Газа – АКШ борбордук командачылыгынын малайларынын эмес, Умматтын жана анын армияларынын маселеси

61
0

Басма сөз баянаты

Газа – АКШ борбордук командачылыгынын малайларынын эмес, Умматтын жана анын армияларынын маселеси

2024-жылы 15-ноябрда армиянын башкы штаб башчысы генерал Асим Мунир Газа кыргыны жөнүндө сөз кылып, Пакистан эч кандай «эл аралык жаңжалдын» бир бөлүгү болбостугун кескин баса белгиледи. Шек-күмөнсүз, Газа АКШ борбордук командачылыгынын малайларынын маселеси эмес, ал Умматтын жана анын армияларынын маселеси. Башкы штабдын жетекчиси 2023-жылы декабрда АКШга жасаган сапарында Газа тууралуу буйруктарды алып келген. Генерал Асим Мунир Америкадан алган көрсөтмөлөрүнө амал кылып, Умматтын жана куралдуу күчтөрдүн басымына карабастан, Пакистан куралдуу күчтөрү Газаны колдоо үчүн аракетке келишине тоскоолдук кылып келүүдө. Расулуллах ﷺ айтат:

«إنَّما الإمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِن ورَائِهِ ويُتَّقَى به»

«Албетте, имам-халифа – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен корголот».

Эй, Пакистан мусулмандары жана куралдуу күчтөрү!

Аскерий командачылык эл аралык жаңжалдарга таптакыр катышпастыгын жарыялады. Анда ал мубарек Фалестин жеринин чоң бөлүгүн яхудий вужудуна тапшырган Американын “эки мамлекет” чечимин кайсы негизге ылайык коргоп жатат?! О.э. яхудий вужудунун камсыздоосун ямандык мужахиддердин чабуулунан коргоо үчүн Пакистандын деңиз күчтөрүн кайсы негизге ылайык сапарбар кылды?!

Эгер аскерий командачылык эл аралык жаңжалдардан алыс болорун айтса, анда эмнеге Пакистанда Газаны колдоо үчүн байрактарды көтөрүп чыгууга тыюу салууда? Газадагы мазлумдар үчүн демонстрацияларды өткөргөн мусулмандар эмнеге камалууда?! Адамдар Газаны колдоо үчүн орноткон чатырлар эмнеге ырайымсыздык менен буздурулуп, аларга сот иши козголууда?! Шек-күмөнсүз, Пакистан аскерий командачылыгы бул эл аралык жаңжалдарга катышып келүүдө. Ал яхудийлер, америкалыктар жана кресттүүлөр тарапта турат! Ички жактан болсо, командачылык мусулмандардан жана куралдуу күчтөрдөн коркууда, арийне өкүмдарларды шаръий түрдө тергеп-тескөөгө тоскоолдук кылууда.

Эй, Пакистандын куралдуу күчтөрү!

Аскерий командачылыгыңар мусулмандарды, Акса мечитин жана Фалестиндеги мубарек жерди коргоодон баш тартты. Силер аракетке келүү үчүн аскерий командачылыктан буйрук күтүп жатканыңарды айтканыңар туура болбойт. Анткени ал эч качан андай буйрук бербейт. Андыктан, мазлумдарга нусрат берген шаръий милдетиңерди аткаруу үчүн силерге тоскоолдук кылып жаткан ушул аскерий командачылыкты кулатуудан башка дагы кандай жол болушу мүмкүн?! Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا لَكُمۡ لَا تُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلۡمُسۡتَضۡعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلۡوِلۡدَٰنِ ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا مِنۡ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلظَّالِمِ أَهۡلُهَا وَٱجۡعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا وَٱجۡعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيرًا﴾

«Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана «Роббибиз, бизди ээлери залим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир нусрат-жардамчы кылгын», деп жаткан эркектер, аялдар жана балдардан турган алсыздар жолунда согушпай жатасыңар?!»     [4:75]

Хизб ут-Тахрир Газада согуш башталган күндөн бери силерге кайрылып келүүдө. Күн өткөн сайын силерге аскерий жетекчилигиңер Америкага малай экендиги ачыкталып барууда. Ошондуктан, келгиле, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат-жардам бергиле! Шек-күмөнсүз,  Халифалык – Умматтын бул абалды бүтүндөй өзгөртө турган бирден-бир саясий долбоору. Ал оболу силерге нусрат-жардам берип, андан кийин кайра даъват жана жихадды баштайт. Ошондо рошид халифа Аллах жолунда жихад кылууда силерге командачылык кылып, Американын дүйнөдөгү өкүмдарлыгын жана таасирин жок кылат.

 Хизб ут-Тахрирдин Пакистандагы

маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here