Басма сөз баянаты
Рохинжа мусулмандары Халифалык жок күндө мусибат артынан мусибатка дуушар болушууда
2024-жылы 10-ноябрда Индонезиянын Ачех вилаятынын административдик борбору болгон Банда-Ачех кабыл албай койгон 152 чакты рохинжа качкындары Түштүк Ачехке кайтууга мажбур болушту. Жергиликтүү бийлик эки апта мурун бул качкындарды Мьянма аймагынан Түштүк Ачехке жайгаштырган. Алар жүк ташуучу машиналарда дагы жүздөгөн километр жол басып өтүштү. Учурда алар Түштүк Ачехтеги «GOR Tapaktuan» спорт борборуна жайгаштырылган. Башка тараптан, 2024-жылы 12-ноябрда «Radio Free Asia» радиосу Мьянмадагы зомбулуктардан жана куугунтуктоолордон качкан рохинжа качкындары аскерий хунта жана Аракан армиясы тарабынан уурдалганы жана Мьянмадагы жарандык согушка катышууга мажбур кылынганы жөнүндө кабар берди. Рохинжалардын айтымында, алар эч кандай аскерий машыгуулардан өткөрүлбөстөн тирүү калкан катары фронтко жөнөтүлгөн жана аларга бузулган куралдар берилген. Аскерий хунта интернетте алардын курал көтөрүп жүргөн сүрөттөрүн тараткан. Бирок, түпкүлүгүндө аларга ок-дарылар берилбеген, тескерисинче, фронттун алдыңкы катарына коюлган. Маалыматтарга ылайык, өз лагеринен 80 качкын уурдалып, мажбурий Мьянма чегарасынан алынып өтүлгөн.
Бул өнөкөт проблема эртеби-кечпи кризиске айланып, дагы көп кырсыктарга алып келиши мүмкүн. Рохинжа мусулмандары менен дал ушундай болду. Бангладештин Мьянмага мажбурий кайтаруу саясаты себептүү жарандыгы жок рохинжалардын мусийбаты түгөнбөй жатат. Жада калса алар Малайзия жана Индонезиянын Ачех жээгинде калып кетишкенде да бир нече ирет мамлекетке кабыл алынышпаган.
«Жаандан качып, мөндүргө кабылган» деген макал рохинжа мусулмандары башынан өткөргөн азаптардын кыйынчылыгын билдирүү үчүн жетишсиз. Ондогон Азия саммиттери, БУУнун көптөгөн резолюциялары бул проблеманы чече албады. Себеби, проблема Мьянманын кылмышкер режими, Бангладеш мамлекетинин начардыгы, Малайзия жана Индонезиядагы улутчул режимдер о.э. качкындар лагерлери жана Андаман деңизиндеги кылмыштуу топтордун блокадасы сыяктуу татаал маселелер менен курчалган. Бангладештик академик Кришна Кумар Саха «ReliefWeb» сайтында чыкканда макаласында рохинжаларды мекенине кайтаруу маселеси Мьянманын кызматташпастыгы жана куралдуу рохинжа топторунун каршылыгы сыяктуу себептерге ылайык ийгиликсиз болушунун ыктымалы жогору экендигин баса белгиледи.
Рохинжалар башынан өткөрүп жаткан каргаша Азия жана дүйнөнү башкарып жаткан дүйнөлүк тартиптин кыйраганын көрсөтөт. Биз ушул тартипке альтернатива болгон дүйнөлүк түзүмгө муктажбыз. Ал рохинжа эле эмес, Газа, Чыгыш Түркстан жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар туш болгон азап-кыйычылыктарга чекит коёт. Шексиз, рохинжалардын проблемасын аларды толук колдоп-кубаттаганда гана чечүү мүмкүн! Бул колдоо мусулмандардын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болгон калканы жана чыныгы жетекчилиги аркылуу гана ишке ашат! Халифалык дүйнөлүк жаңы тартипти орнотот жана колонизатор кафир мамлекеттер менен дипломатиялык байланыштарды үзүп, регионалдык туруктуулукту камсыздайт о.э. Араканды азат кылып, Бангладеш, Индонезия жана Малайзиядагы арамза режимдерге чекит коёт.
Халифалык саясий, экономикалык жана аскерий жактан бүткүл аракетти мусулмандарды зулумдан коргоого, кан жана намыстарын сактоого жумшайт, мында аралыктын алыстыгына да, акыбети кымбатка түшүшүнө да карабайт. Себеби, Ислам муну фарз кылган. Бул жөнүндө Расулуллах ﷺ айтат:
«فَإِنَّ دِمَاءَكُمْ وَأَمْوَالَكُمْ وَأَعْرَاضَكُمْ بَيْنَكُمْ حَرَامٌ عَلَيْكُمْ كَحُرْمَةِ يَوْمِكُمْ هَذَا، فِيْ شَهْرِكُمْ هَذَا، فِيْ بَلَدِكُمْ هَذَا»
«Шексиз, силердин каныңар, мал-мүлкүңөр жана намыстарыңар силерге ушул (мубарек) күнүңөр, айыңар жана шаарыңар(да согуш) харам кылынгандай харам».
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат
бөлүмүнүн аялдар жааты