдө шерменделикке жана кордукка кептелесиз. Андыктан, тандоо сизде. Аллах Субханаху ва Таала бул аманатка кошо катуу эскертип да жатат. Т.а. аманатты абайлап сактабасаңыз фасыктардын же залимдердин катарына кошуласыз, кылган кыянатыңыз ыйманга байланыштуу болсо кафирлердин сабынан орун аласыз.

Эй, Малайзия премьер-министри!

Сиз Аллах Субханаху ва Таала берген мансапта кадыржам олтурасыз, сизге кеңешибиз – эки жылды аманатты аткарып өткөрдүмбү же кыянаттык кылып өткөрдүмдү деп ойлонуп көрүңүз. Мунун жообун сиз да жакшы билесиз, биз да жакшы билебиз. Сиз башкарууңузду жакшылап көрсөтүп, мактанып жатасыз. Акыйкатта болсо, мунун таптакыр мааниси жок. Сиз Аллахтын назарындагы ордуңузду жакшы кылууга канчалык аракет кылдыңыз – эң маанилүүсү мына ушул. Унутпаңыз, күч-кубатыңыз шексиз бүтөт. Мындан улам мойнуңуздагы илахий аманатты кайдыгер таштап койбошуңуз керек. Тарых Аллах Азза ва Жалла ал тургай эң күчтүүлөрдөн да бийликти бат кайтарып алганы туурасындагы мисалдарга толо. Кээ бирөөлөр Роббисине кыянаттык жүгүн мойнуна алып жолукту, кээ бирлери өз тагдырларын күтүп турушат.

Тарапкерлериңиз сизге мактоолорду жаадырып жатышат. Бул мактоолор сизди кадыржам болууга үндөбөшү керек. Себеби, бул Аллах Азза ва Жалланын алдындагы мактоо эмес. Тескрисинче  сиз эскертүүбүзгө кулак салыңыз: бүткүл нажат ушул аманатты аткарууга жана Аллахтын башкаруусун толук тикелөөгө байланыштуу. Бирок, эки жылда биз сизден жалаң гана бул жоопкерчиликке кайдыгерликти көрдүк! Кыямат күнүндө Аллах Субханаху ва Тааланын алдында хужжатыбыз болушу жана өмүрүңүз бушаймандык менен аяктабашы үчүн эскертип, эске салып жатабыз. Расулуллах ﷺ эскерткендей, аманатын аткарбаган жетекчилик уят жана шерменделликке учурабай койбойт.

Эй, Малайзия премьер-министри!

Сизден мурда да көп премьер-министрлер келишкен, көптөгөн саясий партиялар бийликке келишти, бирок, бири да Аллах Таала аларга берген аманатты аткарышпады. Түпкүлүгүндө, бүгүнкү күндө бардык исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлар илахий аманатка кыянаттык кылып жатышат, кыянаттыкка гана чектелбестен, кээ бири өз элине, айрыкча Аллахтын динин үстөм кылууга даъват кылып жаткандарга зулум кылып жатышат.

Эй, мусулмандар!

Силер өкүмдарларыңарды жакшы тааныйсыңар. Алар аманатты аткарып жатабы же аткарбай жатышабы, жакшы билесиңер. Анлыктан, силер саткын өкүмдарларды колдоп жаткандардан болбогула. Тескерисинче, ушул аманатты өзүнүн шаръий ээсине (халифага) кайтаруу үчүн күрөшүп жаткандар менен бирге болгула. Аманаттын шаръий ээси – Аллахтын өкүмдөрүн толук колдонгон, Умматты бир көлөкө астында бириктирген, Ислам душмандарын жеңилип, басып алынган мусулман өлкөлөрүн азат кылып, жаңы жерлерди фатх кылган жана жер жүзүн Аллахтын нуруна бөлөгөн халифа. Ооба, бул максаттар Халифалык көлөкөсүндө ишке ашкан жана жакында Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык кайра тикелениши менен – Аллахтын уруксаты менен – дагы ишке ашат.

 

Абдулхаким Усман

Хизб-ут-Тахрирдин

Малайзиядагы расмий сүйлөөчүсү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here