Яхудий вужуду Фалестинде түптөлүү жана өзүн коргоо укугуна ээби?! Эй, премьер-министр, сизге бирден-бир насаатыбыз – тообо кылыңыз!

67
0

Басма сөз баянаты

Яхудий вужуду Фалестинде түптөлүү жана өзүн коргоо укугуна ээби?!

Эй, премьер-министр, сизге бирден-бир насаатыбыз – тообо кылыңыз!

Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы 14-ноябрда «CNN» телеканалына берген интервьюсунда Фалестин маселесинде Батышты яхудий вужудун колдоп жатканы үчүн сындады. Премьер-министри оболу мына ушундай этияттык менен жооп берип жатып, «CNN» кабарчысы Ричард Квест эки негизги суроо бергенде өз позициясын ачык билдирип, жүрөгүндө жашырынган нерсени ашкереледи. Журналисттин «Бирок, сиз (израилдин) ал жерде түптөлүү укугун кабыл алышыңыз мүмкүн го, туурабы?» деген суроосуна ал «Ооба» деп жооп берди. Журналисттин кийинки «(израилдин) өзүн-өзү коргоо укугу барбы?» деген суроосуна да премьер-министри «Ооба» деп жооп берди. Анын бул билдирүүлөрү коомчулуктун талкуусуна жана сынына себеп болду. Көпчүлүк адамдар бул көз караштар Малайзиянын Фалестин боюнча адаттагы саясатына ылайык келеби деген суроону ортого салышты.

Ушундай кескин каршы реакциядан кийин Анвар өз жоопторуна түшүндүрмө берүүгө урунду. Т.а. ал «APEC» саммитинен кийин басма сөз конференциясында: «Ушуну түшүнүү керек, биз (израилди) дипломатиялык мамилелер жаатынан моюнга албайбыз жана Малайзияда соода же расмий иш алып барышына уруксат бербейбиз», – деди. Ал: «Эл аралык системанын алкагында айрымдар аны иш жүзүндө (де-факто), башкалары болсо укуктук (де-юре) жактан мамлекет катары тааныйт. Ал БУУнун мүчөсү болгону үчүн ага мамлекет катары мамиле кылынат. Бирок, биз аны расмий таанууну четке кагып келе жатабыз», – деп кошумчалады. Премьер-министри аны сындагандарды маселеден жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, адамдарды алдап жатышат деп айыптады.

Эй, өкмөт башчысы!

Сиз «CNN»ге түшүнбөстүккө орун калтырбастан ачык-айкын билдирүү бердиңиз. Сиздин кийинки түшүндүрмөңүз түпкү позицияңызды дагы да бекемдеди. Жообуңузду дагы да ачыктоо аракетиңиз сиздин чыныгы жүзүңүздү көрсөттү. Сиз «дипломатиялык моюнга алуу» же «расмий моюнга алуу» деген сөздөрдү айтканыңыз мусулман жериндеги баскынчы яхудий вужудун моюнга алганыңызды билдирет. Эгер сиз шарият мыйзамдарына бекем болуп, бир аз кайраттуу болгонуңузда Фалестин бүткүл Ислам Умматына таандык экенин ачык-айкын айтмаксыз. Бул сионисттерди колонизаторлор, баскынчылар жана кол салуучулар деп атап, тез арада Фалестинден чыгып кетиши шарт деп баса белгилешиңиз керек эле. Чечим катары жихадга чакыруу колуңуздан келбесе да, бирок биз айткандай жооп бергениңизде Ислам өкүмдөрүнө көбүрөөк ылайык келмек.

Эй, өкмөт башчысы!

Сиз Фалестиндеги яхудий вужудун моюнга алып жатканыңыз биз үчүн таң калычтуу эмес. Себеби, түпкүлүгүндө баарыңар Американын “эки мамлекет” чечимин колдоп жатасыңар. Акыйкатта болсо, бул яхудий вужудунун Фалестин жеринде түптөлүшүн моюнга алган чечим болуп эсептелет. Ал тургай, сизден мурунку Малайзия жетекчилеринин позициясы да ушундай болгон. Шексиз, бул Фаластинге ачыктан ачык кыянаттык кылуу позициясы болуп саналат. Бул позиция баскынчы яхудий вужудуна исламий жерде мамлекет катары түптөлүү укугун берет.

