Таиланд армиясы жана полициясы Такбай шаарында жасаган кыргында өз жакындарын жоготкон муслималар үчүн Халифалык гана өч ала алат

71
0

Басма сөз баянаты

Таиланд армиясы жана полициясы Такбай шаарында жасаган кыргында өз жакындарын жоготкон муслималар үчүн Халифалык гана өч ала алат

Таиланддын кылмышкер полициясы менен армиясы Патани мусулмандарын үрөй учурган кыргын кылганына жыйырма жыл болду. Ушул Такбай кыргыны 2004-жылы 25-октябрда мубарек Рамазан айында болгон. Ошондо көптөгөн күнөөсүз кишилердин адилетсиз камакка алынышы артынан Таиланддын түштүгүндөгү Такбай шаарынын полициясынын имараты алдында нааразылык демонстрациясына чыккан миңдеген мусулман эркектер, аялдар жана балдар көп сандагы Таиланд армиясы менен жергиликтүү полиция тарабынан бастырылган. Бастыруу учурунда полиция катардагы демонстранттарга ок атып, жети демонстрантты атып өлтүргөн. Полициянын бул кылмышы аздык кылгандай, абалга армия аралашкан. Армия 1300дөн ашуун эркек демонстрантты аялдардан жана жаш балдардан бөлүп, колдорун артына байлап, уруп-тээп аскерий машиналарга салган. Бир жүк машинесине орозо каармаган адамдардын 50сүн беш кабат кылып салышкан. Акыбетте 78 киши буулуп же эзилип каза болгон. 26 аскерий машинада өмүрүн сактап калууну жалынып сураган мусулмандар 150 километр аралыктагы армия лагерине алып барылган…

Ушул жыйырма жыл ичинде Таиланддагы муслималар улам-улам алмашкан өкмөттөрдөн өз үй-бүлөлөрүнүн эркек мүчөлөрүн ырайымсыз өлтүрүлүшкөнү үчүн адилеттикти жана айыптуу офицелерди жоопко тартууну талап кылып келишти. Бирок, адилеттикти жүзөгө чыгаруу үчүн көптөгөн кампаниялар өткөрүлгөнүнө карабастан, муслималар премьер-министр Пхетхонгтхан Чинават кечирим сурагандан бир күн өтүп ушул сот иши бүтүндөй жабылышына гана жетишишти. Негизи, бул премьер-министр ошол 2004-жылы бийликте премьер-министр болуп турган жана ошол кыргын операция кылмышына жоопту Таксин Чинаваттын кызы болот.

Жыйырма жылда Таиланддын түштүгүндөгү муслималар жана алардын перзенттери Такбай кыргынынын мусибаттары, азап-кыйынчылыктары, кордук жана адилетсиздиги астында жашап гана келишпестен, өзгөчө абал жөнүндөгү буйрук астында жашоого да мажбур болушту. Бул буйрук «ыйгарым укуктуу чиновниктерге» аскерий абалды киргизүү жана ички коопсуздук мыйзамын колдонуу укугун берет. Бул мыйзам ал тургай кылмышка шектүү болбогон эркектерди, аялдарды жана балдарды басмырлоо, камакка алуу, жада калса өлтүрүү сыяктуу жырткыч иштерге жол ачат.

Таиланд өкмөтүнүн адилетсиздик жана мажбурлоо саясаты себептүү Таиланддын түштүгүндөгү мусулмандардын жүрөгүндө жана аң-сезиминде жалындап жаткан ачууну Таиландда дискриминация жана зулум кылып жаткан мамлекеттен көз карандысыз Патани-Малай мусулмандары үчүн эгемен улуттук мамлекет куруу менен басып болбойт. Бул улуттук мамлекеттин чегараларын колонизатор Британия сызганын билишибиз керек. Бул мамлекет Британиянын «бөлүп жарып, өкүмдар бол» саясатынын натыйжасында пайда болгон. Таиланддын түштүгүндөгү мусулмандар амал кылып жаткан исламий акыйда жана сакафий аракеттер чегара артындагы малайзиялык жана индонезиялык мусулман боордоштору амал кылып жаткан исламий акыйдадан айырмаланбайт. Батыштан алынган улуттук умтулууларга жана улутчулдукка келсек, бул жөнүндө Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ айтат:

«دَعُوهَا فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ»

«Аны таштагыла, себеби ал сасык».

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ دَعَا إِلَى عَصَبِيَّةٍ، وَلَيْسَ مِنَّا مَنْ قَاتَلَ عَلَى عَصَبِيَّةٍ، وَلَيْسَ مِنَّا مَنْ مَاتَ عَلَى عَصَبِيَّةٍ»

«Текчилдикке чакыран адам бизден эмес, текчилдик үчүн согушкан адам бизден эмес, текчилдик үчүн өлгөн адам бизден эмес».

Таиланддын түштүгүндөгү мусуламндарды эле эмес, Филиппин, Малайзия, Индонезия сыяктуу Түштүк-Чыгыш Азияда жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды Ислам адилети менен камсыздаган жалгыз саясий, рухий долбоор – бул рошид Халифалык мамлекети. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги ушул Халифалык Ислам адилетинин сакчысы, Умматтын колдоочусу жана калканы. Ал мусуландарды бөлүп салган жасалма улуттук чегараларды кулатып, бардык мусулман өлкөлөрүбүздү бир өкүмдардын көлөкөсүндө бир байрак астында бириктирет, мусулмандардын ыйык жайларын коргоп, аларды – теги, түсү, өлкөсүнө карабастан – башбаанек жана бардык зарылдыктар менен камсыздайт, себеби, бул Аллах Субханаху ва Тааланы буйругу болуп эсептелет. Набий ﷺ айтат:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам-халифа – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here