Басма сөз баянаты
Дания Жакынкы Чыгыштагы авторитардык режимдерди дагы да күчтүү колдоодо
Мисир тогуту Абдулфаттах Сисий 2024-жылы 7-декабрда расмий сапар менен Данияга келди.
Белгилүү болгондой, бийликти төңкөрүш аркылуу алган жана катардагы демонстранттарды кыргын кылып өкүмдарлыгын сактап калган Сисий дагы эле өзүнүн саясий атаандаштарын камакка алуудан жана кыйноого салуудан уялбай келет.
Мисир режими – диктатордук режим. Ал өз калкын темир жана камчы менен коркутууда. Ал яхудий вужудунун Газада геноцид жасашына тил бириктирип, яхудийлер Газа калкын массалык кыргын кылып жатканда Мисир режими Газа калкын курчоого алып, ачка калтырууда.
Ага карабастан, Дания королу менен премьер-министр бул кылмышкерди кучак жайып, кол чабуулар менен күтүп алышты. Кезинде премьер-министр Метте Фредериксен Сисий менен түзгөн мамилелерин «ишенимге негизделген шериктештик» деп баалаган.
Ошол эле маалда, бул премьер-министр Даниядагы мусулмандардын баскынчылык геноцидди коргогон баалуулуктарга кабыл алуусун же авторитардык залимдердин башкаруусу астындагы өлкөлөрүнө кайтып кетүүсүн талап кылууда. «Жашылдаштыруу» жана «миграция жүгүн жеңилдетүү» сыяктуу маскаларга жашынган экономикалык кызыкчылыктарга назар салсак, чамасы, авторитардыктын баасы жогору болбой калган көрүнөт.
Дания расмийлери жийиркеничтүү маскарапоздугун жана эки жүздүүлүгүн дагы ашкере кылышууда. Даниянын диктаторго ашкере сый көрсөтүшү биринчи ирет болуп жаткан жок. Мисалы, Королдуктун үй-бүлөсү Мисирдин мурунку диктатору Хусни Мубаракты урматтап, Даниянын жогорку сыйлыгы болгон «Пил ордени» менен сыйлаган. Бүткүл Жакынкы Чыгышта нааразылык демонстрациялары жалындап жатканда Бахрейн королу да «Данеброг орденинин Улуу крести» менен сыйланган. 2022-жылы Метте Фредериксен Индиянын массалык түрдө элди кыргын кылмышкери Нарендра Модини жылуу тосуп алды.
Данияда жашаган мусулмандар жана адилетке умтулган ар кандай адам Даниядагы расмийлерди канкор тогуттарды колдоо саясатын алып барууга үндөгөн баалуулуктардан жийиркениши гана мүмкүн. Андыктан, буга каршы саясий күрөш алып баруу жана нааразылык демонстрациялар аркылуу күрөшүү зарыл.
Иляс Мурабит
Хизб-ут-Тахрирдин Даниядагы
маалымат бөлүмүнүн өкүлү