Дагы бир нерсени баса белгилеп айтабыз, сиз «CNN» кабарчысынын суроосуна жооп берип коюп, кийин аны оңдоого урунуп жатасыз. Сиз сөзүңүздү өзгөртүп, кайра адамдардын көңүлүн аламын деп ойлоп жаткан көрүнөсүз. Бирок, сиз «яхудий вужуду өзүн коргоо укугуна ээ» деп эмнени назарга алганыңызды ачыктабадыңыз. Муну эч нерсе менен түшүндүрө албашыңызга толук ишенебиз. Себеби, канчалык түшүндүрүүгө урунбаңыз, албетте өзүңүзгө тескери натыйжа берет. Малайзия жетекчиси катары бизге айтыңызчы, колонизаторлор колониядагылардын чабуулдарынан өздөрүн коргоого акылуубу, акыры, колония кылынган өлкөлөр өз жерин колонизаторлордон азат кылуу үчүн согушуп жатышат го?! Эгер сиз өз позицияңызда турсаңыз, анда голландиялыктар, британиялыктар жана япониялыктар Малайзия жерлерин колония кылышканын да, аларда аларды кууп чыгаруу үчүн согушкан малайзиялыктардан өздөрүн коргоо укугу бар экенин да моюнга алышыңызга туура келет! Бул позицияңар голландиялыктар, британиялыктар жана япониялыктардын жергиликтүү калктын каршылыгынан «өзүн-өзү коргоо» деген шылтоо астында жасаган бардык кыргындарын жана жырткычтыктарын кабыл алууңузду түшүндүрөт!

Сиз душмандын тузагына түшкөн көрүнөсүз! Ушул убакка чейин жасаган кылмыштарыңызды эсепке алсак, алардын тузагына түшкөнүңөргө таң калбайбыз. «(Израиль) өзүн короого акылуу» деген сөз яхудийлердин урааны жана үгүтү экенин, яхудийлердин мусулмандарды кыргын кылуусунда жана Газаны ойрон кылуусунда айыпкер эмесин көрсөтүү үчүн Америка жана анын союздаштары бул сөздү колдонуп жатышканын бүткүл дүйнө абдан жакшы билет! Ушул позицияңызга таянып, сизден сурайбыз, элестетсек, яхудий вужуду келип, Малайзияны басып алса жана анын аскерлери малайзиялыктарды каалагандай кыргын кылса, ойрон кылбаган үй-жай, оорукана, мектеп жана мечит калбаса, ошондо да сиз бул вужудду Малайзияда түптөлүүгө акысы бар дейсизби?! “Эки мамлекет” чечими деп ага Малайзиянын чоң бөлүгүн бересизби?! Малайзия калкы яхудийлерди өлкөдөн кууп чыгаруу үчүн аракет кылып, яхудийлер аёосуз кыргын менен жооп беришти деп элестетсек, ошондо да сиз яхудийлер өздөрүн коргоого акылуу деп айта аласызбы?! Ла хавла ва ла куввата илла биллах!

Эй, Малайзия премьер-министри!

Сиздин позицияңыз султан Абдулхамид II рохимахуллахтын эрдигине жана бекемдигине бүтүндөй тескери. Ал кезде сионизмдин негиздөөчүсү Теодор Герцль Халифалык мамлекетинин карызын төлөөнүн акысына Фалестинде жер бөлүп берүүнү сураган. Ошондо султан Абдулхамид муну четке кагып, яхудийлерге бир ууч жер тиякта турсун, Фалестиндеги бир үй да бербестигин айтып, мындай деген: «Мен Фалестиндин бир ууч жеринен да баш тарта албаймын. Анткени ал менин жеке мүлкүм эмес. Тескерисинче, ал Ислам Умматынын мүлкү. Элим бул жер үчүн жихад кылып, каны менен суугарган… Яхудийлер миллиондорун өздөрүнө калтырышсын. Бир күн келип, Халифалык мамлекети ыдыраса, Фалестинди бекерге алышы мүмкүн. Бирок мен тирүү турганымда эч качан андай болбойт…».

Эй, Малайзия премьер-министри!

Ушуну баса белгилейбиз, расмий же расмий эмес болушуна карабастан, Ислам шариятына ылайык яхудий вужуду таптакыр мыйзамдуу эмес. Анткени ал басып алынган мусулман жеринде түптөлгөн. Америка иштеп чыккан жана сиз колдоп жаткан “эки мамлекет” чечими харам болуп эсептелет. Анткени бул чечим яхудий вужудун мусулмандар фатх кылган жерде мыйзамдуу мамлекет деп тааныйт. Мубарек Фалестин жери Ислам Умматынын мүлкү эсептелип, душман үчүн анын бир бөлүгүнөн да баш тартууга болбойт. Яхудийлер Умматка каршы согушуп жаткан (согуш абалындагы) кафирлер. Ислам өкүмдөрүндө алардын кол салуусуна карата жалгыз шаръий жооп согуш экени баса белгиленген. Сиздин шаръий өкүмдөргө тескери келген жана шерменде бул жоопторуңуз алдында сизге «тообо кылып, Фалестин маселесинде туура аракет кылыңыз» дегенден башка насихатыбыз жок. Премьер-министр катары сиздин жана башка мусулман жетекчилеринин жоопкерчилигиндеги милдетиңер – бул кылмышкер вужудду таануу, аны коргоо укугун кабыл алуу же анын коргоочусу болуу эмес, тескерисинче аны жок кылуу үчүн кошуунуңарды сапарбар кылуу.

 Абдулхаким Усман

Хизб ут-Тахрирдин

Малайзиядагы расмий сүйлөөчүсү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here