Басма сөз баянаты
Дин жана Вакф иштери министри Хизб ут-Тахрирдин коногунда
Хижрий 1446-жылы 21-жумадулаввал, миладий 2024-жылы 23-ноябрь күнү Судан Дин жана Вакф иштеринин министри доктор Умарбахит Мухаммад Адам Хизб ут-Тахрирдин Порт-Судандагы идарасына барды. Конокту Хизб ут-Тахрир – Судан вилаятынын делегациясы күтүп алды. Хизб ут-Тахрирдин борбордук алакалар комитетинин төрагасы устаз Насир Риза (Абу Риза) жетектеген бул делегацияга анын жардамчысы устаз Мухаммад Жамиъ (Абу Айман) жана Хизбдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү Ибрахим Усман (Абу Халил) кирди.
Устаз Насир сөзүнүн башында министрдин зыяратын алкыштап, аны делегация менен тааныштырган соң, Хизб ут-Тахрир жөнүндө айтып, ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан саясий Хизб экенин маалымдады. О.э. Халифалык фарз экенин, Хизб Халифалык мамлекетин тикелөөдө Набий ﷺдын тарикатына амал кылып, Исламга негизделген уюм түзгөндүгүн, кийин пикирий жана саясий күрөш аркылуу коомго таасир кылып, андан соң күч-кубат ээлеринен нусрат талап кыларын баса белгиледи.
Устаз Насир Риза Америка жетектеген Батыш мечиттерди жана диний мекемелерди өзүнүн каалоосуна ылайык аракет кылдырууну пландап жатканы, кафир диний хитабды өзгөртүүнү көздөп жатканы жөнүндө сүйлөдү.
Андан кийин доктор Умарбахит Мухаммад сөз кылып, Хизб ут-Тахрирдин ролуна жогору баа берди, бирок учурда Судан армиясы тарабында туруу зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми устаз Насир Риза бул согуштун шаръий жана саясий тараптарын ачыктап берди.
Жолугушуунун акырында чогулгандар ушундай жолугушууларды улантуу керектигине өзгөчө басып жасашты.
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб ут-Тахрирдин Судан
вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү